# 8-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратуунун жана алар тарабынан экстремисттик аракеттердин ишке ашырылышынын жол берилбестиги тууралу алдын ала эскертүү

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 8-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-8

---

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдар таратылган же алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн фактылар белгилүү болгон учурда, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусуна жана (же) редакцияга (башкы редакторуна), аны каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аткаруу бийлигинин басма, телерадио жана массалык коммуникация каражаттар чөйрөсүндөгү органдары же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын тийштүү прокурору аркылуу аталган аракеттердин жол берилбестиги тууралу же ал аракеттерге алдын ала эскертүүнүн айкын себебин, анын ичинде кетирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү алдын ала эскертүү чыгарылат. Эгерде кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды колдонуу мүмкүн болгон учурда, аны менен бирге аталган кемчиликтерди жоюуга алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып аталган кемчиликтерди жоюу үчүн он күндөн кем болбогон мөөнөт белгиленет. Эгерде алдын ала эскертүүдө белгиленген мөөнөттө эскертүү чыгаруу үчүн негиз болгон кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, же алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып он эки айдын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн жаңы фактылар кайрадан белгилүү болсо, тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши ушул Мыйзамда белгиленген тартипте токтотулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-9)
