Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 2004-2014-жылдарга кызматташтык программасы
Бишкек шаары
2004-жылдын 21-сентябры
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын
ортосундагы 2004-2014-жылдарга
кызматташтык программасы
I. Саясий тармак
II. Соода-экономикалык тармак, экономикалык кызматташтыктын
негизги принциптери жана багыттары
III. Транспорт, бажы жана чек ара инфраструктурасы, транзиттик
ташуулар жана чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода
жүргүзүү тармагы
IV. Энергетика жана минераллык ресурстарды өздөштүрүү тармагы
V. Финансы-инвестиция тармагы
VI. Туризм тармагы
VII. Илимий-техникалык кызматташтык
VIII. Маданий-гуманитардык тармак
IX. Кортунду
Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы, мындан ары Тарап-
тар деп аталуучулар,
эки мамлекеттин элдери алардын ортосундагы салтка айланган достук
карым-катнаштарды сактоого, саясий, соода-экономикалык, илимий-техника-
лык, гуманитардык жана башка тармактарда, ошондой зле коопсуздук жаа-
тында узак мөөнөттүү негизде өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары
чыњдоого жана өнүктүрүүгө умтулгандыгын эске алып,
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы бир
тууган коњшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө 2002-жылдын 24-ию-
нунда кол коюлган Келишимди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл
алынган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алып,
2004-2014-жылдарга төмөнкү багыттарда достук кызматташтыкты
өнүктүрүүгө макулдашты:
I. Саясий тармак
1. Эњ жогорку жана өйдөкү дењгээлдердеги байланыштарды бардык та-
раптан чыњдоо, эки тараптуу мамилелердин жана өз ара кызыкчылык туудур-
ган зл аралык көйгөйлөрдүн кењири спектри боюнча терењдетилген пикир
алмашууну жүргүзүү.
2. Дипломатиялык каналдар боюнча саясий консультацияларды актив-
дештирүү, Тараптардын өкмөттүк органдарынын ортосундагы карым-катнаш-
тарга көмөктөшүү, кызыкдар ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардын
ортосунда коопсуздук, коргоо, соода, экономика, адилет, укук, туризм,
саламаттыкты сактоо, маданият, массалык маалымат жана башка тармактар-
дагы өз ара пайдалуу байланыштардын өнүгүүсүн колдоо.
3. Тараптардын эњ жогорку мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы
түздөн-түз байланыштарды жана эл аралык парламенттик уюмдарда алардын
ортосундагы кызматташтыкты колдоо. Кыргыз Республикасынын Парламенти -
Жогорку Кењеш менен Бүткүл Кытайлык Эл өкүлдөр Жыйынынын ортосунда ар
кандай дењгээлдерде тажрыйба алмашууну жөнгө салуу, Кыргызстан калкынын
Ассамблеясы менен Кытайдын Элдик Саясий Консультативдик Кењешинин орто-
сунда регулярдуу байланыш механизмин түзүү жөнүндө маселени жана башка
маселелерди карап чыгуу.
4. Шанхай Кызматташтык Уюмунун дүйнөлүк жањы турмуштагы ролун жо-
горулатуу, БУУнун бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана кооп-
суздукту камсыз кылуу ишиндеги борбордук ролун күчөтүү максатында эл
аралык уюмдардын, биринчи кезекте, жогоруда аталган уюмдардын алкагын-
дагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыњдоо, терроризмге, сепаратизмге
жана экстремизмге каршы күрөшүүдө, ошондой эле улуттар аралык уюмдашкан
кылмыштуулукка, бањги жана психотроптук заттардын мыйзамсыз айлануусуна
каршы аракеттенүүдө жана башка ушул сыяктуу коркунучтарга жана чакырык-
тарга туруштук берүүдө өз ара кызматташуу. Эл аралык тынчтыкты жана ту-
руктуулукту кармоого жана чыњдоого байланышкан маселелер боюнча
дүйнөлүк жана региондүк дењгээлдерде кењири өз ара аракеттенүү.
5. Башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү, алардын аймактык
бүтүндүгүнө доо келтирүү жана ар кандай шылтоолорго таянып, мамлекет-
тердин ички көйгөйлөрүн ар кандай формалардагы улуттар аралык
көйгөйлөргө айлантуу аракеттерине каршы туруу.
Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндө бир гана Кытай бар, Кытай Эл
Республикасынын Өкмөтү бүткүл Кытайды көрсөткөн бирден-бир мыйзамдуу
өкмөт болуп эсептелет жана Тайвань Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгү
болуп саналат деген принциптерге таянат. Кыргыз Республикасы "эки Кы-
тайды", же болбосо, "бир Кытайды, бир Тайванды", "көз карандысыз Тай-
ванды" түзүү, мүчөлөрү болуп жалањ гана эгемендүү мамлекеттер эсептел-
ген бардык эл аралык жана региондук уюмдарга Тайванды киргизүү аракет-
теринин бардык көрүнүштөрүнө каршы турат. Бул көз карашка таянып, Кыр-
гыз Республикасы Тайвань менен расмий мамилелерди түзбөйт жана Тайвань
менен расмий байланыштарды жүргүзбөйт.
6. Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү
жөнүндө Шанхай конвенциясынын жана Терроризмге, сепаратизмге жана экс-
тремизмге каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республи-
касынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде эки
мамлекеттин тиешелүү ведомстволорунун иш-аракеттерин координациялоо жа-
на алардын ортосундагы кызматташтыкты чыњдоо, терроризмдин бардык фор-
маларына, анын ичинде "Чыгыш Түркстан" террористтик күчтөрүнө каршы
биргелешип күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү.
7. Региондук жана глобалдык интеграциялоо процесстеринин өнүгүшүн
колдоо жана башка мамлекеттер менен бирдикте Шанхай Кызматташтык Уюму,
Борбордук Азия регионундагы экономикалык уюмдар, Боао Азиялык Форуму
сыяктуу диалогго жана кызматташтыкка негизденген механизмдердин алка-
гында өз ара аракеттенүү.
8. Саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы дүйнөлүк
өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эки тараптуу мамилелердин укуктук негизин
толтуруу. Бул максатта мындан мурун кол коюлган келишимдердин жана ма-
кулдашуулардын инвентаризациясын өткөрүү жана зарылдыгына жараша жаны-
ларын түзүү.
II. Соода-экономикалык тармак, экономикалык
кызматташтыктын негизги принциптери жана багыттары
1. Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн, ошондой эле тењ укуктуулук жана
өз ара пайда алуу принциптеринин негизинде, эл аралык укуктун жалпы ка-
был алынган ченемдерин жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-
дарын зске алуу менен Тараптардын компанияларынын, ишканаларынын, уюм-
дарынын жана жеке жактарынын, ошондой эле Тараптардын өкмөттүк органда-
ры менен ведомстволорунун ортосундагы түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү
жүргүзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты ишке ашыруу.
2. Соода-зкономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр
аралык комиссиясынын потенциалын толук дењгээлде ачуу жана пайдалануу.
Комиссия мындан мурун макулдашылган приоритеттүү тармактардагы кызмат-
таштыктын объекттери мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө экономикалык на-
тыйжага алып келиши үчүн иштеген чараларды көрөт.
3. Өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ар биринин
мамлекеттеринин аймактарында эки өлкөнүн өз ара кызматташып жаткан чар-
бакер субъекттерине, мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарына жа-
гымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүп
жаткан компаниялардын, ишканалардын, уюмдардын жана жеке адамдардын
мыйзамдуу менчик укуктарынын кол тийбестигин камсыз кылуу. Тараптардын
ар бири экинчи Тараптын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон
иш-аракеттерди жасоодон оолак болот.
4. Отун-энергетикалык комплексте, транспорт жана инфраструктура
тармагында, айыл чарбада, тамак жана кайра иштетүүчү өнөр жай жаатында
жана башка тармактарда эки мамлекеттин чарбакер субъекттеринин ортосун-
дагы өндүрүштүк технологияларды оптимизациялоо, аларды адистештирүү жа-
на кооперациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
5. Конкреттүү максаттарды көздөгөн мамлекеттер аралык долбоорлорду
жана экономикапык кызматташтык программаларын, ошондой эле аларды ишке
ашыруу үчүн керектүү болгон бирлешкен структураларды түзүүгө
кемөктөшүү.
6. Эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү, Тараптардын мамлекетте-
ринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен чарбакер субъекттерге бирдей
укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү.
7. Эки мамлекеттин аймактарында экономикалык тармактагы чегара
аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана
жүргүзүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо.
8. Тиешелүү өкмөттүк органдардын ортосунда эки мамлекеттин орто-
сундагы сооданын жүргүзүлүшү жөнүндө статистикалык маалыматтарды жана
зки мамлекеттеги тышкы экономикалык ишаракеттерди жөнгө салуу тармагын-
дагы ченемдик-укуктук маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу;
Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында чарбалык иш-аракеттерди жөнгө салуу
тармагындагы ченемдик-укуктук базаны шайкештирүүгө көмөктөшүү.
