Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 9-августу № 145
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралу
2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"Булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышын туруктуу булгоочу бу-
лактардан чыгууларын жөнгө салуу" деген IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы
14-1-статья менен толукталсын:
"14-1-статья. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан
чыгарылышын жөнгө салуу.
Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышынан
айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте берүүчү уруксаттын негизинде жол бе-
рилет.
Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат булгоочу
заттарды чыгаруунун бекитилген жол берилүүчү чектик ченемдерине ылайык,
аларды чыгаруунун чектик көлөмүн (санын) аныктайт (белгилейт) жана ат-
мосфералык абаны коргоону камсыз кылуучу башка шарттарды жана талаптар-
ды белгилейт.".
2-статья. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
Шилтеме берет (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51