Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Исламабад шаары
2005-жылдын 18-январы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан
качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү
болтурбай коюу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Преамбула
Биринчи глава. Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
Экинчи глава. Аныктамалар
Үчүнчү глава. Кирешеге салык салуу
Төртүнчү глава. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары
Бешинчи глава. Корутунду жоболор
Преамбула
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын
Өкмөтү кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү
болтурбай коюу жөнүндө Макулдашуу түзүүнү каалап жана эки өлкөнүн орто-
сундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыњдоого карата
өзүнүн умтулгандыгын ырастоо менен
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
Биринчи глава
Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
1-статья. Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин жактарына кара-
та колдонулат.
2-статья. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттин, анын администрациялык
же саясий кичи бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан
аларды алуунун ыкмасына карабастан Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы
мыйзамдарына ылайык алынуучу кирешеден алынуучу салыктарга карата кол-
донулат.
2. Кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен
алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
ээликтен ажыратуудан алынуучу салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү
эмгек акы фондусунан алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар деп
эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган орун алган салыктар, атап айт-
канда, төмөндөгүлөр болуп эсептелет.
а) Кыргыз Республикасы жагынан алганда:
юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешесинен алынуучу салык;
жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
(мындан ары "Кыргызстандын салыктары" деп аталат)
б) Пакистан жагынан алганда - киреше салыгы;
(мындан ары "Пакистандын салыгы" деп аталат
4. Ушул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлгандан
кийин орун алган салыктарга кошумча түрдө же алардын ордуна алына тур-
ган ар кандай ушуга окшош же мањызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга ка-
рата колдонулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары
өздөрүнүн салыктык мыйзамдарына киргизиле турган олуттуу өзгөрүүлөр
жөнүндө бири-бирине билдирүүгө тийиш.
Экинчи глава
Аныктамалар
3-статья. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун
максатында:
а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Геог-
рафиялык мааниде алганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы
Эл аралык укукка ылайык суверендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө
ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары колдонул-
ган аймакты билдирет.
б) "Пакистан" деген термин географиялык мааниде пайдаланганда Па-
кистан Ислам Республикасынын Конституциясында аныкталгандай Пакистанды
билдирет жана Пакистандын мыйзамдарына жана эл аралык укукка ылайык Па-
кистан өзүнүн суверендүү укугун жана юрисдикциясын дењиздин түбүндөгү,
жердин казынасындагы жана анын үстүндөгү акваторийдеги табигый ресурс-
тарга карата жүзөгө ашырып жаткан аймак болуп эсептелген Пакистандын
аймактык сууларынан тышкаркы ар кандай аймакты камтып турат;
в) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кан-
дай башка бирикмесин камтып турат.
г) "компания" деген термин салык салуу максатында корпоративдүү
бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай
уюмду билдирет.
д) "Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет" деген
терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Пакистанды билди-
рет;
е) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан Мамле-
кеттин резиденти тарабынан башкарылган ишкананы жана экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
ж) "эл аралык ташуу" деген термин дењиз же аба кемеси же жердеги
транспорт жалањ гана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин пункттарынын орто-
сунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан Мамлекетте на-
тыйжалуу башкарылган ишкана тарабынан пайдаланылган ар кандай дењиз же
аба кемеси же жердеги транспорт менен ташууну билдирет;
з) "компетенттүү орган" деген термин:
1. Кыргыз Республикасында Финансы министрлигин же анын ыйгарым
укуктуу өкүлүн;
2. Пакистанда Кирешелер боюнча Борбордук комитетти же анын ыйгарым
укуктуу өкүлүн билдирет;
и) "улуттук жак" деген термин:
1. Макулдашкан Мамлекеттин граждандыгына ээ болгон ар кандай жеке
жакты;
2. Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн
статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоциацияны
билдирет.
3. Ушул Макулдашууну Макулдашкан Мамлекет тарабынан колдонуунун ар
кандай учурунда, эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, анда анык-
талган ар кандай термин ушул Мамлекеттин мыйзамы боюнча ошол учурда
ушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктарга карата кандай мааниде бол-
со, ушул Мамлекеттин тиешелүү салыктык мыйзамдарында аныкталган ар кан-
дай мааниге ээ болот, ал ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аныктал-
ган мааниден артыкчылык кылат.
4-статья. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашкан Мамлекеттин ре-
зиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн ту-
руктуу жашаган жеринин, туруктуу жүргөн жеринин, башкаруучу ордунун се-
беби боюнча же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салыну-
уга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушул Мамлекетти
жана анын ар кандай администрациялык же саясий кичи бөлүмүн же бийлик-
тин жергиликтүү органын камтып турат. Ушул термин ушул Мамлекеттеги бу-
лактардан алынган кирешелер жагында гана ушул Мамлекетте салык салынуу-
га тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашкан
Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй түрдө
аныкталат:
а) ал өзүнүн туруктуу жашаган жери бар Мамлекеттин резиденти деп
эсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте тењ туруктуу жашаган жери болсо,
ал өзү алда канча тыгыз жеке жана экономикалык байланышы бар (турмуштук
таламдардын борбору) Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
б) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар Мамлекет аныкта-
лышы мүмкүн болбосо, же болбосо анын ушул Мамлекеттердин биринде дагы
туруктуу жашаган жери болбосо, ал адатта өзү жашаган Мамлекеттин рези-
денти деп эсептелет;
в) эгерде ал адатта эки Мамлекетте тењ жашаса, же болбосо анын би-
ринде да жашабаса, ал өзү гражданы болуп эсептелген Мамлекеттин рези-
денти деп эсептелет;
г) эгерде ал эки Мамлекеттин гражданы болуп эсептелсе, же болбосо
алардын биринин да гражданы болбосо, Макулдашкан Мамлекеттин компе-
тенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген
жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал анын на-
тыйжалуу башкаруучу жери жайгашкан Мамлекеттин резиденти деп эсептелет.
