Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенция (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 33 Мыйзамы менен ратификацияланган
Кыргыз Республикасы менен
Индия Республикасынын ортосундагы
Консулдук конвенция
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы, эки өлкөнүн ортосун-
дагы достук мамилелерди андан ары дагы өнүктүрүүнү каалашып, Консулдук
Конвенцияны (мындан ары- Конвенция) түзүүнү чечишти жана төмөнкүлөр
жөнүндө макулдашышты.
1-бөлүм. Киришүү жоболору
1-статья. Аныктамалар
Бул Конвенцияда колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
а) "жиберген мамлекет" консулдук кызматчы адамды дайындаган Макул-
дашып жаткан Тарапты билдирет;
б) "келген мамлекет" консулдук кызматчы адам өзүнүн кызмат милдет-
терин аткарып жаткан Макулдашып жаткан Тараптын аймагын билдирет;
в) "консулдук мекеме" бардык башкы консулдукту, консулдукту, вице-
консулдукту же консулдук агенттикти билдирет;
г) "консулдук чөлкөм" консулдук функцияларды аткаруу үчүн консул-
дук мекемеге бөлүнгөн" районду билдирет;
д) "консулдук мекеме башчысы" аны жиберген мамлекет бул ишти атка-
рууну тапшырган адамды билдирет;
е) "консулдук кызматчы адам" консулдук функцияларды аткаруу иши
тапшырылып бардык адамды, ошондой эле консулдук мекеме башчысын билди-
рет;
ж) "коисулдук мекеменин кызматкери" консулдук мекемеде администра-
тивднк же техникалык функцияларды аткаруучу, консулдук кызматчы адамдан
башка бардык адамды билдирет;
з) "тейлөө персоналынын кызматкери" консулдук мекемени тейлөө мил-
детин аткаруучу бардык адамды билдирет;
н) "консулдук мекеменин кызматкерлери" консулдук кызматчы адамдар-
ды, консулдук мекеменин кызматкерлерин жана тейлөө кызматкерлерин бил-
дирет;
к) "жеке үн кызматкери" консулдук кызматчы адамдын колунда гана
иштеген адамды билдирет;
л) "консулдук имараттар" кимдин гана ээлигинде болбосун, консулдук
мекеменин максаттары үчүн колдонулган имараттарды же имараттын бир
бөлүгүн жана бул имараттарды же имараттын бир бөлүгүн тейлөөчү жер
участогун билдирет:
м) "консулдук архивдер" консулдук мекеменин шифрлары жана коддору
менен бирге бардык кат алышууларын, документтерин, корреспонденциясын,
китептерин. фильмдерин, тасмаларын, үн-жазмаларын, фотосүрөттөрүн, ре-
естрлерин жана алардын сакталашын камсыз кылуучу буюмдарды билдирет.
2-бөлүм. Консулдук мекемелердин ачылышы жана консулдук
кызматчы адамдардын жана консулдук мекемелердин
кызматкерлеринин дайындалышы
2-статья.
1. Консулдук мекеме келген мамлекеттин аймагында бул мамлекеттин
макулдугу менен гана ачылышы мүмкүн.
2. Консулдук мекеменин жайгашкан орду, анын классы жана консулдук
чөлкөмү жиберген мамлекет тарабынан аныкталат жана келген мамлекет та-
рабынан жактырылат.
3. Эгерде башкы консулдук же консулдук башка жерде вице-консулдук-
ту же консулдук агенттикти ачууну кааласа, келген мамлекеттин макулдугу
керек болот.
4. Башка жерде иштеп жаткан консулдук мекемеге тиешелүү бир
бөлүмдү ачуу үчүн дагы келген мамлекеттин макулдугу керек.
3-статья.
1. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысын дайындоого уруксат
сураган суроо-талабын келген мамлекетке дипломатиялык жолдор менен жө-
нөтөт.
2. Уруксат алгандан кийин жиберген мамлекет келген мамлекеттин
Тышкы иштер министрлигине консулдук патентти же башка тийиштүү доку-
ментти жөнөтүүгө тийиш. Патентте же тиешелүү документте консулдук меке-
ме башчысынын толук аты-жөнү, анын граждандыгы, ээлеген кызматы, кон-
сулдук чөлкөмү жана консулдук мекеменин жайгашкан орду көрсөсүлөт.
