# 9-статья. ВИЧке медициналык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1747)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 13-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике", "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747#diff=1091611..1091612>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1673/edition/1091607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1747/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө, 9-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-9

---

ВИЧке медициналык текшерүү мамлекеттик, муниципалдык же жеке саламаттык сактоо мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. 14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. ВИЧке медициналык текшерүүнү өткөргөн учурда аны кандайдыр бир мажбурлоо, текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын макулдугусуз же ага күч колдонуп, психологиялык жана моралдык жактан кысым көрсөтүп, ошондой эле текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын көзкаранды абалынан пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда ВИЧ/СПИДдин бар же жок экендиги жөнүндө ВИЧке медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуларды берүү мыйзамда белгиленген тартипте лицензиясы бар жана аккредиттелген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. Тигил же бул адамдын иммуножетишсиздик вирусуна чалдыккандыгы же анын ВИЧ-инфекциясы менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар мыйзам менен корголуучу кызматтык сырды түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык колтийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кыматкерлерин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуусун текшерүү алар кайрылган учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды эсепке алуунун жана медициналык көзөмөлдөөнүн эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-10)
