# 6-статья. Экстремисттик аракеттерди ишке ашыруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертме жарыялоо

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 6-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-6

---

Экстремисттик аракеттердин белгилерин камтыган укукка каршы аракеттердин даярдалып жатканы тууралу жетиштүү жана алдынала тастыкталган маалыматтар болгон жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиздер болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары, же ага баш ийген тийиштүү прокурор же анын орунбасары коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчисине, ошондой эле тийиштүү адамдарга анын дайындуу себептерин көрсөтүү менен андай аракеттерге жол бербcө тууралу жазуу жүзүндө эскертме жөнөтөт. Эскертмеде айтылган талаптарды аткарбай койгон учурда, ошол эскертме берилген адам белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-7)
