# Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 9-августундагы № 143 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 9-августундагы № 143 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1667/edition/284961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 9-августундагы № 143 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамы (09.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1741

---

Берилген Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Мыйзам 2005-жылдын 25-мартынан 31-декабрына чейин күчүндө болот

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2005-жылдын 9-августу № 143

2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер субъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-1)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноонун, мародерлуктун жана башаламандыктын учурунда жабыр тарткан чарбакер субъекттердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статъясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган тартипте ликвиддик күрөөнү бербестен жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63, 64, 65-статьяларынын жоболорун колдонбостон учурдагы төлөмдөрдөн кутулуунун мөөнөттөрүн узартсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясынын 1-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 245-статьясы менен аныкталган тартипте ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чарбакер субъекттерге төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздабастан, пайыздарды жана туумдарды төлөтүп албастан төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же бөлүп-бөлүп төлөөгө уруксат берсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-2)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге алардын милдеттүү камсыздоо чегерүүлөрүн төлөөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча туумдарды, пайыздарды жана штрафтык санкцияларды алуусуз мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-3)

Ушул Мыйзам 2005-жылдын 25-мартынан 31-декабрына чейин жарактуу.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1741/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2005-жылдын 16-августунда N 66 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

К.Бакиев

2005-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