5-статья. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген тер-
мин ишкананын ишкерлик кылуу иши толук же жарым жартылай жүзөгө ашыры-
лып жаткан туруктуу иштеген жерди билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин негизинен төмөндөгүлөрдү:
а) башкаруучу жерди;
б) бөлүмчөнү;
в) кењсени;
г) фабриканы;
д) чеберкананы;
е) туруктуу соода чекитин;
з) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же табигый ресурс-
тарды казып алуучу башка жерди; жана
ж) айыл чарбасындагы, жайыттагы же токойдогу менчикти камтып ту-
рат.
3. "Туруктуу мекеме" деген термин ошондой эле:
а) курулуш аянтчасын, курулуш, монтаждоо же жыйноочу объектини же
ага байланыштуу көзөмөлдөө ишин камтып турат, бирок эгерде мындай аянт-
ча же объект же ушундай иш 6 айдан ашык улантылган учурда гана камтыйт;
б) кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинде ишкана тарабынан кызматчы-
лар же башка ушундай максаттар үчүн ишкана тарабынан жалданган персонал
аркылуу берилген консультацияларды камтып турат, бирок ал ушундай
мүнөздөгү иш (ушундай же аны менен байланыштуу долбоор үчүн) өлкөнүн
аймагында жалпысынан алганда 3 айдан ашык мезгилдин же мезгилдердин
ичинде улантылган учурда гана камтыйт.
4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме"
деген термин төмөндөгүлөрдү:
а) курулуштарды жана жабдууларды жалањ гана ишканага таандык бол-
гон товарларды же буюмдарды сактоо же көрсөтүү максатында пайдаланууну;
б) ишканага жалањ гана сактоо же көрсөтүү максаты үчүн таандык
болгон товарлардын же буюмдардын запастарын күтүүнү;
в) ишканага жалањ гана башка ишканалар үчүн кайра иштетүү максаты
үчүн таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын күтүүнү;
г) иштин туруктуу ордун жалањ гана ишкана үчүн товарларды же буюм-
дарды сатып алуу же болбосо маалымат жыйноо максаты үчүн күтүүнү;
д) иштин туруктуу ордун жалањ гана ар кандай башка даярдоочу же
көмөкчү мүнөздөгү ишти аткаруу үчүн жүзөгө ашыруу максатында күтүүнү
камтыбайт.
5. 1 жана 2-пункттардын жобосуна карабастан, эгерде өзүнө карата
7-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агенттен башка жак
өзүнүн Макулдашкан Мамлекеттеги ишин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин иш-
канасынын атынан жүзөгө ашырса, анда бул ишкана биринчи аталган Макул-
дашкан Мамлекетте ушул жак ишкана үчүн ишке ашырган ар кандай ишке ка-
рата туруктуу мекемеси бар катары каралат, эгерде мындай жактын:
а) эгерде ушул жактын иши 4-пунктта айтылгандар менен чектелсе,
эгерде туруктуу турган жери аркылуу жүзөгө ашырылса, иштин ушул турук-
туу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландыр-
гандан башка учурларда, ушул Мамлекетте ишкананын атынан контракт
түзүүгө ыйгарым укугу болсо жана адатта аны пайдаланса;
б) эч кандай ыйгарым укуктарга ээ болбосо, бирок адатта биринчи
айтылган Мамлекетте товарлардын же буюмдардын запастарын күтсө, алардан
ишкананын атынан товарларды жана буюмдарды үзбөй жөнөтүп турса.
6. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мам-
лекеттин камсыздандыруу компаниясы кайра камсыздандыруудан башка учур-
ларда, эгерде ал ушул башка мамлекеттин аймагында камсыздандыруу сый
акыларын чогултса же өзүнө карата 7-пункт колдонула турган көз каранды-
сыз агентке караганда башка жак аркылуу камсыздандыруу тобокелин
жүргүзсө, экинчи Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары
эсептелет.
7. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте туруктуу мекемеси мына ушул Мамлекетте ишкердик кылууну брокер,
комиссиялык агент, же болбосо көз карандысыз статусу бар башка агент
аркылуу жүзөгө ашыргандыгы үчүн гана, мындай жактар өзүнүн адаттагы
ишинин алкагында аракеттенген шартта, экинчи Макулдашкан Мамлекетте ту-
руктуу мекемеси бар деп эсептелбейт. Бирок ушундай агенттин иши ушул
ишкананын атынан толук же дээрлик толук жүзөгө ашырылган кезде жана
ушул ишкана менен агенттин ортосундагы алардын коммерциялык жана финан-
сылык мамилелеринин белгиленген шарттары көз карандысыз ишканалардын
ортосунда белгиленгенге караганда айырмаланса, анда ал ушул пункттун
маанисинде алганда, ал көз карандысыз статусу бар агент катары карал-
байт.
8. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания та-
рабынан контролго алынса же котролдонсо, же ушул башка мамлекетте иш-
кердик кылууну жүзөгө ашырса (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу, же
болбосо башкача түрдө), өзүнөн өзү ушул компаниялардын бирин экинчи
Мамлекеттин туруктуу компаниясына айландырбайт.
Үчүнчү глава
Кирешеге салык салуу
6-статья. Кыймылсыз мүлктөн алынган киреше
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан
Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл же токой чар-
басынан алынган киреше) алынган кирешеге мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2."Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Ма-
кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча ээ болгон мааниге ээ болот. Бул
термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катарында бол-
гон мүлктү, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жана жабду-
уларды, менчик жерге карата жалпы укуктун жолжоболору колдонула турган
укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык ресурстарды
иштеп чыгуу же иштеп чыгуу укугу үчүн компенсация катарындагы белгилен-
ген төлөмдөрдү, табигый кендин булактарын жана башкаларды камтып турат;
дењиз, дарыя жана суу кемелери же жердеги транспорт кыймылсыз мүлк ка-
тары каралбайт.
3. Биринчи пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү кандайдыр бир башка
формада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алын-
ган кирешеге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору, ошондой эле ишкананын кыймылсыз
мүлктөн алынган кирешелерине карата жана көз карандысыз жеке кызматтар-
ды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерге
карата колдонулат.
7-статья. Ишкердик кылуудан түшкөн пайда
1. Эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан
туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылууну жүзөгө ашырбаса, Макулдашкан
Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
Эгерде ишкана өзүнүн ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, ишкананын
пайдасына мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок анын
төмөндөгүлөргө таандык болгон бөлүгүнө гана салык салынат:
а) ушундай туруктуу мекемеге;
б) туруктуу мекеме аркылуу сатылган товарларга же буюмдарга ылайык
келген же окшош товарларды жана буюмдарды мына ушул мамлекетте сатууга;
с) мына ушул экинчи Мамлекетте жүзөгө ашырылган, өзүнүн мүнөзү бо-
юнча ушундай туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик кылуу
менен өзүнүн мүнөзү боюнча ылайык келген же окшош болгон башка ишкердик
кылууга .
2. 3-пункттун жоболорун эске алганда, эгерде Макулдашкан Мамлекет-
тин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылууну ал жерде
жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдаш-
кан Мамлекетте ушул туруктуу мекемеге карата, эгерде ал ушундай эле ок-
шош ишти же ушул сыяктуу шарттарда иштесе жана өзү туруктуу мекемеси
болгон ишканага толук көз каранды болуп иш жүргүзсө, ал алууга тийиш
болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат.
3. а) туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин
максаттары үчүн тартылган чыгымдарды эсептен чыгарып салууга жол бери-
лет, анын ичинде бул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мам-
лекетте тартылгандыгына же кайсы жерде болсо да тартылгандыгына кара-
бастан башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды камтып турат, ал
туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан Мамлекеттин ички мыйзамдарынын
жобосуна ылайык көрсөтүлөт.
б) бирок мындай эсептен чыгарып салууга туруктуу мекеме тарабынан
ишкананын башкы офисине же анын башка ар кандай офистерине роялти, па-
тенттерди же башка укуктарды пайдалануунун ордуна сый акыларды же башка
ушул сыяктуу төлөмдөр же кызмат көрсөтүү үчүн комиссиялык төлөмдөр же
башкаруу үчүн төлөмдөрдүн суммасына карата (фактылай чыгымдардын ордун
толтуруудан башка) жол берилбейт, туруктуу мекемеге заем катарында бе-
рилген сумманын проценттерин төлөө катарындагы банк мекемелери кирбейт.
Ошондой эле туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеме тара-
бынан ишкананын башкы офисине же башка офистерине роялти, патенттерди
же башка укуктарды пайдалануунун ордуна сый акылар же башка ушул сыяк-
туу төлөмдөр же көрсөтүлгөн кызматтар же башкаруу үчүн комиссиялык
төлөмдөр катарында төлөнгөн суммалар (фактылай чыгымдардын ордун толту-
руудан башка) эсепке алынбайт, буга ишкананын башкы офисине же анын
башка ар кандай офистерине заем катары берилген сумманын проценттерин
төлөө катарындагы банк мекемелери кирбейт.
4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандык
кылынган пайданы анын ар кандай кичи бөлүмдөрү боюнча ишкананын пайда-
сынын жалпы суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктоо
адаттагы практика болуп саналса, ушул статьянын 2- пунктундагы эч нерсе
Макулдашкан Мамлекетке бул адатта кабыл алынгандай салык салынуучу пай-
даны ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн
тандалып алынган ыкмасы ушул статьяда камтылган принциптерге ылайык
келген натыйжаларга алып келүүгө тийиш.
5. Бир дагы пайда аталган туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн
жасалган товарларды же буюмдарды жөнөкөй сатып алуунун себеби боюнча
туруктуу мекемеге эсептелбейт.
6. Мурдагы пункттардын максаты үчүн туруктуу мекемеге таандык кы-
лынган пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана
жетиштүү негиздер жок болсо, жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайда кирешенин элементтерин же ушул Макулдашуунун башка
статьяларында өзүнчө каралган кирешени камтып турса, анда ушул стать-
ялардын жоболору ушул статьянын жоболоруна тиешелүү болбойт.
