Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өз ара соода преференциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 147 Мыйзамы менен ратификацияланган
Тегеран шаары,
2003-жылдын 21-декабры
Өз ара соода преференциялары боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
өз ара түшүнүшүү жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү,
тењдиктин жана өз ара кызыкчылыктардын негизинде соода байланышта-
рын ар тараптуу өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыктын дењгээ-
лин жогорулатууга умтулууну билдирүү менен,
эки өлкөнүн ортосундагы Соода Макулдашуусунун жоболорунун максат-
тарына жетүүгө салым кошууга умтулушуп,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
1-статья.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум өзүнүн максаты катары та-
рифтик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чараларды көрүү аркылуу эки
өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн өстүрүүнү жана эки тараптуу соода алмашу-
уларынын көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт, Кыргыз Республикасы менен Иран Ис-
лам Республикасынын ортосундагы соода-сатыкта жакшы атаандаштык үчүн
шарттарды түзүүнү жана өз ара кызыкчылыктарды камсыз кылат.
2-статья.
Макулдашуучу Тараптар өз ара кызыкчылыктарын эсепке алуу менен,
эксперттик сүйлөшүүлөрдүн чегинде преференциалдык тариф киргизүүгө ма-
кулдашышты. Эки өлкөдөгү жүргүзүлгөн соода режиминин чегинде аталган
преференциалдык тарифтер импорттук алымдардын акырындык менен
төмөндөтүлүшү түрүндө киргизилет, ушуну менен бирге аталган, Меморан-
думда "импорттук алымдар" төмөндөгүлөрдү билдирет:
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу товарларына
бажы алымы.
2. Иран Ислам Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу товар-
ларга коммерциялык импорттук алым ("коммерциялык пайда").
3-статья.
Макулдашуучу Тараптар өз ара экономикалык кызыкчылыктарынын тењдик
принцибинин негизинде өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум күчүнө
кирген учурдан баштап, бир айдын ичинде преференциалдык тариф коюлчу
товарлар боюнча сунуштары менен алмашууга макулдашышты. Ушул өз ара
түшүнүшүү жөнүндө Меморандум күчүнө кирген учурдан баштап, бир айдын
ичинде Макулдашуучу Тараптар импорттук алымдар боюнча Эксперттик комис-
сиянын мүчөлөрүн дайындайт жана бири-бирине билдирет, ошондой эле атал-
ган товарлардын тизмесин карап чыгуу боюнча чогуу өткөрүлгөн кењешмеден
кийин преференциалдык тарифтердин колдонулушу боюнча чараларды колдонуш
үчүн товарлардын тизмеси боюнча сунуштарын билдирет. Аталган товарлар-
дын тизмеси Макулдашуучу Тараптардын Эксперттик комиссиясы бекиткенден
кийин, өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга Тиркеме катары бери-
лет.
4-статья.
Макулдашуучу Тараптар ар бир өлкөдө сүйлөшүүлөр учурунда колдону-
луучу импорттук алымдар, алардын улуттук мыйзамдарынын чегинде, өз ара
түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун 2-статьясында эскертилгендей то-
варларга болгон импорттук алымдарды төмөндөтүү максатында "базалык
ставка" (башкы ставка) катары алынышы макулдашылды.
5-статья.
Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун чегинде Макулдашуучу
Тараптардын тийиштүү ведомстволору товарларга чыккан жери тууралуу сер-
тификат берет жана эл аралык укугуна ылайык, Кыргыз Республикасында чы-
гарылган товарлар "кыргыз товарлары" деп аталат, ал эми Иран Ислам Рес-
публикасында чыгарылган товарлар "иран товарлары" деп аталат.
6-статья.
Тарифтик жењилдиктер берилген тизмеде тизмеленген товарлар ар бир
Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жана экспортчу
өлкөнүн макулдугу менен үчүнчү өлкөгө кайра экспорттолушу мүмкүн.
7-статья.
Ушул Меморандумдун чегинде товарларды алмашуу Макулдашуучу Тарап-
тардын тиешелүү органдарынын эки тараптуу макулдашуулары менен белги-
ленген стандарттарды колдонуу эрежелери боюнча жүргүзүлүшү керек.
8-статья.
Олуттуу проблемалар келип чыккан учурда, өзгөчө Макулдашуучу Та-
раптын биринин экономикалык проблемасы пайда болсо, ал ушул өз ара
түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун кайра карап чыгууга жана баш-
ка Макулдашуучу Тарап менен эки тарапта бирдей колдонулган тарифтик
преференцияларды өзгөртүү боюнча консультацияларды өткөрүүгө укуктуу.
9-статья.
Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун чечмелөө ат-
каруу менен байланышкан ар кандай пикир келишпестиктер биринчи кезекте,
эки тараптын достук мамиледеги сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Андай
болбогон учурда, талаш-тартыш маселелери Макулдашуучу Тараптардын ма-
кулдугу менен жана алардын улуттук мыйзамдарына ылайык, чечим кабыл
алуу үчүн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташ-
тык боюнча Өкмөттөр аралык Комиссиянын биргелешкен заседаниесинин каро-
осуна берилет.
10-статья.
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички процедуралардын аткарылгандыгы тууралуу Макулдашуучу Тараптардын
бири жазуу жүзүндө билдирген күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою
колдонулат.
11-статья.
Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун колдонунуун мөөнөтү,
эгер Макулдашуучу Тараптын бири гана тийиштүү мөөнөтү бүткөнгө чейин
алты ай мурун ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниет-
тенгендиги тууралуу жазуу түрүндө билдирбесе, кийинки мөөнөттөргө
өзүнөн өзү узартылат.
12-статья.
2003-жылдын 21-декабрында Тегеран шаарында, бул 1382 жылдын 30
Азар айына туура келет, эки нускада, ар бири кыргыз, фарс, орус жана
англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык
күчкө ээ.
Чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда, артыкчылык англис
тилиндеги текстке берилет.
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.