# 9-статья. Экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын же дагы башка уюмдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 9-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-9

---

Кыргыз Республикасында экстремисттик аракеттерди жасоого багытталган коомдук бирикмелерди же диний уюмдарды, же дагы башка уюмдарды түзүүгө жана алардын иш аракеттерине тыюу салынат. Ушул Мыйзамдын 7-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган учурларда коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм, алардын регионалдык же болбосо башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга, жарандарга, алардын ден соолугуна, айлана чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке адамдардын жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирүүгө алып келген, же ошондой зыян келтирүүгө айкын коркунуч туудурган экстремисттик аракеттерди жасаган учурда, тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм, же дагы башка уюм жоюлушу мүмкүн, ал эми юридикалык жак болбогон тийиштүү коомдук бирикменин же диний уюмдун ишине Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же ага тийиштүү прокурордун арызынын негизинде чыгарылган соттун чечими боюнча тыюу салышы мүмкүн. Ушул статьянын аталган экинчи бөлүгүндөгү негиздер боюнча коомдук бирикме же диний уюм жоюлушу мүмкүн, ал эми юридикалык жак болбогон коомдук бирикменин же диний уюмдун иш аракетине аткаруу бийлигинин юстиция чөйрөсүндөгү же анын тийиштүү аймактык органынын арызынын негизинде чыгарылган соттун чечими боюнча тыюу салынышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча коомдук бирикмени же диний уюмду жоюу тууралу сот тарабынан чечим кабыл алынганда, алардын регионалдык жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү да жоюлууга тийиш. Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жоюлган коомдук бирикменин же диний уюмдун же дагы башка уюмдун кредиторлорунун талаптарын канаттандыргандан калган мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүлүүгө тийиш. Аталган мүлктү Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө чечим коомдук бирикмени же диний уюмду, же дагы башка уюмду жоюу тууралу чечим менен бир убакта сот аркылуу чыгарылат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-10)
