# 14-статья. ВИЧ-инфекциясын, СПИДди кесиптик ооруларга кошуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1747)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 13-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1673/edition/1091607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1747/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө, 14-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-14

---

Медициналык, фармацевтик, социалдык же дагы башка кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет. Аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктер берилет жана мамлекеттик жөлөкпулдар төлөнөт. ВИЧ-инфекциясына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан жана ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга дарылоо жардамдарын көрсөтүп жаткан кызматкерлердин, ошондой эле ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын каны жана башка биологиялык материалдары менен иштеген кызматкерлерди саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялары ал кызматкерлерди зарыл болгон керектүү коргоо каражаттары менен камсыз кылууга, ВИЧке чалдыкпаганын табуу максатында үзгүлтүксүз иликтеп турууга милдеттүү. Жумуш берүүчүлөр, алардын менчигинин түрүнө карабастан, өз кызматкерлерин ВИЧ/СПИД жана зарыл болгон учурда жумуш орундарында алардан коргонуунун чаралары жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-15)
