# 7-статья. Коомдук бирикмелерге же диний уюмдарга же дагы башка уюмдарга экстремисттик аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө алдын ала эскертүү чыгаруу

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 7-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-7

---

Коомдук бирикмелерге же диний уюмга же дагы башка уюмга алардын аракеттеринде, анын ичинде алардын аймактык же башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде эле экстремисттик аракеттердин белгилери бар экендигин күбөлөндүргөн фактылар белгилүү болгон учурда, эскертүүнүн айкын негиздерин көрсөтүү менен андай аракеттерге жол бербөө жөнүндө, анын ичинде кетирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндө алдын ала эскертүү чыгарылат. Алдын ала эскертүүдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүн болгон учурда алдын ала эскертүү чыгарылган күндөн тартып он күндөн кем болбогон убакытка көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу мөөнөтү белгиленет. Коомдук бирикмеге же диний уюмга, дагы башка уюмдарга алдын ала эскертүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ага баш ийген тийиштүү прокурор тарабынан чыгарылат. Коомдук бирикмеге же диний уюмга алдын ала эскертүү аткаруу бийлиги же анын юстиция чөйрөсүндөгү тийиштүү аймактык органдары тарабынан да чыгарылышы мүмкүн. Алдын ала эскертүү белгиленген тартипте сотко даттануусу мүмкүн. Эгерде тийиштүү коомдук бирикмелер же диний уюмдар, же дагы башка уюмдар же алардын аймактык же башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан алдын ала эскертүүдө белгиленген мөөнөттө алдын ала эскертүү чыгарууга негиз болгон кемчиликтер четтетилбесе, же алдын ала эскертүү чыккан күндөн кийин да алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн жаңы фактылар белгилүү болсо, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм, же башка уюм жоюлууга тийиш, ал эми юридикалык жак болбогон коомдук бирикменин же диний уюмдун иштешине тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-8)
