# 1-статья

- Документ: [2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1741)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 9-августундагы № 143 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1667/edition/284961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1741/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө, 1-статья (09.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноонун, мародерлуктун жана башаламандыктын учурунда жабыр тарткан чарбакер субъекттердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статъясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган тартипте ликвиддик күрөөнү бербестен жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63, 64, 65-статьяларынын жоболорун колдонбостон учурдагы төлөмдөрдөн кутулуунун мөөнөттөрүн узартсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясынын 1-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 245-статьясы менен аныкталган тартипте ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чарбакер субъекттерге төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздабастан, пайыздарды жана туумдарды төлөтүп албастан төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же бөлүп-бөлүп төлөөгө уруксат берсин.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-2)