3. Жогоруда аталган иштер аткарылгандан кийин келген мамлекет эк-
зекватура же бардык башка түрдөгү уруксатты берет.
4. Консулдук мекеме башчысы патент же тиешелүү документ берилген-
ден кийин жана келген мамлекет экзекватура же уруксат бергенден кийин
өз милдеттернн аткара баштайт.
4-статья.
Экзекватура же уруксат берилгенге чейин келген мамлекет консулдук
мекеме башчысына өз милдеттерин убактылуу аткарууга уруксат бериши
мүмкүн.
5-статья.
Жиберген мамлекеттин граждандары гана консулдук кызматчы адамдар
боло алышат.
6-статья.
1. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысынан тышкары ар бир
консулдук кызматчы адамдын толук аты-жөнү, граждандыгы, ээлеген кызматы
жана консулдук мекеменин башчысынан тышкары, ар бир консулдук кызмат
адамынын классификациясы жөнүндө жазуу жүзүндө келген мамлекеттин Тышкы
иштер министрлигине билдирет.
2. Жиберген мамлекет ошондой эле консулдун ордуна дайындалган кыз-
маткердин толук аты-жөнү, граждандыгы, милдеттери жөнүндө келген мамле-
кетке жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
7-статья.
1. Жиберген мамлекет 3-, 5- жана 6-статьяларга ылайык өзүнүн дип-
ломатиялык өкүлчүлүгүнүн бир же бир нече кызматкерлерине келген мамле-
кетте консулдук функцияларды аткаруу ишин тапшыра алат. Консулдук функ-
цияларды аткарып жаткан дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери диплома-
тиялык өкүлчүлүктүн кызматкери катары артыкчылыктарга жана иммунитет-
терге ээ болуп кала берет.
2. Ошондой эле жиберген мамлекет өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнө
караштуу консулдук функцияларды аткарууга жооптуу болгон консулдук
бөлүмдү ачышы мүмкүн.
8-статья.
Келген мамлекеттин компетенттүү органдары консулдук кызматчы адам-
дарга, консулдук мекеменин кызматкерлерине жана алар менен чогуу жашап
жаткаи үй-бүлө мүчөлөрүнө бул боюнча өздөрү колдонуп жаткан тажрыйбага
ылайык ким экендиги жөнүндө күбөлүктү берүүгө тийиш.
9-статья.
Келген мамлекет консулдук кызматчы адамдарды коргоого жана консул-
дук кызматчы адамдар өз кызматы боюнча милдеттерин аткаруу жана бул
Конвенциядан чыккан артыкчылыктарды колдонуу үчүн бардык зарыл чаралар-
ды көрүүгө тийиш.
10-статья.
1. Эгерде консулдук мекеменин башчысы өз милдеттерин аткара албаса
же эгерде консулдук мекеменин башчысынын кызмат орду бош болсо, анда
жиберген мамлекет консулдук кызматчы адамды же жиберген мамлекеттин
дипломаттык өкүлчүлүгүнүн кызматкерин консулдук мекеме башчысынын мил-
деттерин убактылуу аткарууга дайындайт. Консулдук мекеме башчысынын
милдетин аткаруучунун толук аты-жөнү келген мамлекеттин Тышкы иштер ми-
нистрлигине алдын-ала билдирилет.
2. Консулдук мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кон-
сулдук мекеме башчысы катары бул Конвенциянын 3-статьясында көрсөтүлгөн
укуктарга, артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болот.
3. Консулдук мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу дипло-
маттык өкүлчүлүктүн дипломаттык кызматкерлеринин мүчөсү дипломаттык ар-
тыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болот.
11-статья.
1. Келген мамлекет бул же тигил консулдук кызматчы адам "persona
non grata" экендиги же консулдук кызматкерлердин бирөөнүн жактырылба-
гандыгы жөнүндө жиберген мамлекетке дипломатиялык жолдор менен бардык
убакта жана бир дагы себебин көрсөтпөстөн билдире алат.
