Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен транзиттик ташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 152 Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2004-жылдын 26-марты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды Казакстан
Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен
транзиттик ташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын
Өкмөтү (мындан ары - Тараптар),
1998-жылдын 22-январындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин
аймактары аркылуу транзиттин бирдиктүү шарттары жөнүндө макулдашууга
негизденишип,
2000-жылдын 17-февралындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин
бажылык органдарынын ортосунда ташылуучу товарларга жана транспорттук
каражаттарга бажылык контроль жөнүндө протоколдун жоболорун аткаруу
үчүн,
товарларды өздөрүнүн аймактары боюнча бажылык контроль астында та-
шууну тездетүүгө умтулушуп,
эл аралык ташууларды жөнөкөйлөтүүгө ниеттенишип,
эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалашып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья.
Бул Макулдашуу Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль
транспорту менен ташылуучу транзиттик товарларга карата колдонулат.
Бул Макулдашуу жүктөрдү 1975-жылдагы жол менен Эл аралык ташуу ки-
тепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Бажылык кон-
венцияга ылайык жүзөгө ашырылуучу товарларды ташууга карата колдонул-
байт.
2-статья.
Тараптардын ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча ыйга-
рым укуктуу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кыз-
маты департаменти;
- Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Казакстан Республи-
касынын Бажы контролу агентствосу болуп саналат.
Тарап мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий аталышта-
ры же функциялары өзгөргөндө Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча өз
убагында кабарланат.
3-статья.
Товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль
транспорту менен транзит астында ташуу товарды коштоочу документтердин,
Кыргыз Республикасында бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнүн кам-
сыз кылынгандыгы тууралуу документтин жана товарды жеткирүүнү контрол-
доо документинин негизинде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасында бажылык төлөмдөрдүн жана салыктарды төлөөнү
камсыз кылуу жөнүндө документ Кыргыз Республикасынын бажы органы тара-
бынан ташуучуга берилет.
Товардын жеткирилишин контролдоо документи Казакстан Республикасы-
нын бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан Казакстан Республикасы-
нын бажы мыйзамдарында каралган тартипте толтурулат жана Тараптар тара-
бынан товарлардын арналган жерине жеткирилгенин ырастоочу документ ка-
тары таанылат.
4-статья.
Ушул Макулдашууга ылайык товарларды Казакстан Республикасынын ай-
магы аркылуу автомобиль транспорту менен бажылык контроль астында ташуу
Казакстан Республикасынын бажы мыйзамдарында каралган товарлардын жана
транспорт каражаттарынын жеткирилишин камсыздоо боюнча чараларды кол-
донбостон жүзөгө ашырылат.
5-статья.
Товарларды автомобиль транспорту менен Казакстан Республикасынын
аймагы аркылуу ташуу Тарап мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын жоболо-
рунда аныкталган өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат.
6-статья.
Ушул Макулдашуунун күчү транзити Казакстан Республикасынын аймагы
аркылуу Казакстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген товар-
лардын коопсуздугу боюнча талаптар жана экспорттук контролдоо жагындагы
чаралар сакталганда, ошондой эле бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды
төлөө камсыз кылынганда жүзөгө ашырылуучу товарларга жайылтылбайт.
7-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууга ылайык ба-
жылык контроль астында ташылуучу товарлар жана транспорт каражаттары
жөнүндө маалыматты ай сайын алмашып турат.
8-статья.
Товардын белгиленген бажылык органга чейин жеткирилбегендик факты-
сы далилденген учурда кыргыз Тарап казакстан Тарапка зыяндын ордун тол-
турууну 30 күндүн ичинде камсыз кылат.
Казакстан Тарап товарлардын жеткирилбей калышына байланыштуу ордун
толтуруу алуу үчүн кыргыз Тарапка алардын түрлөрүн, ставкаларын жана
суммаларын баяндоо менен төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө
боюнча жазуу жүзүндөгү талапты жиберүүгө тийиш.
Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган бажы органына
жеткирилбей калган учурда тиешелүү бажы төлөмдөрүн жана салыктардын
суммасын эсептөө Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык
жүзөгө ашырылат.
9-статья.
Товарлар автомобиль транспорту менен багытталган бажы органына
жеткирилбеген учурда Тараптар андай фактылар боюнча иликтөөлөрдү
жүргүзүүгө жана товардын жеткирилбей калгандык фактысы аймагында анык-
талган Тарапка иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө
милдеттенишет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча товарлардын жеткирилбей ка-
лышынын фактылары боюнча тергөө жүргүзүү үчүн Тараптардын бажы органда-
рынын өкүлдөрүнүн ичинен биргелешкен жумушчу топтору түзүлүшү мүмкүн.
10-статья.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-
нун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдорго жазылат.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып убактылуу колдонулат
жана Тараптардын ушул Макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн зарыл болгон
ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын
акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын би-
ри экинчи Тараптан анын аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдир-
ген жазуу жүзүндөгү билдирүү алган күндөн тартып алты ай аяктаганга че-
йин күчүндө болот.
2004-жылдын 26-мартындагы Бишкек шаарында ар бири казак, кыргыз
жана орус тилдеринде эки түп нускада жазылды, мында бардык тексттер
бирдей күчкө ээ болот.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир ке-
лишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайры-
лышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.