Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда эмгекчи мигранттардын эмгек иш-аракети жана аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 11-майындагы № 65 Мыйзамы менен ратификацияланган
Москва шаары
2003-жылдын 22-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосунда эмгекчи мигранттардын эмгек
иш-аракети жана аларды социалдык жактан коргоо
жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы Макулдашууга
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкметү
менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
эки мамлекеттин элдеринин салтка айланган достук байланыштары ме-
нен ынтымактуу коњшулук мамилелерин сактоого жана бекемдөөгө умтулган-
дыктарынын натыйжасында,
эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу мамилелерди, стратегиялык
өнөктөштүктөр менен союздаштыкты өнүктүрүү жана терењдетүү үчүн Кыргыз
Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарында эки мамлекеттин
жарандарына алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн ыњгайлуу
шарт түзүүнү каалашып,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы
Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө 2000-жылдын 27-ию-
лундагы декларацияны жана 2002-жылдын 5-декабрындагы Бишкек декларация-
сын жетекчилике алышып,
Тараптардын мамлекеттеринин бири-биринин аймактарында жашаган жа-
рандардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу тартиптерин жөнөкөйлөштүрүү
максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосунда Эмгекчи мигранттардын эмгек иш-аракети жана аларды
социалдык жактан коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы макулдашууга
(мындан ары - Макулдашуу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин.
1. 2-статьяда:
- "а" пунктундагы "жалдама келишим" деген сөз, "жарандык-укуктук
келишим" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
- "б" пунктундагы "кабыл алуучу мамлекеттин жумуш берүүчүсү менен
түзүлгөн,-" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо" деген сөз алып салынсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы -"в" пункту менен толукталсын:
"в) мигрант эмгекчилер менен кабыл алуучу мамлекеттин заказчылары
менен түзүлгөн жумуштарда (кызмат көрсөтүү) аткаруу жөнүндө жаран-
дык-укуктук келишимдеринин негизинде, - 1 жылдык мөөнөткө аны узуртуу
мүмкүндүгү менен 1 жылдык мөөнөткө.".
2. 3-статьянын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй
редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлиги;
Россия Федерациясында - Россия Федерациясынын Ички иштер минист-
рлиги.".
3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Башка мамлекеттен келген эмгекчи-мигранттарды тартуучу иштин
(кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчылары жана жумуш берүүчүлөр жөнүндө маа-
лыматтарды, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекетинен тартылган жумушчу
күчтөрдүн саны менен кесиптик курамдары жөнүндө маалыматтарды Тараптар-
дын ыйгарым укуктуу органдары жыл сайын өз ара алмашып турушат".
4. 5-статьяда:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Эмгекчи-мигрант менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн келиши, болушу
жана кетиши Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын
Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жа-
на Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын визасыз өз
ара катнашы жөнүндө 2000-жылдын 30-ноябрындагы Макулдашуунун шарттары-
нын эсеби менен бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-пункттар менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республнкасынын эмгекчи мигрант жарандарынын арасынан
Россия Федерациясынын аймактарында иштетүү үчүн кабыл алып иш
берүүчүлөр же иштин заказчылары (кызмат көрсөтүү) алардын Россия Феде-
рациясында эмгек ишмердүүлүгү бүткөн соњ, алардын Россия Федерациясынан
кайра кетүүсүнө керектелүүчү акча каражаттарын алдын ала төлөп берүү
милдетинен бошотулат. Россия Федерациясында иштөө мөөнөтү аяктаганда
көрсөтүлгөн эмгекчи-мигрант жарандарынын кетүүгө керектелүүчү төлөмдөрү
иш берүүчү же иштин (кызмат көрсөтүүчү) заказчысы тарабынан төлөнүп, ал
эмгек контракттарында же жарандык-укук келишимдеринде каралат.
5. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына чет өлкөлүк жумушчулар-
ды тартуунун жана аларды пайдалануунун тартиби Тараптардын мамлекетте-
ринин жарандарына, Тараптардын мамлекеттеринин юриликалык жактарынын
өкүлдүктөрүнүн аккредитацияланган кызматчылары менен алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнө колдонулбайт.
6. Тараптардын мамлекеттеринин юридикалык жак түзбөстөн жекече иш-
кер катары жарандарын кабыл алуучу мамлекеттин аймагында мамлекеттик
каттоо чет өлкөлүк жумушчуларды пайдалануу жана тартуу кабыл алуучу
мамлекеттин тартибине ылайык жеке ишкердик алардын аймактарында жүрүү
мөөнөтүнө карабастан жүргүзүлөт".
5. Макулдашуу төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-статьялар менен то-
лукталсын:
"13-статья.
Кабыл алуучу мамлекеттин аймагында эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу
үчүн тартылган жумзшчулар 18 жаштан кем болбошу керек.
14-статья.
Тараптар өз ара келишим боюнча бул Макулдашууга зарыл толуктоолор
менен өзгөртүүлөрдү киргизе алышат, аларга өзүнчө протоколдор толтуру-
лат жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат".
2-статья.
Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Та-
раптардын анын күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жолжоболорду аткар-
гандыгы туралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып
күчүнө кирет.
Бул Протокол Макулдашуу колдонулган мезгилде күчүндө болот.
Москва шаарында 2003-жылдын 22-сентябрында эки нускада, ар бири
кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.