9. Эл аралык финансы-экономикалык уюмдардын жана форумдардын алка-
гында кызматташуу.
III. Транспорт, бажы жана чек ара инфраструктурасы,
транзиттик ташуулар жана чек арага жакын жайгашкан
аймактарда соода жүргүзүү тармагы
1. Эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча транспорт-
тук сектордогу приоритеттүү долбоорлорду алдыга карай натыйжалуу жылды-
рууга, ошондой эле аларды эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык-
тын алкагында тез арада ишке ашырууну баштоого, атап айтканда, Кашгар -
Иркештам - Сары-Таш - Ош - Андижан - Ташкент транспорттук жолун ачууга
көмөктөшүү. Тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын
курулушу мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө Комплекстүү отчеттун неги-
зинде техникалык-экономикалык негиздөөнү жүргүзүүнү жана Кытай-Кыргызс-
тан-Өзбекстан темир жол магистралын курууга каражаттарды топтоо маселе-
син изилдөөнү улантышат.
2. Жүргүнчүлүк жана жүк ташуучу каттоонун үзгүлтүксүз иштешине
көмөктөшүү жана эки мамлекеттин аймактарында транзиттик ташууларды
өнүктүрүү.
3. Аба катнашын орнотуу жөнүндө 1996-жылдын 4-июлундагы кыргыз-кы-
тай өкмөттөр аралык Макулдашуусунун алкагында, тењдештик жана өз ара
пайда алуу принциптеринин негизинде жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн,
ошондой эле эки өлкөнүн аймактары аркылуу транзит менен өтүп бара жат-
кандардын эки мамлекеттин ортосунда тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн жагымдуу
шарттарды түзүү максатында аба ташууларын өнүктүрүү.
4. Бишкек-Пекин багыты боюнча аба катнашын кайрадан иштетүү боюнча
иштиктүү чараларды көрүү.
5. Тењдештик жана өз ара пайда алуу принциптеринин негизинде чек
арага жакын жайгашкан аймактардагы сооданы колдоо саясатын жүргүзүү,
сүйлөшүүлөр механизмин түзүү жана чек арага жакын жайгашкан администра-
тивдик-аймактык бирдиктердин ортосундагы кызматташтыкка көмөктөшүү.
6. Чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода жүргүзүүдө карантин-
дик, санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл, бажылык жана чек аралык ре-
жимдер жаатында пайда болуучу маселелерди жөнгө салуу боюнча иштиктүү
чараларды көрүү; Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эске
алуу менен бажы формалдыктарын тариздөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
боюнча чараларды иштеп чыгуу; товарлардын, жүктөрдүн жана продукциянын
санитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын жыйынтыктарын өз ара таануу
тармагындагы кызматташтыкты чыњдоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы экспорттук-импорттук то-
варлардын сапаттарын кепилдөө жөнүндө Макулдашуунун аткарылышын алдыга
карай активдүү жүргүзүү.
7. Жүргүнчүлөрдүн агымы жана товарлардын көлөмү көбөйүп бара жат-
кандыгына байланыштуу, үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана транспорт-
тук каражаттарын "Торугарт" контролдук-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүүгө
байланышкан маселелерди чечүү жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуудагы
өткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында контролдук-өткөрүү
пункттун функцияларын кењейтүү боюнча чараларды көрүү.
8. Тараптардын ак ниет импорттук-экспорттук компанияларынын орто-
сунда жүгүртүлгөн товарларга карата колдонулуучу бажы жол-жоболорун
тездетүүгө жана жењилдетүүгө көмөктөшүү; товарлар үчүн транзиттик ре-
жимди макулдашуу; стандарттарды бир түргө келтирүүгө жана өз ара мый-
замдаштырууну ишке ашырууга көмөктөшүү;
- автотранспорттук каражаттардын эки мамлекеттин аймактарындагы
жүктөө/жүктөн бошотуу пункттарына чейин барышына байланышкан маселелер-
ди чечүү үчүн зарыл чараларды көрүү. Эки өлкөнүн бажы кызматтары конт-
рабандага жана башка бажы укуктарын бузууларга каршы күрөшүүгө багыт-
талган биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүшөт.
9. Өздөрүнүн кызматташтыгын координациялоо максатында Кыргыз Рес-
публикасынын жана Кытай Эл Республикасынын бажы кызматтары экспорт-
тук-импорттук соода жүргүзүү режиминин ойдогудай иштешин биргелешип
камсыз кылуу максатында административдик каналдарды пайдалануу менен
контрабандага, бањги заттарына жана терроризмге каршы күрөшүүдө маалы-
маттар менен алмашуу механизмин түзүшөт.
