# 11-статья. ЛЖВС жана ЛПВСтерди социалдык жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1747)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 13-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 136 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747#diff=1091610..1091611>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1673/edition/1091607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1747/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө, 11-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-11

---

18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес. ВИЧ/СПИДге чалдыккан, майыптыгы аныкталган адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия менен камсыз кылынууга укугу жок болгон учурда социалдык жөлөкпул дайындалат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан 14 жашка чейинки балдардын ата-энелеринин бири же аны иш жүзүндө багып жаткан адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуз! КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамына ылайык, берилген статьянын 1-бөлүмүнүн жоболору 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы табылган күнгө карата жашы жете элек балдарга карата жайылтылат. Караныз: ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1747/st-12)
