Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода борборун жана Туруктуу көргөзмө-жармаңке түзүүдө өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы №146 Мыйзамы менен ратификацияланган
Тегеран шаары,
2003-жылдын 21-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран
Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Соода борборун жана Туруктуу көргөзмө-жармањке
түзүүдө өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү,
өз ара кызыкчылыктардын жана тењ укуктуулуктун негизинде, Кыргыз
Республикасы жана Иран Ислам Республикасынын соода-экономикалык байла-
ныштарын өнүктүрүү жана кењейтүү максаттарында, төмөндөгүлөр тууралуу
макулдашышты:.
1. Тараптар ушул Меморандумга ылайык жана эки өлкөнүн ортосунда
соода байланыштарды өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасында Иран
Ислам Республикасынын Соода борборун жана Туруктуу көргөзмө-жармањкесин
жана Иран Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода Борборун
жана Туруктуу көргөзмө жармањкесин ачууга ачмакчы болушту, ал үчүн:
1.1. Эки тараптуу негизде тараптардын жармањкеси - Соода Борборло-
рун жана Туруктуу көргөзмө-жармањкелерди түзүүгө курулуш же имарат
(жай) үчүн Тараптар орун беришет.
1.2. Аймакты же имаратты (жайды) берүү шарттары Тараптардын ылайык
келген ведомстволорунун ортосунда өзүнчө Макулдашуу менен аныкталат.
2. Соода Борборлорун жака Туруктуу көргөзмө-жармањкелерин түзүүгө
карата эки өлкөнүн компанияларына колдоо көрсөтүү жана тартуу максатта-
рында Тараптар колдонулуудагы улуттук мыйзамдарга ылайык, бири-бирине
төмөнкүдөй көмөк көрсөтүшөт:
2.1. Туруктуу көргөзмө-жармањкелердин аймагында коопсуздукту кам-
сыздоодо;
2.2. Соода борборлорун жана Туруктуу көргөзмө-жармањкелерди уюм-
даштыруучулар үчүн көп жолку кайталануучу визаларды ачуу боюнча
жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду киргизүүдө.
2.3. Импорттук-экспорттук жана инвестициялык мыйзамдар жөнүндө ма-
алыматтар алмашууну ишке ашырууда.
2.4. Маркетингдин кызмат, юридикалык консультацияларды өткөрүүдө,
ошондой эле Соода Борборлор уюмдаштыруучулардын жана Туруктуу
көргөзмө-жармањкелердин катышуучуларынын кызыкчылыктарын укуктук корго-
одо.
2.5. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте банктык эсеп, конвертация ачуу жана
банктар аркылуу жана эч кандай чектөөсүз эле товарлар акча каражаттарын
которуу.
2.6. Алмашылуучу товарлардын сапатын жакшыртуу максатында стандарт
жаатында эки өлкөнүн колдонулуудагы мыйзамдардын жана жоболорун сактоо
жана таануу.
2.7. Телевидение жана радио аркылуу жарнама берүү.
2.8. Туруктуу көргөзмө-жармањкелерге ташылып келинүүчү товарларды
бажыканада карап чыгууда жана сатып алуучуларга жеткирүүдө
жөнөкөйлөтүлгөн тартип киргизүү.
2.9. Товарларды сактоо үчүн кампага ылайыкту орун сунуш кылуу.
3. Соода борбору аркылуу сатуу үчүн ташып келинүүчү бардык товар-
лар ушул Меморандумдун Тараптарынын биринде өндүрүлүшү жана чыккан сер-
тификаты болушу керек.
4. Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында же
сүйлөшүүлөр жөнүндө Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча эксперттик топ-
тордун кењешмесин өткөрүшөт.
5. Иран Ислам Республикасы биринчи мүмкүнчүлүк болоору менен Кыр-
гызстандын аймагында өэүнүн Соода борборун ачууга даяр экендигин бил-
дирди.
6. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө же ишке ашырууда келип
чыгуучу пикир келишпестиктер достук сүйлөшүүлөр жана консультациялар
жана эки өлкөнүн колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык чечилет.
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу Тараптардын бири акыркы жа-
зуу билдирген күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонушат.
Анын колдонулушу эгер Тараптардын бири да экинчисине белгиленген
мөөнөт бүткөнгө чейин алты ай мурун анын колдонулушун токтотууга өзүнүн
ниеттенгендиги тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жибербесе, анда өзүн-өзү
кийинки жылдардагы мөөнөткө узартылат.
2003-жылдын 21-декабрында Тегеран шаарында аткарылды, бул
1382-жылдын 30 Азар айына туура келет, эки нускада, ар бири кыргыз,
перс, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун текстин чечмелөөдө пикир келиш-
пестиктер болгон учурда, англис тилдеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.