Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Найробиде кабыл алынган Олимпиадалык символду коргоо жөнүндө Найроби келишими
Найроби шаары
1981-жылдын 26-сентябры
1981-жылы 26-сентябрда Найробиде кабыл алынган
Олимпиадалык символду коргоо жөнүндө
Найроби келишими
I бөлүм. Негизги жоболор
II бөлүм. Мамлекеттердин кошундары
III бөлүм. Корутунду жоболор
I бөлүм. Негизги жоболор
1-статья. Мамлекеттердин милдеттенмелери
Бул Келишимдин ар бир мамлекет-катышуучусу 2- жана 3-статьяларды
эсепке алуу менен олимпиадалык символдон турган же Эл аралык олимпиада-
лык комитеттин Уставында белгиленген түрдө бул символду камтыган бардык
белгилерди каттоодон баш тартууга же белги катары каттоону жарактуу
эмес деп табууга жана буга Эл аралык олимпиадалык комитеттин уруксаты
болгон учурлардан башка учурда, коммерциялык максаттарда белги катары
же башка белгилөөлөр катары пайдаланууга тиешелүү чаралардын жолу менен
тыюу салууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн символдун аталган аныктамасы жана
графикалык сүрөтү Тиркемеде келтирилет.
2-статья. Милдеттенмеден алып салуулар
(1) 1-статьяда каралган милдеттенме бул Келишимдин мамлекет-каты-
шуучуларына төмөнкүлөргө карата тийиштүү болуп саналбайт:
(i) олимпиадалык символдон турган же бул символду камтыган ар бир
белги, эгерде мындай белги бул мамлекетке карата бул Келишим күчүнө
кирген күнгө чейин мамлекетте же бул мамлекетте 1-статьяда каралган
милдеттенме аткарылып жаткан каалаган мезгилдин ичинде катталса,
3-статьяга ылайык токтотулган деп эсептелет;
(ii) коммерциялык максатта бул мамлекетте олимпиадалык символдон
турган же бул символду камтыган ар бир белгини же башка тамганы бул
мамлекетке карата Келишим күчүнө кирген күнгө чейин же бул мамлекетте
1-статьяда каралган милдеттенме аткарылып жаткан каалаган мезгилдин
ичинде мыйзамдуу түрдө мындай пайдаланууну баштаган каалаган жактын же
ишкананын пайдаланууну улантуусу 3-статьяга ылайык токтотулган деп
эсептелет.
(2) (1) (i)-пунктчасынын жоболору ошондой эле Келишим боюнча кат-
тоонун натыйжасында бул мамлекет катышуучусу болуп эсөптелген бул мам-
лекетте каттоосу жарактуу белгилерге карата да колдонулат.
(3) (1) (i)-пунктчасында аты аталган жактын же ишкансынын уруксаты
менен пайдалануу көрсөтүлгөн пунктчанын максаттары үчүн бул жактын же
ишкананын пайдалануусу катары эсептелет.
(4) Бул Келишимдин бир дагы мамлекет-катышуучусу олимпиадалык сим-
волду олимпиадалык кыймыл жөнүндө же бул кыймылдын алкагында жүзөгө
ашырылуучу ишмердүүлүк жөнүндө маалымдоо максатында жалпыга маалымдоо
каражаттарынын пайдалануусуна тыюу салууга милдеттүү эмес.
3-статья. Милдеттенмени аткарууну токтотуп туруу
1-статьяда каралган милдеттенмени аткаруу, эгерде ушул мезгилдин
ичинде Эл аралык олимпиадалык комитет менен бул мамлекеттин Улуттук
олимпиадалык комитетинин ортосунда эл аралык олимпиадалык комитет бул
мамлекетте олимпиадалык символду пайдаланууга уруксат берүү шарттарына
карата жана эл аралык олимпиадалык комитет көрсөтүлгөн уруксаттарды
бергендиги үчүн ала турган бардык кирешелердеги Улуттук олимпиадалык
комитеттин үлүшүнө карата колдонууда эч кандай макулдашуу болбосо, ал
бүткүл мезгилдин ичинде ушул Келишимдин каалаган мамлекет-катышуучусу
тарабынан токтотуп коюлду деп эсептелет.
II бөлүм. Мамлекеттердин кошундары
4-статья. I бөлүмдөн алып салуулар
I бөлүмдүн жоболору мындай кошунду, аймакты, же башка топторду не-
гиздөө тууралуу тийиштүү макулдашуулардан келип чыккан, атап айтканда
мындай макулдашуулардагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен эркин
алмашууну жөнгө салуучу жоболорго карата бажы кошунунун, эркин соода
аймагынын, ар бир башка экономикалык кошундун же ар бир башка региондук
же субрегиондук топтун мүчөлөрү болуп эсептелген бул Келишимдин мамле-
кет-катышуучуларынын милдеттенмелерине зыян келтирбейт.
