# 18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтуү мамлекеттик

- Документ: [Уулу ата мекендик согуштагы жеңиштин 60-жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1745)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 13-августундагы № 147 "Уулу ата мекендик согуштагы жеңиштин 60-жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043524)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1745/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1671/edition/284965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1745/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уулу ата мекендик согуштагы жеңиштин 60-жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө, 18-статья (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1745/st-18

---

администрациялардын жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча

башкарууларынын, айыл өкмөтүнүн башчылары төмөндөгүлөргө көмөк

көрсөтүунү камсыз кылышат:

а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди

жашаган жерине келгенден кийин өз убагында каттоого алууга, алардын

ишке орношуусуна же ата —энелерине, көзөмөлдүк же камкордук көрүу

органдарына өткөрүп берилишине, зарыл учурларда алар жашаган жерине

келген кундөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен алардын

балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге жайгаштырылышына, жашы жете

электердин иштери боюнча комиссиялардын, ички иштер органдарынын,

коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы

жете электерди кайра тарбиялоо боюнча иштерин координациялоону

жүргүзүүну;

б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында

каттоого алууну уюштурууга, алар жашаган жерине келген күндөн тартып

эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен ишке орноштурууга жана турмуш —

тиричилик жагынан жардам берүүгө; багар —көрөрү жок жазадан бошотулган

майыптарды жана кары — картањдарды майыптар жана кары — картањдар

үйлөрүнө жайгаштырууну.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлиги башка органдар менен биргелешип,

белгиленген тартипте кургак учуктун оор түрү менен ооруп жазадан

бошотулгандарды каттоого алууну жана атайын дарылоо мекемелерине

жөнөтүунү уюштурсун. Азыркы иштеп жаткан кургак учук мекемелеринин

базасында багар — көрөрү жок майыптар, кары — картандар жана кургак

учук менен ооругандарды багуу үчүн хоспистик бөлүм уюштурулсун.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын

каттоого алууну жана өлкөдөн чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз

Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир беткей

аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1745/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1745/st-19)