Бул учурда жиберген мамлекет бул адамды кайрадан чакырып алууга
тийиш.
2. Эгерде жиберген мамлекет бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн
өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартса же аткарыла турган мөөнөттө
аткарбаса, келген мамлекет аны тиешелүү түрдө консулдук кызматкер ката-
ры эсептебей калат.
12-статья.
1. Жиберген мамлекет келген мамлекеттин мыйзамдарынын алкагында
консулдук мекемени же жиберген мамлекеттин граждандары болгон консулдук
мекеменин кызматкерлеринин резиденцияларын жайгаштыруу үчүн жер учас-
токторун, имараттарды же имараттардын бир бөлүгүн алышы жана колдонушу
мүмкүн.
2. Келген мамлекет 1-пунктта көрсөтүлгөн жердин участогун, имарат-
тарды же имараттардын бир бөлүгүн жиберген мамлекет алып жатканда ага
жардам берүүгө тийиш.
3. Бул пункттун 1- жана 2-пункттарынын жоболору жнберген мамлекет-
ти имаратка, түзүүгө, районго жана келген мамлекеттин башка мыйзамдары-
на же чектөөлөрүнө макул болуу зарылчылыгынан бошотпойт.
3-бөлүм. Артыкчылыктар жана иммунитеттер
13-статья.
1. Жазмалары жиберген жана келген мамлекеттердин тилинде жазылган
жиберген мамлекеттин герби консулдук мекеменин имаратында, ошондой эле
консулдук мекеме башчысынын резиденциясында тагылат.
2. Жиберген мамлекеттин улуттук желеги консулдук турак-жайда жана
консулдук мекеме башчысынын резиденциясында. ошондой эле консулдук ме-
кеме башчысынын транспорттук каражатында өзүнүн кызматтык милдеттерин
аткарып жатканда тагылышы мүмкүн.
14-статья.
Консулдук турак-жайлар жама консулдук мекеме башчысынын резиденци-
ясы кол тийбестикке ээ. Келген мамлекеттин бийликтери жиберген мамле-
кеттин консулдук мекеме башчысынын же дипломаттык өкүлчүлүгүнүн башчы-
сынын же алардын бири дайындаган адамдын макулдугу менен гана консулдук
мекемеге же резиденцияга кире алышат.
15-статья.
Консулдук архивдер бардык убакта жана жайгашкан ордуна карабастан
кол тийбестикке ээ. Расмий эмес документтер консулдук архивден бөлөк
сакталууга тийиш.
1. Жайгашкан жерине карабастан, жиберген мамлекеттин өкмөтү, дип-
ломатиялык өкүлчүлүктөрү жана башка консулдук мекемелери менен иш
жүргүзүүдө консулдук мекеме бардык ылайыктуу каражаттарды, анын ичинде
дипломатиялык жана консулдук чабармандарды, дипломатиялык жана консул-
дук вализаларды, коддолгон же шифрленген шашылыш билдирмелерди колдоно
алат. Бирок консулдук мекеме келген мамлекеттин макулдугу менен гана
радио берүүчү аппаратты орнотушу жана аны колдонушу мүмкүн.
2. Коомдук байланыш каражаты дипломитиялык өкүлчүлүк менен бирдей
шартта консулдук мекемеге карата колдонулат.
3. Консулдук мекеменин расмий корреспонденциясы жана алардын
мүнөзүн көрсөткөн көзгө көрүнүп туруучу тышкы белгилери болгон консул-
дук вализа кол тийбестикке ээ жана ачылбайт, кармалбайт. Алар расмий
корреспонденцияны жана расмий колдонулуучу документтерди же предметтер-
ди гана камтышы мүмкүн.
4. Консулдук чабармандын расмий документтери болот, анда анын ста-
тусу, консулдук вализаны түзгөн орундардын саны көрсөтүлөт. Ал өзүнүн
өкмөтү берген дипломатиялык паспортко ээ болууга тийиш. Консулдук ча-
барман жиберген мамлекеттин дипломаттык чабарманы менен бирдей укуктар-
га, артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ.