III бөлүм. Корутунду жоболор
5-статья. Келишимге катышуу
(1) Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары
"Уюм" деп аталат) же Өнөр жай менчигин коргоо боюнча эл аралык (Париж)
кошунунун (мындан ары Париж кошуну" деп аталат) мүчөсү болуп эсептелген
ар бир мамлекет:
(i) ратификациялык грамотаны же кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-
кументке кол коюу жана андан ары сактоого өткөрүү, же
(ii) кошулуу жөнүндө актыны сактоого өткөрүп берүү жолу менен бул
Келишимдин катышуучусу боло алат.
(2) (1) пунктунда аты аталбаган, Бириккен Улуттар Уюмунун же Би-
риккен Улуттар Уюму менен байланышта болгон кандайдыр бир адистештирил-
ген мекемелердин мүчөсү болуп эсептелген ар бир мамлекет кошулуу
жөнүндө актыны сактоого өткөрүп берүү жолу менен бул Келишимдин катышу-
учусу боло алат.
(3) Ратификациялык грамоталар, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-
кументтер же кошулуу жөнүндө актылар Уюмдун Генералдык директоруна
(мындан ары Генералдык директор" деп аталат) сактоого өткөрүлүп бери-
лет.
6-статья. Келишимдин күчүнө кириши
(1) Өз ратификациялык грамоталарын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө
документтерин же кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген би-
ринчи үч мамлекетке карата ушул Келишим үчүнчү ратификациялык грамота-
ны, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документти же кошулуу жөнүндө актыны
сактоого өткөрүп берген күндөн кийин бир айдан соњ күчүнө кирет.
(2) Ратификациялык грамотасын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-
кументин же кошулуу жөнүндө актысын сактоого өткөрүп берген ар бир баш-
ка мамлекетке карата бул Келишим бул документти сактоого өткөрүп берген
күндөн кийин бир айдан соњ күчүнө кирет.
7-статья. Келишимди жокко чыгаруу
(1) Ар бир мамлекет бул Келишимди Генералдык директорго билдирүү
жөнөтүү жолу менен жокко чыгара алат.
(2) Жокко чыгаруу Генералдык директор билдирүү алган күндөн бир
жылдан кийин күчүнө кирет.
8-статья. Кол коюу жана Келишимдин тилдери
(1) Бул келишимге англис, испан, орус жана француз тилдеринде бир
түп нускада кол коюлат, ошондой эле бардык тексттер бирдей чыныгы болуп
саналат.
(2) Расмий тексттерди кызыкдар өкмөттөр менен консультацияларды
өткөрүүдөн кийин Генералдык директор араб, италиан, немец жана португал
тилдеринде, ошондой эле Уюмдун Конференциясы же Париж кошунунун Ассамб-
леясы белгилеген башка тилдерде иштеп чыгат.
(3) Бул Келишим Найробиде 1982-жылдын 31-декабрына чейин жана ан-
дан кийин Женевада 1983-жылдын 30-июнуна чейин кол коюу үчүн ачык.
9-статья. Келишимди сактоого өткөрүп берүү;
көчүрмөлөрдү жиберүү;
Келишимди каттоо
(1) Бул Келишимдин түп нускасы кол коюу үчүн Найробиде жабылган
соњ Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет.
(2) Генералдык директор ал күбөлөндүргөн бул Келишимдин эки
көчүрмөсүн 5 (1) жана (2)-статьяларда аты аталган бардык мамлекеттерге
жана суроо-талаптар боюнча ар бир башка мамлекетке жөнөтөт.
(3) Генералдык директор бул Келишимди Бириккен Улуттар Уюмунун
Секретариатында каттоодон өткөрөт.
10-статья. Билдирүүлөр
Генералдык директор 5 (1) жана (2)-статьяларда аты аталган мамле-
кеттерге:
(i) 8-статьяга ылайык кол коюулар жөнүндө,
(ii) 5 (3)-статьяга ылайык ратификациялык грамоталарды, кабыл алуу
же жактыруу жөнүндө документтерди же кошулуу жөнүндө актыларды сактоого
өткөрүп берүү тууралуу;
(iii) 6 (1)-статьяга ылайык бул Келишимдин күчүнө кирген күнү
жөнүндө;
(iv) 7-статьяга ылайык алынган ар бир жокко чыгаруу тууралуу бил-
дирүү жөнөтөт.
Тиркеме
Олимпиадалык символ бири-бирине илинген мындай тартипте солдон
оњго жайгаштырылган көк, сары, кара, жашыл жана кызыл шакектерден ту-
рат. Ал бир же ар түрдүү түстөрдө сүрөтү түшүрүлгөн олимпиадалык шакек-
терден турат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.