8-статья. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууда
аба кемелерин же жердеги транспортту пайдалануудан алган пайдасына иш-
кананы натыйжалуу башкаруу жайгашкан жердеги Макулдашкан Мамлекетте га-
на салык салынат.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген транспорттук
ишкана тарабынан эл аралык ташууларда товарларды же буюмдарды транс-
порттоо үчүн пайдаланылуучу контейнерлерди (трайлерлерди жана контей-
нерлерди транспорттоо үчүн башка жабдууларды кошкондо) пайдалануудан
жана ижарага берүүдөн алынган пайдасына контейнерлер жалањ гана экинчи
Макулдашкан Мамлекеттин аймагында пайдаланылгандан башка учурларда, мы-
на ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболору, ошондой эле пулга катышуудан,
бирегелешкен ишканадан, же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануу
боюнча эл аралык уюмдан түшкөн пайдага да жайылтылат.
9-статья. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттин
ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына тикелей же кыйыр түрдө
катышса; же
б) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же
капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса,
жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы алардын коммерциялык
жана финансылык өз ара мамилелеринде көз карандысыз эки ишкананын орто-
сундагы шарттан айырмаланган шарттар түзүлөт же белгиленет, мында алар-
дын бирине чегерилүүгө тийиш болгон ар кандай пайда ушул шарттардын бар
болгондугунан улам ага чегерилбесе, ушул ишкананын пайдасына киргизили-
ши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайда-
сын киргизсе жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасына тиешелүү
түрдө мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынса жана ушундай жол менен
киргизилген пайда, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар көз
карандысыз ишканалардын ортосундагы шарттар сыяктуу болсо, анда ушул
экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына тиешелүү кор-
ректировка киргизат. Ушундай корректировканы аныктоодо ушул Макулдашуу-
нун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин
компетенттүү органдары зарылдыгына жараша бири-бири менен консультация
өткөрүп турат.
10-статья. Дивиденддер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынан
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мына
ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык
дивиденд төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамле-
кетте да салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда ушундай
жол менен алынган салык дивиденддердин жалпы суммасынын 10%инен ашпоого
тийиш.
Бул пункт компаниянын дивиденддер төлөнгөн пайдасы жагына тиешелүү
болбойт.
3. "Дивиденддер" деген термин ушул статьяда пайдалануу үчүн акция-
лардан, "жуиссанс" акциялардан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казып
алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же пайда-
га катышкан карыздык милдеттенмелер болуп эсептелбеген башка укуктар-
дан, ошондой эле салык салуу жагында пайданы бөлүштүрүүчү компания ре-
зиденти болуп эсептелген ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялар-
дан алынуучу кирешелерге салык салуу жагына тењештирилген башка корпо-
ративдик укуктардан алынуучу кирешелерди билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин
резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылуу ишин
жүзөгө ашырса, анда дивиденддерди төлөгөн компания анда жайгашкан ту-
руктуу мекеме аркылуу мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу
базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана өзүнө карата ди-
виденддер төлөнгөн холдинг чынында эле туруктуу мекеме же туруктуу база
менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт.
Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьялардын жоболору колдону-
лат.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген ком-
пания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, анда ушул
экинчи Мамлекет, эгерде дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттин
резидентине төлөнгөндөн же өзүнө карата дивиденддер төлөнө турган хол-
динг чынында эле мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме-
ге же туруктуу базага таандык болсо жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн
пайдасынан бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык сала албайт, а түгүл эгерде
төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда мына ушул экинчи Мамле-
кетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толук же жарым-жартылай турса
дагы компания тарабынан төлөнгөн дивиденддерден ар кандай салыкты ала
албайт.
11-статья. Проценттер
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү проценттерге мына ушул экинчи Мамле-
кетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай проценттерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык
алар келип чыккан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок
проценттердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиден-
ти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык проценттердин
жалпы суммасынын 10 процентинен ашпайт.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте келип
чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин өкмөтүнө же Борбордук банкы-
на төлөнүүчү проценттер биринчи аталган Макулдашкан Мамлекетте салык
салуудан бошотулат.
4. "Проценттер" деген термин ушул статьяда пайдаланганда, күрөө
менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган карызгорлордун пайдасына ка-
тышууга укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу ка-
газдардан алынган кирешелерди жана облигациялардан же карыздык милдет-
тенмелерден алынган кирешелерди, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, об-
лигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларды жана утуштар-
ды камтыган ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан алынган кирешени
билдирет.
5. Эгерде проценттердин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамле-
кеттин резиденти болуу менен ишкердик кылууну экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте жүзөгө ашырса, анда ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу
проценттер келип чыкса, же болбосо мына ушул экинчи мамлекетте жайгаш-
кан туруктуу базада көз карандысыз жеке кызматтарды жана өзүнө карата
проценттер төлөнө турган карыздык талаптарды көрсөтсө, алар чындыгында
эле: а) ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен же б) 7-стать-
янын 1-пунктундагы (с) пунктчасында аталган ишкердик кылуу менен байла-
ныштуу болсо 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда
жагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат.
