Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндүү куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө Конвенция (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 144 Мыйзамы менен ратификацияланган
Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндүү
куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого
тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө
КОНВЕНЦИЯ
(Москва-Лондон-Вашингтон, 1972-жылдын 10-апрели)
Бул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери,
Жалпы жана толугу менен куралсызданууда бардык түрдөгү массалык
кыруу куралдарына тыюу салууда жана жок кылууда арымдуу өсүштөргө же-
тишүү максатында иштөөнү чечишип жана химиялык жана бактериологиялык
(биологиялык) куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуу
жана эффективдүү чараларды колдонуу жолу менен аларды жок кылуу бекем
жана натыйжалуу эл аралык көзөмөлдүн астында жалпы жана толугу менен
куралсызданууга көмөктөшөөрүнө ишенип,
Женевада 1925-жылдын 17-июнунда кол коюлган Согушта тумчуктуруучу,
уулуу же башка ушул сыяктуу газдарды жана бактериологиялык каражаттарды
колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго, ошондой эле бул протоколдун
согуштун терс таасирлерин азайтууга кошкон жана кошуп келе жаткан салы-
мына өзгөчө маани беришип,
Аталган протоколдун принциптери менен максаттарын өздөрүнүн сактай
тургандыгын ырасташып жана бардык мамлекеттерди аларды бекем сактоого
үндөшүп,
Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1925-жылдын 17-ию-
нундагы Женева протоколунун принциптерине жана максаттарына каршы кел-
ген бардык иш-аракеттерди бир нече жолу айыптагандыгын эске салышып,
Элдердин ортосундагы ишенимди терењдетүүгө жана жалпы эл аралык
маанайды жакшыртууга көмөктөшүүнү каалашып,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин
ишке ашырууга көмөктөшүүгө умтулушуп,
Коркунучтуу массалык кыруу куралына кирген химиялык же бактериоло-
гиялык (биологиялык) агенттерди камтыган куралды натыйжалуу чараларды
колдонуу жолу менен мамлекеттердин жарак-жабдык сактоочу жайынан тези-
нен алып таштоонун зарыл экендигине азыртадан ишенишип,
Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндүү куралдарга тыюу са-
луу жөнүндө макулдашуу химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана
топтоого тыюу салуу боюнча натыйжалуу чаралар жөнүндө макулдашууга же-
тишүүнүн алгачкы кадамы болоорун таанышып жана бул максаттагы
сүйлөшүүлөрдү уланта берүүнү чечишип,
Бардык адамзаты үчүн бактериологиялык (биологиялык) агенттерди жа-
на токсиндерди курал катары колдонууну толугу менен болтурбай коюуну
чечишип,
Мындан колдонуу адамзатынын ынсабына каршы келээрине жана бул кор-
кунучту азайтууга эч кандай күч-аракетти аябоо керектигине азыртадан
ишенишип,
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
I статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети эч качан, эч кандай
шартта, төмөнкүлөрдү иштеп чыкпоого, өндүрбөөгө, топтобоого, кандайдыр
бир башка жол менен албоого жана сактабоого милдеттенет:
1) кайдан чыккандыгына же кандай жол менен өндүрүлгөндүгүнө кара-
бастан, профилактика, коргоо жана башка тынчтык максаттарда колдонулба-
ган түрдөгү жана сандагы микробиологиялык же башка биологиялык агент-
терди же токсиндерди;
2) согушуу же куралдуу кагылышуу максатында мындай агенттерди же
токсиндерди колдонууга дайындалган куралды, шаймандарды же жеткирүү ка-
ражаттарын.
II статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети өзүндө болгон же
өзүнүн юрисдикциясына же контролуна караштуу, ушул конвенциянын I
статьясында көрсөтүлгөн бардык агенттерди, токсиндерди, куралды, шай-
мандарды жана жеткирүү каражаттарын ушул конвенция күчүнө киргенден ки-
йин тогуз ай өткөнгө чейин мүмкүн болушунча жок кылууга жана тынчтык
максаттарда колдонууга милдеттенет. Бул статьянын жоболорун аткарууда
калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында бардык коопсуздук чаралары
көрүлүүгө тийиш.
III статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети конвенциянын 1 стать-
ясында көрсөтүлгөн бардык агенттерди, токсиндерди, куралды, шаймандарды
же жеткирүү каражаттарын кимдир бирөөгө түз же кыйыр бербөөгө, ошондой
эле кандайдыр бир мамлекеттин, мамлекеттердин тобунун же эл аралык уюм-
дардын өндүрүшүнө же кандайдыр бир жол менен алышына эч качан жардам
бербөөгө, колдобоого жана дем бербөөгө милдеттенет.
