17-статья. Экстремизм менен күрөшүү жаатындагы эларалык кызматташтык
Күчүн жоготкон · 24.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40.
Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын же дагы башка уюмдардын жана алардын бөлүмчөлөрүнүн эларалык укук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик деп табылган иштерине тыюу салынат. Четөлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдун ишине тыюу салуу төмөндөгүлөргө кириптер кылат:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик аккредитациянын жана каттоонун жокко чыгарылышына;
б) четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ушул уюмдун өкүлү катары Кыргыз Республикасынын аймагында туруусуна тыюу салууга;
в) Кыргыз Республикасынын аймагында кандай гана болбосун чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салууга;
г) тыюу салынган уюмдун атынан кандай гана болбосун материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого тыюу салууга;
д) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдун материалдарын, ошого тете ошол уюмдун материалдарын камтыган маалыматтык дагы башка продукцияларды таратууга тыюу салууга;
е) ар кандай көпчүлүк катышкан акцияларды жана жалпы элдик иш чараларды өткөрүүгө, тыюу салынган уюмдардын өкүлү (же анын расий өкүлү) катары ал акцияларга жана жалпы иш чараларга катышуусуна тыюу салууга;
ж) ар кандай уюштуруу-укуктук түрдөгү анын укук мураскери - уюмдарын түзүүгө тыюу салууга.
Өкмөттүк эмес четөлкөлүк уюмдун ишин токтотуу тууралу соттун чечими күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасындагы тийиштүү четөлкөлүк дипломаттык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында ал уюмдун иштерине тыюу салынганы, тыюу салуунун себеби, ошондой эле тыюу салууга байланыштуу анын кесепеттери жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын эларалык макулдашууларына ылайык Кыргыз Республикасы экстремизм менен күрөшүү жаатында чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле экстремизмге каршы күрөш жүргүзгөн эларалык уюмдар менен кызматташат.
Берененин тексти 24.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1748/st-17" title="17-статья - Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>