6. Эгерде төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, про-
центтер Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Эгерде про-
центтерди төлөөчү жак Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгондугуна же
болбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге же
туруктуу базага ээ болсо, ага байланыштуу проценттер төлөнө турган ка-
рыз келип чыкса жана ушул проценттерди төлөө боюнча чыгымдарды ушундай
туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай проценттер турук-
туу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсеп-
телет.
7. Эгерде проценттерди төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин
ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча же алардын экөөнүн
ортосунда же кандайдыр бир жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелер-
дин себеби боюнча карыздык милдеттемеге таандык болгон анын негизинде
төлөнгөн проценттердин суммасы проценттерди төлөөчү менен анын иш
жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кетсе, мындай
мамилелер жок болгон учурда, ушул статьянын жоболору акыркы эскертилген
суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн зыян келтирүүчү
бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына
ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу ме-
нен салык салууга жатат.
12-статья. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ал ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык
келип чыккан Макулдашкан Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок
эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин рези-
денти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин
жалпы суммасынын 10%инен ашпоого тийиш.
3. "Роялти" деген термин ушул статьяда пайдаланганда адабияттын,
искусствонун же илимий эмгектердин, анын ичинде кинофильмдердин, филь-
мдердин же телекөрсөтүү же радиоуктуруу үчүн жазуулардын, кандайдыр бир
патенттердин, соода маркаларынын, дизайндын же моделдин пландын, жашы-
руун формуланын же процесстин же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий
жабдууну пайдалануу укугун пайдалануу же берүү үчүн же өнөр жайлык,
коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты берүүнүн ар кан-
дай түрлөрүнө автордук укукту пайдалануу укугун пайдалануу же берүү
үчүн сый акы түрүндө алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин ре-
зиденти болуу менен ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти
келип чыккан экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылууну жүзөгө
ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте ал жерде жайгашкан ту-
руктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана аларга ка-
рата роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чындыгында эле: а) ушундай ту-
руктуу мекеме же туруктуу база менен, же б) 7-статьянын 1-пунктунун (с)
пунктчасында аталган ишкердик кылуу менен байланышта болсо 1 жана
2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7
же 14-статьялардын жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсеп-
телсе, роялти Макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок
эгерде роялти төлөгөн жак Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгондугу-
на же болбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекеме-
ге же туруктуу базага ээ болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдет-
тенмеси келип чыкса, ушул роялтини төлөө боюнча чыгымдарды ушундай ту-
руктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай роялти туруктуу ме-
кеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде роялтини төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин же
алардын экөөнүн ортосундагы же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы
өзгөчө мамилелердин себеби боюнча ал негизинде төлөнүп жаткан укукту же
маалыматты пайдаланууга тиешелүү болгон роялтинин суммасы роялтини
төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган
суммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгон учурда, анда ушул
статьянын жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат.
Мындай учурда төлөмдүн зыян тартуучу бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Ма-
кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жо-
болорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
13-статья. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн алынган кирешелер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан
Мамлекете жайгашкан, 6-статьяда эскертилген кыймылсыз мүлктү ээликтен
ажыратуудан алган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы
мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте
ээ болгон туруктуу мекеменин ишкерлик кылуучу мүлкүнүн, экинчи Макул-
дашкан Мамлекеттеги Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карамагында
болгон туруктуу базага тиешелүү болгон көз карандысыз жеке кызматтарды
көрсөтүү максатындагы кыймылсыз мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн кыймылсыз
мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге, анын ичинде ушундай
туруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан алынган (ишканадан өзүнчө же
бардык ишкана менен чогуу) алынган кирешеге, же болбосо ушундай турук-
туу базага мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылган дењиз, дарыя жана аба кеме-
лерин же жердеги транспортту же ушундай дењиз, дарыя жана аба кемелерин
же жердеги транспортту пайдаланууга байланыштуу кыймылсыз мүлктү ээлик-
тен ажыратуудан алынган кирешелерге ишкананы натыйжалуу башкаруучу жер
жайгашкан ошол Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. Активдери тикелей же кыйыр түрдө, толугу менен же негизинен
экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн турган акция-
ларды же компаниянын башка корпоративдик укуктарын ээликтен ажыратуудан
алынган кирешелерге, мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилбеген кандайдыр бир мүлктү
ээликтен ажыратуудан алынган кирешеге мүлктү ээликтен ажыраткан жак ре-
зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
14-статья. Көз карандысыз жеке кызматтар
1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кесиптик кызматтарды
көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү ушул сыяктуу башка иштерди жа-
соодон алган кирешесине мындай кирешеге башка Макулдашкан Мамлекетте да
салык салынгандан башка учурларда, мына ушул Мамлекетте гана салык са-
лынат:
а) эгерде ал башка Макулдашкан Мамлекетте анын ишин жүргүзүү мак-
сатындагы өзүнө үзгүлтүксүз түрдө мүмкүнчүлүгү болгон туруктуу базага
ээ болсо; мындай учурда ушул туруктуу базага таандык кылынган кирешенин
бир бөлүгүнө гана экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн;
же
б) Эгерде анын экинчи Макулдашкан Мамлекетте болушу ар кандай тие-
шелүү финансылык жылда жыйынтыгында келип 183 күндү түзгөн же андан аш-
кан мезгилдин же мезгилдердин ичинде улантылса; мындай учурда анын ки-
решесинин экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги ишинен алынган кирешесинин
ошол бөлүгүнө гана мына ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесиптик кызматтар" деген термин, атап айтканда, көз каранды-
сыз илимий, адабий, артистик, билим берүүчү же педагогикалык ишти,
ошондой эле врачтардын, юристердин, инженерлердин, архитекторлордун,
стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат.
