Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол (Мыйзамы менен ратификацияланган)
2004-жылдын 17-августундагы № 141 Мыйзамы менен ратификацияланган
Тегеран шаары,
2003-жылдын 24-июну
2002-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жана
капиталга салыктарда кош салык салуудан качуу
жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө
макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтү,
1301-күн хижра жылынын 9-архибехештасына туура келген, 2002-жылдын
29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жана
капиталга салыктарда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качу-
уну болтурбоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Про-
токол түзүүнү каалап (мындан ары - "Макулдашуу" деп аталат),
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья.
Макулдашуунун 8-статьясына 2-пунктту алып салуу аркылуу өзгөртүү
киргизилсин жана бул статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Эл аралык ташуулар
Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан дењиз, дарыя, аба кеме-
лерин, автомобиль жана темир жол транспортун эл аралык ташууда пайдала-
нуудан алынган пайдага мына ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык са-
лынат".
2-статья.
Макулдашуунун 19-статьясы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмчөсү же
бийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекетке же
анын администрациялык бөлүмчөсүнө же жергиликтүү бийлик органына
көрсөткөн кызматы үчүн төлөнүүчү айлык акыга, маянага жана ушул сыяктуу
акыларга ушул Мамлекетте гана салык салынат.
б) Бирок мындай айлык акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу акы-
га, эгерде Кызмат мына ушул башка Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак
ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте гана салык салынат, ал:
1) мына ушул башка Макулдашкан Мамлекеттин жараны болсо; же
2) кызмат өтөө максатында гана ушул Мамлекеттин резиденти болбой
калса.
2. Макулдашкан Мамлекет же администрациялык бөлүмчөсү же жерги-
ликтүү бийлик органы тарабынан же алар түзгөн фонддордон жеке жакка
ушул Мамлекет же анын администрациялык бөлүмчөсү же жергиликтүү бийлик
органы үчүн аткарган кызматына төлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушул
Мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-статьялардын жоболору эмгек акыга, маянага
жана башка ушул сыяктуу акыга жана Макулдашкан Мамлекетте же анын адми-
нистрациялык бөлүмчөсүндө же жергиликтүү бийлик органында ишкердик
жүргүзгөндүгүнө байланыштуу жүзөгө ашырылуучу кызматына карата колдону-
лат".
3-статья. Протоколдун колдонулушу
1. Ушул Протокол Макулдашкан Мамлекеттер тарабынан алардын мыйзам-
дарына ылайык ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталарды
алмашуу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө болуп өтөт.
2. Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген ушул Протокол
Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Ушул Протокол Макулдашуунун 29-статьясына ылайык Макулдашуунун
колдонулушунун токтолушу менен бир мезгилде өзүнүн аракетин токтотот.
Ушуну ырастап, төмөндө кол койгондор, ушуга өздөрүнүн Өкмөттөрү
тарабынан тиешелүү ыйгарым укук берилгендер, ушул Протоколго кол коюш-
ту.
Тегеран шаарында ________- күн хижра жылынын _________ тир ылайык
келген 2003-жылдын "__" __________ кыргыз, перс, орус жана англис тил-
деринде 2 нускада жазылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө
пикир келишпестиктер келип чыкканда англис тилиндеги текст аныктоочу
текст болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.