# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1748)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 32 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205254)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748#diff=1234654..1234655>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1674/edition/1234650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1748/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө, 1-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-1

---

Ушул Мыйзамдын максатын жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат: экстремисттик аракет (экстремизм):

1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери:

Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга; Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга; бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алуута же ээлеп алууга; мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө; террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга; расалык, улуттук (этностор аралык) же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга; улуттук ар-намысты кемсинтүүгө; идеологиялык, саясий, расалык, улуттук (этностук) жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого; динге, социалдык, расалык, улуттук (этностук), диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого;

2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө;

2-1) экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого;

3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого;

4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө;

экстремисттик уюм - ушул Мыйзам менен каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жасаганга байланыштуу болгон иштерди жоюу же тыюу салуу тууралу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикме же диний уюм же башка уюмдар; экстремисттик материалдар - экстремисттик аракеттерди жасаганга үндөгөн, мындай аракетти ишке ашыруунун зарылдыгын негиздеген улуттук жана (же) расалык артыкчылыкты негиздеген же актаган, кандайдыр бир этникалык, социалдык, расалык, улуттук (этностук) же диний топту толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган согуштук же дагы башка кылмыштарды жасоону актоого арналган жарыялоолор, документтер же башка сактагычтардагы маалыматтар; экстремисттик уюмдардын атрибутикалары жана символикалары - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же тыюу салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кабыл алынган уюмдун атрибутикалары менен символикалары. Экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын жана символикаларын илимий максатта гана колдонууга жол берилет. (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 32, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1748/st-2)