15-статья. Көз каранды жеке кызматтар
1. 16,18 жана 19-статьялардын жоболорун эске алуу менен Макулдаш-
кан Мамлекеттин резиденти тарабынан жалдоо боюнча ишке байланыштуу
алынган эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуу сый акыга, эгерде
жалдоо боюнча иш экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, ушул
Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалдоо боюнча иш ушундай түрдө
жүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алына турган сый акыга мына ушул
экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин рези-
денти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалдоо
боюнча ишке байланыштуу сый акыга биринчи эскертилген мамлекетте гана
салык салынат, эгерде:
а) эгерде аны алуучу экинчи Макулдашкан Мамлекетте тиешелүү финан-
сылык жылдын ичинде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилдин же
мезгилдердин ичинде болсо; жана
б) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоо-
чу же жалдоочунун атынан төлөнсө, жана
в) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же
туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташуу-
ларда пайдаланылган дењиз, дарыя же аба кемесинин же жердеги транспорт-
тун бортунда жүзөгө ашырылган жалдоо боюнча ишке байланыштуу сый акыга
ишкананы натыйжалуу башкарган жер жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте са-
лык салынышы мүмкүн.
16-статья. Директорлорго жана жогорку кызматты ээлеген
кызматкерлерге сый акы берүү
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниянын директорлор кењеши-
нин мүчөсү катары алуучу директордук жана ошол сыяктуу төлөмдөрүнө мына
ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Мамлекеттин
резиденти болуп эсептелген компаниядагы жогорку кызматты ээлеген кыз-
маткер катары алуучу маянасына, эмгек акысына жана ушул сыяктуу сый
акыларына мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-статья. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-статьялардын жоболоруна карабастан искусствонун кыз-
маткери катары, театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти
катары же музыкант, спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жеке
ишинен алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы
мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул
өзүнүн сапатында жүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган киреше артистин
же спортчунун өзүнө эмес, башка жакка чегерилсе, анда 7, 14, 15-стать-
ялардын жоболоруна карабастан, бул кирешеге артисттин же спортчунун иши
жүзөгө ашырылган Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан
Мамлекетте ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралгандай жүзөгө ашы-
рылган иштен алынган кирешеси, эгерде анын ушул Мамлекетте болушу толу-
гу менен же негизинен биринчи эскертилген Макулдашкан Мамлекеттин мам-
лекеттик фонддорунун каражаттарынан финансыланса же Макулдашкан Мамле-
кеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий иш-чараларга же Макулдашуу-
ларга ылайык жүзөгө ашырылса, мына ушул экинчи Мамлекетте салык салуу-
дан бошотулат.
18-статья. Пенсиялар, аннуитет жана социалдык камсыздоо боюнча
төлөмдөр
1. 19-статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык Макулдашкан Мамле-
кеттин резидентине жалдоо боюнча мурда жүзөгө ашырган иши үчүн төлөнгөн
пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга жана аннуитетке мына
ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан Макулдашкан Мамлекеттин же
анын администрациялык же саясий кичи бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик
органынын социалдык камсыздоо системасынын бир бөлүгү болуп эсептелген
Мамлекеттик программага ылайык жүзөгө ашырылган, төлөнүүчү пенсияларга
жана башка төлөмдөргө мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
3. "Аннуитет" деген термин өмүр бою же болбосо аныкталган же айкын
белгиленген мезгилдин ичинде акчалай же нарктык мааниде адекваттуу же
толук сый акынын ордуна төлөмдөрдү жүргүзүү милдеттенмесине ылайык мез-
гил-мезгили менен белгиленген убакытта төлөнүүгө тийиш болгон белгилен-
ген сумманы билдирет.
19-статья. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык же саясий кичи
бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекет-
ке же анын кичи бөлүмүнө же бийлик органына көрсөткөн кызматына карата
төлөнүүчү пенсиядан башка эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуу
сый акыга ушул Мамлекетте гана салык салынат.
6) бирок эгерде кызмат мына ушул башка Мамлекетте жүзөгө ашырылса
жана жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти болсо, ал:
1) ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же
2) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул мамлекеттин рези-
денти болбой калса мында эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуу сый
акыга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
2. а) жеке жакка ушул мамлекет же анын кичи бөлүмү же жергиликтүү
бийлик органы үчүн аткарган кызматы үчүн Макулдашкан Мамлекет же анын
администрациясы же саясий кичи бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же
алар тарабынан түзүлгөн фонддор тарабынан төлөнүүчү ар кандай пенсияга
мына ушул мамлекетте гана салык салынат.
б) бирок мындай пенсияга эгерде жеке жак мына ушул башка Мамлекет-
тин резиденти же гражданы болуп саналса, экинчи Макулдашкан Мамлекетте
гана салык салынат.
3. 15, 16 жана 17-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекеттин же
анын администрациялык же саясий кичи бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик
органынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылган
кызматы үчүн эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга жа-
на пенсияларга карата колдонулат.
