# 10-статья. Коомдук бирикменин же диний уюмдун ишин токтото туруу

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 10-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-10

---

Коомдук бирикме же диний уюм тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузууга, жарандардын инсандыгына жана денсоолугуна, айлана-чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирген, же андай зыянды келтирүүгө чыныгы коркунуч түзгөн экстремисттик аракеттерди жасаган учурда ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган негиздер боюнча коомдук бирикмени же диний, уюмду жоюу же ишин токтотуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылган убакыттан тартып жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана (же) юридикалык жактардын арыздарын сот караганга чейин ал коомдук бирикменин же диний уюмдун ишин тийиштүү кызмат адамы же орган өз чечими менен убактылуу токтотуп коюуга укуктуу. Коомдук бирикменин же диний уюмдун ишмердигин токтото туруу, аларды жоюу же алардын ишине тыюу салуу жөнүндө арыз сотто каралганга чейин белгиленген тартипте сотко даттана алат. Коомдук бирикменин же диний уюмдун иши убактылуу токтотулган учурда коомдук бирикменин же диний уюмдун, алардын регионалдык жана дагы башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу катары укуктары да убактылуу токтотулат, аларга мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттарынан пайдаланууга, жыйналыштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү, пикетке чыгуу жана башка көпчүлүк катышкан акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, шайлоолорго жана референдумдарга катышууга, келтирилген зыяндардын, залалдын ордун толтуруу, салык, жыйым же айыптарды жана эмгек келишими боюнча чарбалык ишке байланышкан эсептешүүлөрдү жүргүзүүдөн тышкары банктык салымдарды колдонууга тыюу салынат. Эгерде сот коомдук бирикмени же диний уюмду жоюу же алардын ишин токтотуу тууралу арызды канааттандырбаса, ал бирикме же диний уюм соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып өз иштерин кайра баштайт. Саясий партиялардын ишин токто туруу Кыргыз Республикасынын "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-11)
