Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аскер кадрларын даярдоо тууралуу МАКУЛДАШУУ
Москва шаары
2005-жылдын 23-июну
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин
уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аскер
кадрларын даярдоо тууралуу
МАКУЛДАШУУ
Бул Макулдашууга катышуучу мамлекеттер, мындан ары Тараптар деп
аталуучу,
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун максаттарын жана
принциптерин жетекчиликке алып (мындан ары - Уюм),
Аскер кадрларын даярдоо чөйрөсүн Тараптардын куралдуу күчтөрүнүн,
башка аскерлеринин жана аскердик түзүмдөрүнүн натыйжалуу өзара аракет-
тенүүсүн камсыз кылуунун жана алардын ортосундагы союздук мамилелерди
өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири катары эсептеп,
Жамаатык коопсуздук системасынын көп тараптуу күчтөрүнүн жана ка-
ражаттарынын алдында турган талаптарга жооп берүүчү Тараптардын аскер-
дик кадрларын даярдоо дењгээлин камсыз кылууга умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Бул макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
"аскердик окуу жайы" - жогорку, орто жана кошумча кесиптик билим
берүү мекемелери жана Тараптардын аскер кадрларын даярдоону ишке ашыру-
учу аскердик бөлүктөр;
"жиберүүчү Тарап" - башка Тараптардын аскердик окуу жайларында да-
ярдоо үчүн өзүнүн аскер кызматчыларын жиберүүчү Уюмга мүчө мамлекет;
"кабыл алуучу Тарап" - башка Тараптардын аскер кызматчыларын
өзүнүн аскердик окуу жайларында даярдоо үчүн кабыл алуучу Уюмга мүчө
мамлекет;
"берүүчү Тарап" - окуу-методикалык пособиелерди, окуу адабияттарын
жана окуу-материалдык базанын элементтерин башка Тарапка берүүчү Уюмга
мүчө мамлекет.
2-статья
Окутууунун макулдашылган адистиктери жана программалары боюнча
Уюмга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү, башка аскерлери жана аскер-
дик түзүлүштөрү үчүн аскер кадрларын даярдоонун бирдиктүү системасын
түзүү жана өнүктүрүү Тараптардын өзүлөрүнүн максаты.
3-статья
Жиберүүчү Тараптын куралдануусундагы курал-жарактарды жана аскер
техникаларын, аскер аракеттери театрынын жана уюштуруу-штаттык
түзүмүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле жашырындуулук тартибин, чектелген
таратылуудагы кызматтык маалыматтын жана кабыл алуучу Тараптын жашыруун
маалыматын сактоону камсыз кылуу менен байланышкан чектөөлөрдү эске
алып, аскер кадрларын даярдоо кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары
үчүн иштелип чыккан бирдиктүү окуу пландары жана программалары боюнча
контракттардын негизинде ишке ашырылат:
а) кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен бирдикте;
б) өзүнчө, аскердик окуу жайлардын атайын факультеттеринде
(бөлүмдөрүндө, топторунда).
Кабыл алуучу Тараптын жашыруун маалыматын түзгөн кабарларды
берүүнү караган бирдиктүү же өзүнчө даярдык 2004-жылдын 18-июнундагы
Жамааттык коопсуздук келишим Уюмунун алкагында жашыруун маалыматтардын
сакталышын өзара камсыз кылуу жөнүндө Макулдашууну Тараптар аткарганда
гана мүмкүн болот.
Аскер кадрларын даярдоо жана окуу процессин методикалык камсыздоо
орус тилинде жүргүзүлөт.
Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчыларынын жашап туруусу кабыл алуу-
чу Тарап аркылуу белгиленген шарттарда жана тартипте уюштурулат.
4-статья
Даярдоо төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
мамлекеттик билим берүү стандартгары тарабынан белгиленген адис-
тиктер боюнча аскер кадрларына - кесиптик билим берүү мекемелеринде;
илимий-педагогикалык жана илимий кадрларга - ЖОЖдон кийинки кесип-
тик билим берүү мекемелеринде;
куралданууну жана аскер техникаларын даярдоо, өндүрүү, пайдалануу,
күжүрмөн колдонуу, оњдоо, жањылоо жана тейлөө боюнча адистерге - аскер
бөлүктөрүндө, ошондой эле практикалык машыгууларды (окууларды жана ок
атууларды) өткөрүүдө, анын ичинде башка Тараптын аскердик бөлүгүнө бир
Тараптын адисин ишсапарлоо жолу менен өткөрүүдө.
5-статья
Аскер кадрларын даярдоо төлөө жүзүндө же кабыл алуучу Тарап аркы-
луу белгиленген квота боюнча, жењилдетилген же акысыз негизде
жүргүзүлөт.
Жењилдетилген негизде даярдоодо окууга кеткен чыгымдар кабыл алуу-
чу Тараптардын эсебине, кармоо - жиберүүчү Тараптын эсебине кирет.
Акысыз негизде даярдоодо окууга жана кармоого чыгымдар кабыл алуу-
чу Тараптын эсебине кирет.
Аскер кадрларын даярдоонун финансылык жана башка түрлөрү контракт-
тык негизде жүргүзүлөт.
6-статья
Окууга табыштаманы жиберүүчү Тарап окуу жылынын 15-январына чейин
кабыл алуучу Тарапка жана Уюмдун Бириккен штабына берет.
Кабыл алуучу Тараптар окуу жылынын 15-майына чейин Уюмдун Бириккен
штабы аркылуу Уюмга мүчө мамлекеттерди окууга кабыл алынып жаткан аскер
кызматчыларынын саны жөнүндө, анын ичинде жењилдетилген жана акысыз да-
ярдоо квотасы боюнча, аскердик окуу жайын, окуунун адистигин жана ар
бир адистик боюнча сунуш кылынуучу орундардын санын көрсөтүү менен маа-
лымдайт.
