Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-Россия Славян университетинде Аскердик кафедранын иштөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу долбоору (КР Өкмөтүнүн буйругу менен жактырылган)
КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-июлундагы №410-б буйругу менен жактырылган
Долбоор
Кыргыз-Россия Славян университетинде Аскердик кафедранын
иштөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосунда салт болуп калган ма-
даний-билим берүү, экономикалык жана аскердик байланыштарды, аны бардык
чаралар менен өнүктүрүүгө жана чыњдоого болгон өз ара кызыгууну эске
алып,
Ташкент шаарында 1992-жылдын 15-майындагы Билим берүү жагындагы
кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну жетекчиликке алып, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасы менен Россия Федерациясынын 1992-жылдын 10-июнундагы
Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишиминин жо-
болорун жүзөгө ашыруу максатында,
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 23-февралындагы токто-
мунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 28-сентяб-
рындагы "Кыргыз-Россия Славян университетин уюштуруу жөнүндө" Указынын
жоболорун өнүктүрүп,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин
Шериктештикке кирбеген мамлекеттер менен чек арасын ишенимдүү кайтаруу-
ну камсыз кылуу максатында натыйжалуу кызматташууга эки тараптын кызык-
кандыгына негизденип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын чек ара кызмат-
тары үчүн запастагы офицерлерди даярдоо максатында Кыргыз-Россия Славян
университетинде (мындан ары - КРСУ) Аскердик кафедра түзүлсүн.
2-статья.
Бул Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы - мамлекеттик чек араны
кайтаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын
камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы мамлекеттик
башкаруунун аткаруу органы.
"Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Рес-
публикасындагы оперативдүү тобу" (мындан ары - РФнын ФЧКнын КРдагы ОТ)
- Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Республи-
касынын аймагындагы структуралык бөлүмчөсү.
"КРСУнун аскердик кафедрасы" - КРСУнун мамлекеттер аралык структу-
ралык бөлүмчөсү.
"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары" -
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматында кызмат өтөгөн аскер кызматчы-
лары.
"КРСУнун аскердик кафедрасынын жарандык персоналы" - КРСУнун ас-
кердик кафедрасына ыктыярдуу ишке кирген Кыргыз Республикасы менен Рос-
сия Федерациясынын жарандары.
"КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларынын үй-бүлө
мүчөлөрү" - КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларынын үй-бүлө
мүчөлөрүнө таандык жактар.
"Аскердик кафедранын кыймылсыз мүлкү" - аскердик кафедра ээлеген,
анын ичинде ага менчик укугунда таандык жер участкалары, аскердик шаар-
чалар, турак жай фонду, башка имарат жана курулмалар.
"Аскердик кафедранын кыймылдуу мүлкү" - курал-жарак, ок-дары, ас-
кердик техника, анын ичинде транспорт каражаттары, ошондой эле аскердик
кафедрага менчик укугунда таандык башка ар кандай материалдык каражат-
тар.
3-статья.
Тараптар өз ара таламдарды эске алуу менен улуттук мыйзамдарына
негизденип жана келишимдик негизде билим берүү жагындагы маселелер жана
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Чек ара кызматтары үчүн
запастагы офицерлерди даярдоо боюнча кызматташат.
Аскердик кафедранын билим берүү программасынын мазмуну Кыргыз Рес-
публикасы менен Россия Федерациясынын колдонуудагы мамлекеттик билим
берүү стандарттарына негизденип, келишим түзгөн Тараптардын тийиштүү
таламдарын эске алуу менен аныкталат.
Тараптар аскердик кафедранын материалдык-техникалык, окуу-методи-
калык базасын түзүүгө катышат.
РФнын ФЧКнын КРдагы оперативдүү тобу КРСУнун аскердик кафедрасына
билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдо бар материалдык-техникалык
жана окуу-методикалык базасын берет.
4-статья.
Ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар ыйгарым
укуктуу органдарын дайындайт.
Кыргыз Республикасы тараптан ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз
Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Билим жана
маданият министрлиги саналат.
Россия Федерациясы тараптан ыйгарым укуктуу орган болуп Россия Фе-
дерациясынын Федералдык чек ара кызматы жана Россия Федерациясынын би-
лим берүү министрлиги саналат.
5-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы кызматташтык
төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
- КРСУнун аскердик кафедрасынын торолушуна жана иштешине
көмөктөшүү;
- запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу планын жана билим
берүү программасын биргелешип иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- КРСУнун студенттерине окутууну жана аскердик жыйындардан өтүшүн
уюштурууга жардам көрсөтүү;
- студенттерди окутууну уюштурууда тажрыйба алмашуу;
- КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларын жана жарандык
персоналынын эс алуусун жана санаториялык-курорттук дарылануусун уюшту-
руу.
6-статья.
Аскердик кафедра өз ишин КРСУнун аскердик кафедрасы жөнүндөгү жо-
бого ылайык жүргүзөт.
Аскердик кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жарандык пер-
соналдан тышкары Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын
Кыргыз Республикасындагы оперативдүү тобунун командачылыгы менен макул-
дашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетекчилиги та-
рабынан дайындалат.
Жарандык персонал КРСУнун жетекчилиги тарабынан дайындалат.
