# 15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 15-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-15

---

Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жазык, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди тартышат. Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер боюнча, экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга катышкан адамга соттун чечими менен мамлекеттик кызматка, аскердик кызматка жана укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө жана коргоо иштерин жүргүзүүгө чектөө коюлушу мүмкүн. Эгерде коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчиси же жетекчи органынын мүчөсү экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга үндөп, эл алдында айткан билдирүүсү, ошондой эле өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, ошого тете эл алдында сүйлөгөн учурда андай адамга карата экстремисттик багыттагы кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, тийиштүү коомдук бирикме, диний, же башка уюм ошол билдирүү жасалган күндөн тартып беш күнгө чейин ал адамдын жасаган билдирүүсүнө жана анын аракетине макул эместигин эл алдында айтууга милдеттүү. Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм эл алдында андай билдирүү жасабаса, анда бул алардын аракеттеринде экстремизмдин белгилеринин бар экенин күбөлөндүргөн факт катары каралышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма сөз, аудио-, аудиовизуалдык жана башка материалдардын (чыгармалардын) автору жана (же) аткаруучусу соттун чечими боюнча экстремисттик аракетти жүзөгө ашырган жак катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат (тартат). (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-16)