Кабыл алуучу Тараптар зарылдыгына жараша окууга талапкерлерди тан-
доо боюнча сунуштарды (талаптарды) такташат.
7-статья
Окууга талапкерлерди тандоону жана алардын медициналык
күбөлөндүрүүсүн кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу жайларына кабыл
алуу шарттарынан жана сунуштарынан чыгып, жиберүүчү Тарап жүргүзөт.
Окууга талапкерлер кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен
бирге аскердик окуу жайларына зарыл болгон учурда жиберүүчү Тараптын
аймагында кабыл алуучу Тараптын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кабыл алы-
нуучу тапшыруу экзамендеринин жыйынтыгы боюнча киргизилет. Бул учурда
кабыл алуучу Тараптын өкүлдөрүн ишсапарлоо менен байланыштуу бардык чы-
гымдар жиберүүчү Тараптын эсебине кирет.
Кабыл алуучу Тараптын талаптарына жооп бербеген талапкерлер кабыл
алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен бирге окууга Тараптардын ма-
кулдашуусу боюнча атайын факультеттерде (бөлүмдөрдө, топтордо) окуу
үчүн жиберилиши мүмкүн.
Атайын факультеттерде (бөлүмдөрдө, топтордо) окуу тартиби контракт
менен аныкталат.
Кабыл алуучу Тарап өткөргөн медициналык күбөлөндүрүүнүн жана тес-
тирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкреттүү аскердик адистик боюнча окууга
жарамсыз деп табылган талапкерлер Тараптардын макулдашуусу боюнча башка
аскердик окуу жайларына, башка адистиктерге же жиберүүчү Тараптын буй-
ругуна жиберилиши мүмкүн.
Зарыл болгон учурда, Тараптардын макулдашуусу боюнча жиберүүчү Та-
раптын аскер кызматчылары үчүн орус тилин жана жалпы билим берүү дис-
циплиналарын кошумча окуп-үйрөнүү үчүн даярдоо курстары уюштурулушу
мүмкүн.
8-статья
Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчылары окуу мезгилинде кабыл алуучу
Тараптын мыйзамы менен мүмкүн болгон чекте гарнизондук, кароолдук жана
ички кызматты өтөөгө тартылышы мүмкүн.
9-статья
Аскер кызматчыларына окуусун улантууга жана мурда бекитилген конт-
ракттардын шартында ушул Макулдашууга кол койгонго чейин тапшырышкан
Тараптын аскердик окуу жайын аяктоого укук берилет.
10-статья
Тараптар өзара негизде аскердик окуу жайын аяктагандыгы жана или-
мий даража ыйгаргандыгы жөнүндө кабыл алуучу Тараптын документтеринин
эквиваленттүүлүгүн табышат.
11-статья
Тараптар аскер кадрларын даярдоо боюнча улуттук аскердик окуу жай-
ларын өнүктүрүүдө өзара жардам көрсөтүшөт.
Бул максатта окуу-методикалык куралдарды, окуу адабияттарын жана
окуу-материалдык базанын элементтерин (макеттерди, стенддерди, трена-
жерлорду ж.б.) берүү өз муктаждыктары үчүн багытталган берүүчү Тараптын
тарифтери боюнча акы төлөө негизинде же калдык баа боюнча жүргүзүлөт.
Берүүнүн тартиби берүүчү Тараптын мыйзамына ылайык аныкталат.
12-статья
Бир Тараптын адистерин башка тараптын аскердик окуу жайларына оку-
туу үчүн жиберүү контракттардын негизинде жүргүзүлөт.
13-статья
Аскер кадрларын даярдоонун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан жана
ушул Макулдашуу менен каралбаган маселелер контракттарда чечилет.
14-статья
Бул Макулдашуу боюнча Тараптардын милдеттери башка эларалык кели-
шимдер боюнча эларалык келишимдердин катышуучусу болуп саналган Тарап-
тардын милдеттерине зыян келтирбейт.
15-статья
Бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө прото-
колдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши
мүмкүн жана ушул Макулдашуунун 17-статьясында каралган тартипте күчүнө
кирет.
16-статья
Бул Макулдашууну колдонууга жана талкуулоого байланышкан талаш ма-
селелер таламдаш болгон Тараптардын кењеш берүү жана сүйлөшүү жолу ме-
нен чечилет.
17-статья
Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик
жолжоболорду кол койгон Тараптар аткаргандыгы жөнүндөтөртүнчү кат
жүзүндөгү билдирүүсүн депозитарий алган датадан баштап күчүнө кирет.
Зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболорду кечирээк аткарган Та-
раптар үчүн ушул Макулдашуу депозитарийге тиешелүү кат жүзүндөгү бил-
дирүү берген датадан баштап күчүнө кирет.
18-статья
Бул Макулдашуунун аракети учурунда пайда болгон финансылык жана
башка милдеттенмелерди жөнгө салып, чыкканга 6 айдан кеч эмес калганда
депозитарийге кат жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү менен ушул Макулдашуудан
ар бир Тарап чыгып кете алат.
2005-жылдын 23-июнунда Москва шаарында орус тилинде бир түпнускада
түзүлдү. Бул Макулдашуунун түпнускасы Жамааттык коопсуздук жөнүндө ке-
лишим Уюмунун Секретариатында сакталат, ал күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн
ушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке жиберет.
Армения Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн
Беларусь Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн
Казакстан Республикасы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.