# 12-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдарды социалдык жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1747)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 13-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 44 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203288)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747#diff=1091607..1091608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1673/edition/1091607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1747/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө, 12-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-12

---

ВИЧ/СПИД дарты аныкталган эки жашка чейинки балдар майып бала деп табылат. ВИЧ-инфекциясына чалдыккан жана СПИД менен ооруган балдарга катталган учурдан тартып, ал эми ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн тартып 18 айга толгонго чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпул белгиленет. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар бир жашка чыкканга чейин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыз кылынат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан эки жаштан ашкан балдар медико-социалдык эксперттик комиссиядан жалпы негиздерде текшерүүдөн өтөт. ВИЧ/СПИДге чалдыккан, клиникаларда, реабилитациялык борборбордо же байланыштуу үй шарттарында жүргөн балдар жалпы билим берүү мектебинин же башталгыч кесиптик билим берүү курстарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен атайын программалар боюнча окууга укуктуу. ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдарды балдардын мектепке чейинки мекемелерине, мектептерге, интернаттарга жана денсоолукту чыңдоо санаторияларына кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-13)
