# 7-статья. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1747)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 13-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111581)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747#diff=1091609..1091610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1673/edition/1091607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1747/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө, 7-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-7

---

Кыргыз Республикасында медициналык текшерүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү каралган:

- ыктыярдуу;

- милдеттүү;

- мажбурлоо.

Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, аң-сезимдүү негизде текшерүүдөн өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт. ВИЧке купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачык жарыя кылынбайт жана текшерүүдөн өткөн адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. ВИЧке мажбурлап текшерүү аны дайындоо жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт. Мындай текшерүүнүн фактысы жана анын жыйынтыктары да мыйзам менен корголо турган купуя мүнөздө болот. ВИЧке ар кандай медициналык текшерүү тестке чейинки жана тесттен кийинки психо-социалдык кеңештерди жүргүзүү менен коштолот. ВИЧке байланыштуу психо-социалдык кеңештерди өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн тышкары, текшерүүдөн өтүп жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган баскычында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-8)
