Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода жөнүндө Макулдашуу (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 145 Мыйзамы менен ратификацияланган
Тегеран шаары,
2003-жылдын 21-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран
Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Соода жөнүндө Макулдашуу
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү жана Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү,
тењ укуктуулуктун, дискриминациянын жоктугунун жана өз ара кызык-
чылыктарды колдоону" негизинде соодалык байланыштарды күчөтүүгө жана
өнүктүрүүгө, соодалык алакаларды ар тараптуу кењейтүүгө жана соодалык
кызматташтыктын дэњгээлин жогорулатууга өз ара кызыкчылыкты көњүлгө
алышып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья. Макулдашуунун алкагы
Макулдашуучу Тараптардын жеке адамдарынын жана юридикалык жактары-
нын ортосундагы соодалык алака, кызмат көрсөтүүлөр жана контракттар
ушул Макулдашуунун алкагында жана улуттук мыйзамдарга ылайык ишке ашы-
рылууга тийиш.
2-статья. Үчүнчү өлкөгө реэкспорт
Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы алмашылган товарлар жана кыз-
мат көрсөтүүлөр экспорттоочу өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык үчүнчү
өлкөгө реэкспорттолушу мүмкүн.
3-статья. Товардын чыккан өлкөсү жөнүндө сертификаттын берилиши
Ар бир Макулдашуучу Тарап Макулдашуучу башка Тарапка экспорттолуу-
чу товардын чыккан жери жөнүндө Сертификатты берүү үчүн анын мыйзамда-
рына ылайык тийиштүү чара көрүүгө тийиш.
4-статья. Стандарттар
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу ушул Макулдашуунун
алкагында жана Макулдашуучу Тараптардын тийиштүү органдарынын эки та-
раптуу макулдашууларында аныкталган эрежелерди жана стандарттарды кол-
донуу менен ишке ашырылууга тийиш.
5-статья. Бажылык төлөмдөр жана салыктар
Макулдашуучу Тараптардын биринин аймагынан экинчи Макулдашуучу Та-
раптын аймагына алынып кирүүчү товарларга карата бажылык төлөмдөр жана
салыктар Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык колдону-
лууга тийиш.
6-статья. Тарифтик эмес чаралар
Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын аткаруучу органда-
рынын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон кошумча макулдашуулардын алка-
гында тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтууга жана/же өз ара тарифтик
эмес жењилдиктерди берүүгө макулдашышты.
7-статья. Валюталык система, түшкөн акча жана төлөмдөр
Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы соодалык бүтүмдөр боюнча
эсептешүүлөр, эгер Макулдашуучу Тараптардын борбордук банкттарында баш-
кача каралбаса, алардын улуттук мыйзамдарына, эл аралык банк эрежелери-
не жана практикага ылайык жүргүзүлөт.
8-статья. Жарманкелерге жана көргөзмө-сатыктарга катышуу
Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн соодалык компанияларына
жана мекемелерине Макулдашуучу башка Тараптын аймагында өткөрүлүүчү
атайын жарманкелерге жана/же көргөзмө-сатыктарга катышууга колдоо
көрсөтүүгө жана Макулдашуучу башка Тараптын соодалык компаниялары менен
мекемелерин өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык зарыл шарттар менен
мүмкүн болушунча камсыздоого тийиш.
9-статья. Консулдук жењилдиктер
Макулдашуучу Тараптар соодалык мамилелерди өнүктүрүү максатында
өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык инвестициялык жана коммерциялык
визаларды берүү, ошондой эле коммерциялык документтерди өз ара негизде
легалдаштыруу сыяктуу консулдук жењилдиктерди берүүгө макул болушту.
10-статья. Соодалык өкүлчүлүктү же Борборду түзүү
Макулдашуучу Тараптардын ар бири Макулдашуучу Тараптардын ортосун-
да товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды алмашууну колдоо
жана өнүктүрүү максатында Макулдашуучу башка Тарапка кабыл алуучу Та-
раптын аймагында анын улуттук мыйзамдарына ылайык Соодалык өкүлчүлүктү
же Борборду түзүүгө мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган Соодалык
өкүлчүлүктүн же Борбордун кызматкерлеринин, жабдууларынын жана филиал-
дарынын саны мындан аркы эки тараптуу макулдашуулар менен аныкталат.
11-статья. Соода Палаталарынын кызматташуусу жана
делегацияларды алмашуу
Макулдашуучу Тараптар Соода Папаталарынын тыгыз жана
натыйжалуу кызматташуусун колдоого, делегацияларды алмашууга,
Макулдашуучу Тараптардын ар биримин продукциялары менен таанышуу
жана маркетннг максатыида атайын семинарлар менен конферениияларды
өткөрүүгө, ошондой эле бул үчүн керектүү шарттарды түзүүгө макул
болушту.
