# 13-статья. Экстремисттик материалдарды таратуу менен күрөшүү

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июля 2016 года № 97 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111376)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.07.2016 [Закон КР от 1 июля 2016 года № 97 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111376); 08.05.2013 [Закон КР от 8 мая 2013 года № 66 "О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203873)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748#diff=1234653..1234654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 13-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-13

---

Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарга төмөндөгүлөр кирет:

а) тыюу салынган экстремисттик уюмдардын расмий материалдары;

б) тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эларалык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер;

в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер, анын ичинде анонимдүү, жана башка материалдар.

Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун арызынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен таанылат. Доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн каралган тартипте сот тарабынан маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө жол берилет. Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бар экендигинин аныкталышы тууралу соттун чечими анын нускасынын сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып салууга негиз болуп саналат. Экстремисттик материалдарды чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратылат. Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле экстремисттик аракетке каршылык көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий интернет-сайттарында жарыяланып турууга тийиш. Материалдарды экстремисттик материалдардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге белгиленген тартипте сотко даттанууга болот. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылбайт. Аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат. (КР 2013-жылдын 8-майындагы № 66, 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-14)
