# 14-статья. Кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин экстремисттик аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 14-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-14

---

Мамлекеттик кызматта турган кызмат адамынын, ошондой эле дагы башка адамдын экстремисттик аракеттерди жасоонун зарылдыгы, жол берилгендиги, мүмкүндүгү же керектиги жөнүндө көпчүлүк алдында, же болбосо кызмат милдеттерин аткаруу үстүндө, болбосо ээлеген кызматын көрсөтүү менен айткандары, ошого тете кызматтагы адамдын өз компетенциясына ылайык экстремисттик аракеттерди болтурбоо боюнча чараларды көрбөй коюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат. Тийиштүү мамлекеттик органдар жана жогорку кызмат адамдары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган аракеттерге жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча токтоосуз зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-15)