20-статья. Студенттер
Макулдашкан Мамлекетке түздөн-түз келердин алдында экинчи Макул-
дашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болуп эсептелген жана биринчи
аталган Мамлекетте жалањ гана окуу же билим алуу максатында жүргөн сту-
дент, үйрөнчүк же практикант тарабынан алынган жана жашоо, окуу жана
билим алуу максаты үчүн арналган төлөмдөргө мындай төлөмдөр ушул Мамле-
кеттин чегинен тышкары турган булактардан келип чыккан шартта, салык
салынбайт.
21-статья. Башка кирешелер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө
алардын келип чыгуу булагына карабастан ушул Макулдашуунун мурдагы
статьяларында аталган кирешелердин түрлөрүнө мына ушул Мамлекетте гана
салык салынууга тийиш.
2. Эгерде мындай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин
резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу
мекеме аркылуу ишкердик кылууну жүзөгө ашырса же мына ушул экинчи Мам-
лекетте ал жерде жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз кызмат-
тарды көрсөтсө жана аларга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чы-
нында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышуу
болсо, 6-статьянын 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынган ки-
решелерден тышкаркы кирешелерге карата 1-пункттун жоболору колдонул-
байт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьялардын жоболору
колдонулат.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамле-
кеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагы статьяларында каралбаган
жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан кирешелеринин түрлөрүнө
да мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
Төртүнчү глава
Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары
22-статья. Кош салык салууну четтетүү
Кыргызстанга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтети-
лет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна
ылайык Пакистанда салык салынбай турган кирешени алса, Кыргызстан ушул
резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Пакистанда төлөнгөн киреше
салыгына бирдей болгон сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктын
өлчөмү ушундай кирешеге Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча чеге-
рилген эњ аз салыктан жогору болбоого тийиш.
б) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна
ылайык Пакистанда гана салык салына турган кирешени алса, Кыргызстан
ушул кирешени салык салуунун базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Кыр-
гызстанда салык салынууга тийиш болгон ушундай кирешеден алынуучу са-
лыктын ставкаларын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт.
2. Пакистанга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй түрдө
четтетилет:
а) эгерде Пакистандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ыла-
йык Кыргызстанда салык салынбай турган кирешени алса, Пакистан ушул ре-
зиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Кыргызстанда төлөнгөн киреше
салыгына бирдей сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктын
өлчөмү ушундай кирешеге Пакистанда колдонулган ставкалар боюнча чеге-
рилген эњ аз салыктан жогору болбоого тийиш.
б) эгерде Пакистандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ыла-
йык Кыргызстанда гана салык салына турган кирешени алса, Пакистан ушул
кирешени салык салуунун базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Пакистанда
салык салынууга тийиш болгон ушундай кирешеден алынуучу салыктын став-
каларын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын максаттары үчүн Макулдаш-
кан Мамлекетте төлөнүүгө тийиш болгон салык төлөнүүгө тийиш болгон ар
кандай сумманы камтыган салык катары каралат, бирок ал төлөнүүгө тийиш
эмес, анткени тиешелүү Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ал
салык салуудан бошотулат.
23-статья. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мам-
лекетте ушул экинчи Мамлекеттин улуттук жактары ошол эле жагдайларда,
атап айтканда резиденттер тартыла турган же тартылышы мүмкүн болгон са-
лык төлөөдөн же ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда башка же ал-
да канча оор болгон салык салууга же ага байланыштуу жагдайга тартыл-
байт. 1-статьянын жоболоруна карабастан ушул Жобо бир же эки Макулдаш-
кан Мамлекеттин резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да кол-
донулат.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген граждандыгы
жок адамдар Макулдашкан Мамлекеттердин биринде дагы улуттук жактар тар-
тылган же тартылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир салык салууга же болбо-
со ага байланыштуу башка алда канча оор милдеттенмелерге тартылбоого
тийиш.
3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул башка Мамлекеттин
ушундай эле ишти жүзөгө ашырган ишканасына салык салууга караганда мына
ушул экинчи Мамлекетте алда канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес.
4. 9-статьянын 1-пунктунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-стать-
янын 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдаш-
кан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин рези-
дентине төлөнүүчү проценттер, роялти жана башка төлөмдөр ушундай ишка-
нанын салык салынуучу пайданын аныктоо максатында, алар эгерде, биринчи
аталган Мамлекеттин резидентине төлөгөн сыяктуу түрдө эсептен чыгарылып
салынууга тийиш.
5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай тикелей же кыйыр түрдө
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин бир же андан ашык резидентине таандык
болгон же контролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы биринчи атал-
ган Мамлекетте кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуу милдет-
тенмелерге, же башка биринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин ушул сыяк-
туу ишканалары тартылган же тартылууга тийиш болгон салык салуудан же
ага байланыштуу милдеттенмелерден оор болгон башка милдеттенмелерге
тартылбоого тийиш.
6. Ушул статьяда эч нерсе бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макул-
дашкан Мамлекеттин резидентине граждандык статустун же үй бүлөлүк мил-
деттенмелердин негизинде ал өзүнүн жеке резиденттерине бере турган кан-
дайдыр бир жеке жењилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана алып салуулар-
ды берүүгө милдеттендирген нерсе катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.
7. Ушул статьянын жоболору 2-статьянын жоболоруна карабастан, ар
кандай текстеги жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат.