12-статья. Соода байланыштарды кењейтүү жана ар тараптуу
өнүктүрүү
Макулдашуучу Тараптар соодалык байланыштарды өнүктүрүү максатында
жеке адамдарга жана юридикалык жактарга эл аралык сооданын ыкмаларын
ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
13-статья. Товарларды транзиттөө
Макулдашуучу Тараптардын ар бири Макулдашуучу башка Тараптын то-
варлары анын улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн аймагы аркылуу транзит-
телиши үчүн керектүү шарттарды түзөт.
14-статья. Соодалык кызматташтыкты өнүктүрүү
Макулдашуучу Тараптар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашу-
унун сапатын жакшыртуу, эки өлкөнүн ортосундагы соодалык мамилелерди
өнүктүрүү үчүн мындан ары штрих кодду жана электрондук сооданы пайдала-
нуу үчүн өздөрүнүн жеке адамдарына жана юридикалык жактарына колдоо
көрсөтүүгө макул болушту.
15-статья. Бажы чөйрөсүндөгү координация жана кызматташуу
Эки тараптуу соодалык-экономикалык байланыштарды тарифтик жана та-
рифтик эмес жөнгө салуунун, статистикалык маалыматтарды алмашуунун бир-
дей системасын орнотуу үчүн Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн тышкы соо-
далык иштеринде Дүйнөлүк Соода Уюмунун Товарларды сыпаттоо жана код ко-
юу системасына таянышат.
16-статья. Биргелешкен соода комитети
Макулдашуучу Тараптар тењ укуктуу өкүлдөрдөн турган Биргелешкен
соода комитетин түзүүгө макул болушту, ал зарылдыгына жараша жана Ма-
кулдашуучу Тараптардын ар биринин аймагында кезек менен заседаниелерди
өткөрөт. Комитеттин функциялары/милдеттери төмөнкүдөй болууга тийиш:
1. Ушул Макулдашуунун жоболору тийиштүү аткарылышын көзөмөлдөө;
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу учурунда пайда болушу мүмкүн бол-
гон кыйынчылыктарды жоюу боюнча чечимдерди сунуштоо;
3. Соодалык алаканы байкоого алуу, изилдөө жана кењейтүү
мүмкүндүктөрү жөнүндө сунуштарды берүү;
4. Бул Макулдашууну кайрадан кароо боюнча сунуштарды берүү.
17-статья. Сот органдарына кайрылуу
Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын ар биринин жаранда-
ры алардын аймактарынын чектеринде сот органдарына кайрылууда бирдей
укуктан пайдаланууга тийиштигине, ошондой эле Макулдашуучу башка Тарап-
тын жарандарын Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарында чет
өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген пошлиналарды төлөөдөн бошотууга макул
болушту.
18-статья. Талаштарды чечүү
Ушул Макулдашууну аткарууга жана жоболорун чечмелөөгө байланыштуу
келип чыгышы мүмкүн болгон бардык маселелер жана талаштар Макулдашуучу
Тараптардын ортосундагы кењешүү жана сүйлөшүү жолу менен жайгарылууга
тийиш. Андай болбогон учурда маселени чечүү Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык
Соодалык-экономикалык, илимий жана маданий кызматташуу боюнча биргелеш-
кен комиссиянын кароосуна өткөрүлөт, ал Макулдашуучу Тараптардын улут-
тук мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизинде макулдашылган чечим
чыгарууга тийиш.
19-статья. Калктын саламаттыгын жана улуттук кызыкчылыктарды
коргоо
Бул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу Тараптардын эч биринин
улуттук кызыкчылыгы, калктын саламаттыгын коргоо жана/же оорулардын,
өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын зыянкечтеринин алдын алуу максатында
ар кандай тыюу салуу же чектөө киргизүү укуктарын чектебөөгө тийиш.
20-статья. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара ма-
кулдуктары менен өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана
толуктоолор ушул Макулдашуунун 22-статьясынын жоболоруна ылайык күчүнө
кирет.
21-статья. Мурдагы Макулдашууну жокко чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда 1375-жылдын Моrdad айынын 10-күнүнө туура келген
1996-жылдын 31-июлунда кол коюлган Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө
кирген күндөн баштап жокко чыгарылууга тийиш.
22-статья. Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптар мунун күчүнө кириши үчүн ке-
ректүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышкандыгы жөнүндө жазуу
жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет жана 5 жыл
бою колдонулат.
Эгер Макулдашуучу Тараптардын эч бири Макулдашуучу башка Тарапка
Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө тийиштүү убакыт бүткөнгө
чейин алты айдан кем эмес мурдатан жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки
бир жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
Бул Макулдашуунун жарактуулугу токтотулганга чейин, эгер Тараптар
башкача чечимге келишпесе, анын кол коюлган, аткарылууга тийиш болгон
контракттарга карата жоболору ушул Макулдашуу жоюлгандан кийин бир жыл-
га чейинки мөөнөттө күчүндө калат.
2003-жылдын 21-декабрында, бул Азар 1382 туура келет, Тегеран шаа-
рында ар бири кыргыз, перс, орус жана англис тилдериндеги эки нускада
түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо, англис тилиндеги текст ар-
тыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.