IV статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети өзүнүн конституциялык
процедураларына ылайык өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясына же
көзөмөлүнө караштуу бардык жерде конвенциянын I статьясында көрсөтүлгөн
агенттерди, токсиндерди, куралды, шаймандарды жана жеткирүү каражатта-
рын иштеп чыгууга тыюу салуу жана болтурбоо, өндүрүү, топтоо, алуу же
сактоо боюнча керектүү чараларды колдонууга милдеттенет.
V статья.
Ушул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери конвенциянын максатына же
жоболорун аткарууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык масе-
лелерди чечүүдө бири-бири менен консультацияларды өткөрүүгө жана кыз-
матташууга милдеттенет. Ушул статьяны аткаруу үчүн консультациялар жана
кызматташуу Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында жана анын Уставына ыла-
йык тийиштүү эл аралык процедураларды колдонуу жолу менен дагы
жүргүзүлөт.
VI статья.
Ушул конвенциянын бардык катышуучу-мамлекети анын башка катышуу-
чу-мамлекетинин конвенциянын жоболорунан келип чыккан милдеттенмелерди
бузуп жаткандыгын аныктаса, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кењеши-
не даттануу менен кайрыла алат. Мындай даттанууда анын себеби так да-
лилдениши жана анын Коопсуздук Кењеши тарабынан каралышы жөнүндө өтүнүч
болушу керек.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети Кењешке келип түшкөн
даттануунун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жоболоруна
ылайык Коопсуздук Кењеши тарабынан жасалышы мүмкүн болгон бардык тергөө
иштерин жүргүзүүдө кызматташууга милдеттенет. Коопсуздук кењеши конвен-
циянын катышуучу-мамлекеттеринин тергөө иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
билдирет.
VII статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу мамлекети жардам сурап кайрыл-
ган конвенцнянын ар бир катышуучу-мамлекетине, эгерде Коопсуздук кењеши
конвенциянын бузулушунун натыйжасында мындай Катышуучуга коркунуч туул-
гандыгы жөнүндө чечим чыгарса, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык
жардам берүүгө же колдоого милдеттенет.
VIII статья.
Бул конвенциянын бир дагы жобосу Женевада 1925-жылдын 17-июнунда
кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же башка ушул сыяктуу газдарды
жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Прото-
колго ылайык бардык мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бир
чектөөчү же жењилдик берүүчү милдеттенмелер катары каралбоого тийиш.
IX статья.
Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети химиялык куралга эф-
фективдүү тыюу салуу максатын көздөгөндүгүн ырастайт жана бул максатта
аны иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуунун эффективдүү
чаралары жөнүндө жана курал катары химиялык агенттерди өндүрүүгө же
колдонууга атайын дайындалган шаймандарга жана жеткирүү каражаттарына
карата тийиштүү чаралар жөнүндө макулдашууга жакынкы келечекте жетүү
үчүн жагымдуу маанайдагы сүйлөшүүлөрдү уланта берүүгө милдеттенет.
X статья.
1) Ушул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери бактериологиялык (био-
логиялык) каражаттарды жана токсиндердн тынчтык максаттарда колдонуу
жөнүндө илимий жана техникалык маалымат, шаймандар жана материалдар ме-
нен мүмкүн болушунча толугу менен алмашууга көмөктөшүүгө милдеттенишет
жана мындай алмашууга катышууга укуктуу болушат. Муну жасай ала турган
конвенциянын катышуучу-мамлекеттери жеке же башка мамлекеттер же эл
аралык уюмдар менен бирге жардам берүүдө, ооруулардын алдын-алуу же
башка максаттар үчүн бактериология (биология) тармагында илимий ачылыш-
тарды андан ары иштеп чыгууда жана колдонууда дагы кыэматташышат.
2) Ушул конвенция анын катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык же
техникалык өнүгүшү же тынчтык максатындагы бактериологиялык (биология-
лык) иш-аракеттер тармагында эл аралык кызматташуу, анын ичинде конвен-
циянын жоболоруна ылайык бактериологиялык (биологиялык) агенттерди жана
токсиндерди тынчтык максатында иштетүүчү, колдонуучу же өндүрүүчү шай-
мандар менен алмашуу үчүн тоскоолдуктарды болтурбагыдай ишке ашырылат.
XI статья.