10. "Кыргызтелеком" акционердик коому менен Кытайдын "Нuawei Тесh-
nоlоgies Со. Ltd" компаниясынын ортосундагы "Кыргызтелеком" акционердик
коомуна техникалык колдоо көрсөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө
көмөктөшүү.
IV. Энергетика жана минераллык ресурстарды
өздөштүрүү тармагы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө
2002-жылдын 24-июнундагы Рамкалык Макулдашууну натыйжалуу ишке ашыруу-
нун планын иштеп чыгуу.
2. Кытайдын электр-энергетикалык ишканаларынын Кыргыз Республика-
сындагы злектрдик станцияларды, электр өткөрүүчү линияларды жана башка
электр-энергетикалык долбоорлорду инвестирлөөдө жана курууда катышуу
маселелерин карап чыгуу. Электр знергиясына болгон талапты зске алуу
менен Кыргызстандан Кытайга чейин созула турган 35-вольттук жана андан
жогору кубаттуулукка барабар болгон электр линияларын куруу маселесин
карап чыгуу, бул жерде бүгүнкү күнү дагы Кыргызстандан электр энергия-
сын импорттоо боюнча кызматташтык натыйжалуу ишке ашырылып келет.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында му-
най зат жана газ ресурстарын иштеп чыгууга, атап айтканда, чалгындоочу
жана иштетүүчү скважиналарды бургулоого, скважиналарды оњдоого, алдыњкы
жањы технологияларды колдонуу менен Кыргызстанда учурда иштеп жаткан
мунай зат жана газ чыккан жерлерден мунай заттын чыгуу дењгээлин кармо-
ого, ошондой эле мунай зат жана химия тармагындагы кызматташтыкка ка-
тышкан кытайлык ишканаларды кубаттоо жана колдоо.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствонун жана Кытай Эл Республика-
сынын Жер жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы бир ка-
тар конкреттүү геологиялык долбоорлорду аткаруу боюнча Макулдашууга кол
коюу мүмкүндүгүн карап чыгуу.
5. Эки мамлекеттин ортосунда чегара аралык дарыяларды пайдалануу
жана коргоо жөнүндө Макулдашууга кол коюу мүмкүндүгүн карап чыгуу.
6. Эки Тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мине-
ралдык ресурстарды өздөштүрүү боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү жана
алардын ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүндүгүн карап чы-
гуу.
V. Финансы-инвестиция тармагы
1. Тењдештик жана өз ара пайда алуу принциптеринин негизинде ин-
вестициялык климатты жакшыртуу жана өз каражаттарын экинчи Тараптын ай-
магында инвестирлеген биринчи Тараптын ишканаларын активдүү колдоо. Эки
Тараптын мамлекеттеринин учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык
эки мамлекеттин ишкер адамдарына соода-экономикалык ши-аракеттерди
жүргүзүү үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү жана жењилдетилген
саясатты колдонуу, эки мамлекеттин аймактарына кирүүдө жана кайра чыгу-
уда эки өлкөнүн ишкер адамдарына тиешелүү шарттарды өз ара түзүү жана
мамлекеттердин биринин аймагында болгон экинчи мамлекеттин жарандарынын
мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын иштиктүү коргоо.
2. Коммерциялык банктарды, инвестициялык жана камсыздандыруу ком-
панияларын өз ара пайдалуу улуттук жана эл аралык долбоорлорду жана
программаларды каржылоого тартуу боюнча шарттарды түзүү.
3. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алардын
аймактарында коммерциялык банктардын, финансылык жана лизингдик компа-
ниялардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга көмөктөшүү.
4. Чарбакер субъекттердин өз ара соода-экономикалык иш-аракеттерин
жүргүзүүдө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-
дагы накталай акча жүгүртүүнүн көлөмүн азайтуу максатында чек арага жа-
кын жайгашкан райондордо Тараптардын банктык мекемелеринин санын
көбөйтүүгө көмөктөшүү.
5. Тараптардын чарбакер субъекттеринин ортосунда пластикалык кар-
таларды пайдалануу менен жүргүзүлүүчү эсеп-кысап системасын өнүктүрүүгө
көмөктөшүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуу жана ко-
опсуз зсеп-кысабын жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү.
VI. Туризм тармагы
1. Туристтик визаларды берүү жол-жоболорун жењилдетүү, ошондой эле
туристтик жана транспорттук агентстволордун ортосундагы кызматташтыкты
өнүктүрүү аркылуу эки мамлекеттин ортосундагы туризмди өнүктүрүү үчүн
зарыл болгон чараларды көрүү.