24-статья. Өз ара Макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери ага
ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келет
же алып келиши мүмкүн деп эсептесе, бул жак ушул мамлекттердин улуттук
мыйзамдарына каралган коргоо каражаттарына карабастан, ишти өзү рези-
денти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары-
нын же эгерде мындай учур 23-статьянын 1-пунктунун аракетине туура кел-
се, өзү гражданы болуп эсептелген ошол Макулдашкан Мамлекеттин компе-
тенттүү органына бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык
келбеген салык салууга алып келген иш-аракеттер жөнүндө биринчи бил-
дирүү жасалган учурдан тартып 3 жылдын ичинде берилиши керек.
2. Эгерде компенеттүү орган сын-пикирди негиздүү деп эсептесе жана
ал канаттандырарлык чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулдашуунун
жоболорунун көз карашынан алганда укукка жат салык салуудан качуу мак-
сатында аны экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компентенттүү органдары ме-
нен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилген
Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган
кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашуу-
нун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчылык-
тарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет.
Алар ошондой эле Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну
четтетүү максатында бири-бири менен консультацияларды өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары бири-бири менен
тикелей байланышка чыгышы, анын ичинде мурдагы пункттарда макулдукка
жетишүү жана түшүнүү максатында алардын өздөрүнөн же алардын
өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуу бирибири менен тике-
лей байланышка чыгышы мүмкүн. Компетенттүү органдар консультациялар ар-
кылуу тиешелүү кош тараптуу жол-жоболорду, ушул статьяда каралган өз
ара макулдашуунун жол-жобосун ишке ашыруу үчүн шарттарды, ыкмаларды жа-
на механизмдерди иштеп чыгат.
25-статья. Маалымат алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулда-
шуунун же Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын жоболорун
аткаруу үчүн зарыл болгон, аларга карата ушул Макулдашуунун жоболору
ушул Мыйзам боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбеген дара-
жадагы, атап айтканда ушундай салыктарды жасалмапоону же төлөөдөн качу-
уну болтурбай коюу үчүн зарыл болгон салыктарга тиешелүү болгон маалы-
матты алмашып турат. Маалымат алмашуу 1-статьянын жоболору менен чек-
телбейт. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан алынган
ар кандай маалымат ушул Мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында
алынган маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат деп эсептелет. Бирок
эгерде маалымат башынан тартып эле аны берген Мамлекетте жашыруун маа-
лымат катары каралса, анда ал салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүү же
соттук куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашуу колдонулган салык-
тарды сот тартибинде карай турган (сотторду жана администрациялык ор-
гандарды кошкондо) жактарга же органдарга гана билдирилет. Ушул жактар
же органдар маалыматты ушундай максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш,
бирок алар аны ачык сот заседаниелеринин же соттук чечимдердин
жүрүшүндө ачыкка чыгарышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболору эч качан Макулдашкан Мамлекеттин компе-
тенттүү органына милдеттенмелерди жүктөө максатында баяндалбоого тийиш:
а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана адми-
нистрациялык практикасына карама-каршы келген администрациялык чаралар-
ды көрүүгө;
б) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адат-
тагы администрациялык практикада алууга болбой турган маалыматты
берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр жайлык, коммерциялык же
кесиптик сырды, же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалы-
матты берүүгө же болбосо билдирип коюу мамлекеттик саясатка карама-кар-
шы келген маалыматты берүүгө.
26-статья. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын
кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу эл аралык укуктун жалпы норма-
ларында же атайын макулдашуулардын негизинде берилген дипломатиялык
миссиялардын жана консулдук кызматтардын кызматкерлеринин салыктык ар-
тыкчылыктарына тиешелүү болбойт.
Бешинчи глава
Корутунду жоболор
27-статья. Күчүнө киргизүү
1. Ушул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо
грамоталарын алмашуу дипломатиялык каналдар боюнча мүмкүн болушунча
кыска мөөнөттө жүргүзүлөт.
2. Ушул Макулдашуу ратификациялык грамоталар алмашылгандан кийин
күчүнө кирет жана анын жоболору Макулдашуу күчүнө кирген календарлык
жылдан кийинки финансылык жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонула баш-
тайт.
3. Ушул Макулдашууга Макулдашкан Мамлекеттердин өз ара макулдугу
боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө
протоколдо жазылып, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
28-статья. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин бири анын колдонулушун
токтотконго чейин күчүндө болот. Макулдашкан Мамлекеттин ар бири дипло-
матиялык каналдар аркылуу аны денонсациялоо жөнүндө ушул Макулдашуу
күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл аяктагандан кийинки ар кандай ка-
лендарлык жыл аяктаганга чейин алты ай калгандан кечиктирбестен, жазуу
жүзүндө билдирүү берүү менен Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Мындай учурда Макулдашуу билдирүү берилген календарлык жылдан кийинки
финансылык жылдын биринчи күнүнөн тартып өзүнүн күчүн токтотот.
Муну ырастоо үчүн төмөндө кол койгондор, буга тиешелүү түрдө ыйга-
рым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.
Исламабад шаарында 2005-жылдын 18-январында эки нускада, ар бири
кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текстер тењ
бирдей күчкө ээ болот.
Чечмелөөдө айырмачылык келип чыккан учурда англис тилиндеги текст
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы №275 "2005-жылдын 18-январында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам…Постановление · 20.07.2007 · № 275
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б буйругуРаспоряжение · 22.09.2005 · № 420 · Күчүн жоготкон