Конвенциянын бардык катышуучу-мамлекети конвенцияга түзөтүүлөрдү
сунуштай алат. Түзөтүүлөрдү кабыл алган ар бир катышуучу-мамлекети үчүн
түзөөтүүлөр конвенцияга катышкан көпчүлүк мамлекеттер аларды кабыл ал-
гандан кийин, ал эми андан кийин калган ар бир катышуучу-мамлекет үчүн
мындай түзөтүүлөрдү алар кабыл алган күнү күчүнө кирет.
XII статья.
Эгерде муну конвенциянын көпчүлүк катышуучу-мамлекеттери депозита-
рий-өкмөттөргө бул максатта сунуштарды берүү жолу менен талап кылса,
ушул конвенция күчүнө киргенден кийин 5 жыл өткөндө же ага чейин Жене-
вада (Швейцария) конвенциянын преамбуласында көрсөтүлгөн максаттардын
жана жоболордун, анын ичинде химиялык курал жөнүндө сүйлөшүүлөргө ти-
йиштүү жоболордун аткарылып жаткандыгына ишенүү үчүн конвенциянын кан-
дайча ишке ашырылып жаткандыгын кароону көздөгөн конвенциянын катышуу-
чу-мамлекеттеринин конференциясы өткөрүлөт. Мындай кароодо конвенцияга
тиешеси болгон бардык жањы илимий-техникалык жетишкендиктер көњүлгө
алынууга тийиш.
XIII статья.
1) Ушул конвенция белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
2) Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети конвенциянын маз-
мунуна байланышкан өзгөчө шарттар анын өлкөсүнүн жогорку кызыкчылыкта-
рына коркунуч туудурат деп чечсе, өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн иш-
ке ашыруу иретинде конвенциядан чыгып кетүүгө укуктуу. Ал өзүнүн мындай
чыгышы жөнүндө конвенциянын бардык башка катышуучу-мамлекеттерине жана
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кењешине үч ай мурда кабарлайт.
Мындай кабарлоодо анын жогорку кызыкчылыктарына коркунуч туудурган
өзгөчө шарттар жөнүндө билдирүү болууга тийиш.
XIV статья.
1) Бул конвенцияга бардык мамлекеттер кол кое алат. Бул статьянын
3-пунктуна ылайык бул конвенция күчүнө киргенге чейин ага кол койбогон
бардык мамлекет ага каалаган убагында кошула алат.
2) Ушул конвенция ага кол койгон мамлекеттер тарабынан ратификаци-
аланат. Ратификациялоо грамоталары жана кошулуу жөнүндө документтер му-
ну менен депозитарий-өкмөттөр болуп дайындалган Советтик Социалисттик
Республикалар Союзунун, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Ко-
ролдугунун жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнө сактоого берилет.
3) Ушул конвенция жыйырма эки өкмөт, анын ичинде конвенциянын де-
позитарийи болуп дайындалган өкмөттөр ратификациялоо грамоталарын сак-
тоого бергенден кийин күчүнө кирет.
4) Ушул конвенция күчүнө киргенден кийин ратификациялоо грамотала-
ры же кошулуу жөнүндө документтери сактоого берилген мамлекеттер үчүн
бул конвенция алардын ратификациялоо грамоталары же кошулуу жөнүндө до-
кументтери сактоого берилген күнү күчүнө кирет.
5) Депозитарий-өкмөттөр ушул конвенцияга кол койгон жана кошулган
бардык мамлекеттерге ар бир кол коюлган күнү, ар бир ратификациялоо
грамотасынын жана кошулуу жөнүндө документинин сактоого берилген күнү,
конвенциянын күчүнө кирген күнү, ошондой эле алар алган башка бил-
дирүүлөр жөнүндө тезинен билдиришет.
6) Ушул конвенция Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясы-
на ылайык депозитарий-өкмөттөр тарабынан катталат.
XV статья.
Орус, англис, испан, кытай жана француз тилдериндеги тексттери
бирдей болгон ушул конвенция депозитарий-өкмөттөрдүн архивине сактоого
берилет. Депозитарий-өкмөттөр конвенциянын тийиштүү түрдө
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн конвенцияга кол койгон жана ага кошулган
мамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөтөт.
Муну күбөлөндүрүш үчүн төмөндө кол коюшкандар, буга тийиштүү түрдө
ыйгарым укуктуу болгондор ушул конвенцияга кол коюшту.
Үч нускада Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын
10-апрелинде түзүлдү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 297 "1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды…Постановление · 20.06.2018 · № 297
- Постановление Правительства КР от 23 февраля 2004 года N 87 " О проекте Закона Кыргызской Республики "О присоединении Кыргызской Республики к Конвенции о запрещении разработки…Постановление · 23.02.2004 · № 87