КРСУнун аскердик кафедрасынын профессордук окутуучулар курамынын
эмгек акысын каржылоо Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги та-
рабынан, ал эми коммуналдык жана чарбалык чыгымдар Кыргыз Республикасы-
нын Билим жана маданият министрлиги тарабынан Кыргыз-Россия Славян уни-
верситетинин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7-статья.
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Чек ара кызматтары
КРСУнун аскердик кафедрасын кадрдык курам менен камсыз кылат жана аскер
кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасы менен
Россия Федерациясынын аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөшү
жөнүндөгү жобого ылайык камсыз кылууну гарантиялайт.
КРСУ КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчылары менен жаран-
дык персоналынын зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүүгө ка-
тышат.
8-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары өз ыйгарым укуктарынын че-
гинде өз ара кызыкчылык туудурган маалыматтарды өз убагында алмашууну
камсыз кылат.
Аталган маалыматты алмашуу акысыз жүргүзүлөт.
Маалымат алмашуу үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын
өкүлдөрүнүн жолугушуулары, ишкердик кат алышуу, маалыматтарды берүүнүн
техникалык каражаттары пайдаланылат.
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруунун чегинде алынган ар кандай маа-
лымат ал маалымат алынган Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын жазуу
жүзүндөгү макулдугу болмоюнча үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн эмес.
9-статья.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Россия Федерациясынын
Федералдык чек ара кызматы аскердик кафедрада КРСУнун студенттерин оку-
туу маселесин чечүүдө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын
Тараптарынын ыйгарым укуктуу органдары пайдаланган почта жана электр
байланышынын атайын түрлөрүн Кыргыз Республикасы менен Россия Федераци-
ясынын чектеринде акысыз пайдалануу укугун берет.
10-статья.
Кыргыз жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу органдары КРСУнун ас-
кердик кафедрасында Кыргыз жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу орган-
дары үчүн запастагы офицер кадрлардын макулдашылган санын даярдоону
акысыз жүргүзөт.
11-статья.
Аскердик ант берүү, аскердик наамдарды берүү жана тийиштүү доку-
менттерди берүү жол-жобосу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерация-
сынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлер курамынын аскердик кызмат өтөшү
жөнүндөгү жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
12-статья.
Тараптар өзүнчө макулдашуунун негизинде бири-бирине материал-
дык-техникалык жактан камсыз кылууда, мамлекеттик чек араны кайтаруунун
техникалык каражаттарын иштеп чыгууга, даярдоого, ишке киргизүүгө жана
оњдоого заказдарды жайгаштырууда жардам көрсөтүшөт.
13-статья.
Аскердик кафедранын аскер кызматчылары окуу процессин уюштурууга,
ошондой эле окуу жыйындарын жана стажировкаларды уюштурууга жана ишке
ашырууга катышат.
Аскердик кафедранын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Чек
ара кызматынын ыйгарым укуктуу органдарынын штатынан бөлүнгөн кызмат
орундарын ээлей алышат.
Окуу программасынын толук курсун аяктаган студенттер Кыргыз Рес-
публикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобилизаци-
ялык планына ылайык анык аскер кызматына Тараптардын ыйгарым укуктуу
органдарынын штаттарынан бөлүнгөн кызмат орундарына чакырылышы мүмкүн.
14-статья.
КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларына, ошондой эле
алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары жана башка ченемдик укук актылары толук көлөмүндө жайылты-
лат.
15-статья.
КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларына, ошондой эле
алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эл аралык укук нормаларына жана Тараптардын
улуттук мыйзамдарына ылайык коопсуздук, укуктук жана социалдык жактан
коргоо кепилдик кылынат.
16-статья.
КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчылары, ошондой эле
алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт,
Кыргызстан элинин улуттук салтын жана адаттарын урматтайт.
17-статья.
РФнын ФЧКнын КРдагы оперативдүү тобунун аскер кызматчыларына КРСУ-
нун аскердик кафедрасында материалдык жоопкерчиликти караган кызмат
орундарын ээлөөгө тыюу салынат.
18-статья.
Бул Макулдашуу үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес жана
өзү катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чык-
кан Тараптардын укуктары менен милдеттенмелерине тиешеси жок.
19-статья.
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу маселесинде пикир келишпес-
тиктер келип чыккан учурда Тараптар аны консультация жана сүйлөшүүлөр
жолу менен чечет.
20-статья.
Макулдашуунун текстине Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ички мамлекеттик
жол-жоболордон өткөндөн кийин ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп
саналган өзүнчө протокол менен таризделет.
21-статья.
Бул Макулдашуу Тараптар бардык зарыл ички мамлекеттик жол-жоболор
аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү соњку билдирүү берилген күндөн
баштап күчүнө кирет.
22-статья.
Бул Макулдашуу беш жыл бою колдонулат жана, эгерде Тараптардын би-
ри ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө
экинчи Тарапка 6 (алты) ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, ал кийинки
беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
_________ шаарында 2003-жылдын "__"________ эки нускада, ар бири
кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тењ бирдей юридикалык
күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясынын Өкмөтү
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-июлундагы №410-б буйругуРаспоряжение · 14.07.2003 · № 410
- Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Республикой Кыргызстан и Российской Федерацией (Ратифицирован постановлением Верховного Совета РК от 18 декабря 1992 года…Договор · 10.06.1992
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы №460 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтінін айрым чечимдерине өзгөртіілөрді жана толуктоолорду киргизіі жөніндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.09.2005 · № 460 · Күчүн жоготкон