2. Улуу Жибек жолу аркылуу туристтик маршруттарды жана туристтик
продуктуларды өнүктүрүү мүмкүндүгүн карап чыгуу.
3. Эки мамлекеттин туристтик компаниялары менен уюмдарынын орто-
сундагы маалымат жана тажрыйба алмашууну активдүү колдоо ошондой эле
өзүнүн мамлекетинин аймагындагы туристтик көргөзмөлөргө зкинчи тараптын
катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
VII. Илимий-техникалык кызматташтык
1. Илим жана техника тармагындагы кызматташтыкты колдоо жана или-
мий проблематика боюнча маалымат алмашууну кубаттоо.
2. Кыргыз Республпкасынын Улуттук илимдер академиясы менен Кытай
Эл Республикасынын Илимдер академиясынын, ошондой эле алардын институт-
тарынын ортосундагы илимий алмашууларды жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө
көмөктөшүү.
3. Адистер түзгөн делегациялардын ишсапарларын жана эки мамлекет-
тин илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы изилдөөлөрдүн жыйынтык-
тарын өз ара алмашуу, эки мамлекеттин окумуштууларынын катышуусу менен
эл аралык илимий форумдарды, конференцияларды жана симпозиумдарды
өткөрүү.
4. Макулдашылган фундаменталдуу жана колдонмо илимий-изилдөө дол-
боорлорун жана программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында
биргелешкен илимий-изилдөө уюмдарын түзүүгө көмөктөшүү.
VIII. Маданий-гуманитардык тармак
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик комиссия менен Кытай Эл Республикасынын Маданият ми-
нистрлигинин ортосундагы кызматташтыкты үзгүлтүксүз негизде ишке ашы-
руу, театралдык-музыкалык искусство, телевидение, кинематография, музей
жана китепкана тармагындагы өз ара алмашуулардын өнүгүшүн колдоо.
2. Бир Тараптан, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу тармагын-
да иштеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жаштар
уюмдарынын жана экинчи Тараптан, Бүткүл кытайлык жаштар ассоциациясынын
ортосундагы карым-катнаштарды чыњдоо, эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда-
гы маданий, социалдык жана экономикалык тармактардагы байланыштарды жа-
на кызматташтыкты кењейтүү.
3. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түзгөн делегацияларды
алмашууну жүргүзүү. Эки мамлекеттин өнүгүшүнүн жүрүшү жөнүндө объек-
тивдүү маалыматтарды бири-бирине берүү, эки өлкөнүн элдеринин ортосун-
дагы өз ара түшүнүү жана достукту чыњдоого көмөктөшүү максатында таж-
рыйба алмашуу.
4. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы кызматташ-
тыкты ишке ашыруу.
5. Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында экинчи Тарапка кон-
сулдук кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле тиешелүү
маселелер боюнча өз ара макулдашууларды жана пикир алмашууларды июке
ашыруу.
IX. Кортунду
1. Бул Программанын жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар кыз-
матташтыктын конкреттүү тармактары жана багыттары боюнча атайын макул-
дашууларды, атап айтканда, конкреттүү мөөнөттөрдү жана Тараптардын ат-
каруучуларын белгилөө менен Программаны ишке ашыруунун Натыйжалуу
иш-чаралар планын түзүшү мүмкүн. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча
бул Программага керектүү өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн,
алар ушул Программанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген атайын прото-
колдор менен таризделет.
2. Бул Программа Тараптар тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду
аткарган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптар башка макулдаштык-
тарга жетишпесе, бул Программанын аракетинин токтотулушу Тараптардын
ушул Программа өз күчүндө болгон мезгилде анын алкагында түзүлгөн ма-
кулдашуулардан жана келишимдерден (контракттардан) келип чыккан укукта-
рына жана милдеттерине таасир этпейт.
Бишкек шаарында 2004-жылдын 21-сентябрында эки нускада, ар бири
кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Шанхайская Конвенция о борьбе с терроризмом, сепаратизмом и экстремизмом от 15 июня 2001 года г.Шанхай (Ратифицировано Законом КР от 10 апреля 2002 года № 50)Конвенция · 15.06.2001
- Соглашение между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой о сотрудничестве в борьбе с терроризмом, сепаратизмом и экстремизмом (Ратифицировано Законом КР от 17…Соглашение · 11.12.2002
- Договор о добрососедстве, дружбе и сотрудничестве между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой от 24 июня 2002 года в г. ПекинДоговор · 24.06.2002