5. Жиберген мамлекет анын дипломаттык өкүлчүлүгү жана консулдук
мекемеси "аd hoc" консулдук чабармандарын дайындашы мүмкүн. Мындай
учурларда бул статьянын 4-пунктунун жоболору колдонулат жана анда
көрсөтүлгөн артыкчылыктар жана иммунитеттер мындай чабарманга ишенип
тапшырылган консулдук вализаны тиешелүү жерге жеткиргенден кийин
көрсөтүлгөн иммунитеттер жана артыкчылыктар колдонулбайт.
6. Консулдук вализа кеменин жана граждандык самолеттун командирине
ишенип берилиши мүмкүн. Ал вализаны түзгөн орундардын саны көрсөтүлгөн
расмий документти алат, бирок ал дипломатиялык чабарман болуп эсептел-
бейт. Компетенттүү жергиликтүү бийликтер менен макулдашып, консулдук
мекеме өзүнүн кызматкерлеринин бирин кеменин же самолеттун командиринен
вализаны түздөн-түз жана токтоосуз алууга же вализаны ага жеткирүүгө
жөнөтө алат.
16-статья.
1. Келген мамлекет консулдук кызматчы адамдарга, консулдук мекеме-
нин кызматкерлерине жана алар менен чогуу жашап жаткан үй-бүлө
мүчөлөрүнө сый-урмат менен мамиле жасоого жана алардын өзүнө, эркинди-
гине же кадыр-баркына кандайдыр-бир кол салууларды болтурбоого мил-
деттүү.
2. Консулдук мекеме башчысы камакка алынбайт, кармалбайт жана кел-
ген мамлекеттин кылмыш юрисдикциясындагы иммунитетке ээ болот.
3. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысынын келген мамлеке-
тиндеги кылмыш юрисдикциясындагы иммунитетинен баш тарта алат. Баш
тарткан жак бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү келген мамлекетке
берүүгө тийиш.
4. Консулдук мекеме башчысынын өзү менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү
консулдук мекеме башчысы сыяктуу эле дењгээлде келген мамлекеттин кыл-
мыш юрисдикциясына карата иммунитетке ээ болууга тийиш.
5. Консулдук кызматчы адамдар камакка алынбайт, алдын-ала камал-
байт, мында өтө оор кылмыш жасаса компетенттүү сот бийликтеринин чыгар-
ган токтому эске алынбайт.
6. Бул статьянын 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кон-
сулдук кызматчы адамдар түрмөгө отургузулбайт жана эркиндиги бардык
башка формада чектелбейт, мында мыйзамдык күчүнө кирген сот токтомдорун
аткарган учурлар эске алынбайт.
7. Эгерде консулдук кызматчы адамга каршы кылмыш иши козголсо, ан-
да ал компетенттүү органга келиши керек. Ошого карабастан, ишин кароодо
анын расмий абалына байланыштуу ага сыпаа мамиле жасалууга тийиш жана
ушул статьянын 5-пунктунда каралган учурлардан тышкары, алардын консул-
дук функцияларын аткарылышына азыраак тоскоолдук түзүлүүгө тийнш. Ушул
статьянын 5-пунктуна ылайык консулдук кызматчы адамды кармоо зарыл бол-
со. ага каршы соттук куугунтуктоо мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө баш-
талууга тийиш.
8. Консулдук кызматчы адамдардын өздөрү менен чогуу жашап жатышкан
үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин кылмыш юрисдикциясына карата кон-
сулдук кызматчы адамдар менен бирдей иммунитетке ээ болушат.
9. Консулдук кызматчы адамдар жана консулдук кызматкерлер
өздөрүнүн консулдук функцияларын аткарып жаткан мезгилде жасаган
иш-аракеттерине карата келген мамлекеттин сот же административдик юрис-
дициясына карабайт.
10. Бирок бул статьянын 9-пунктунун жоболору төмөнкүлөр боюнча
граждандык доого колдонулбайт:
а) келген мамлекеттин аймагында болгон жеке кыймылсыз мүлккө, мын-
да консулдук кызматчы адамдар жана консулдук мекеменин кызматкерлери
консулдук мекемени жиберген мамлекеттин атынан аларга ээ болгон учур
эске алынбайт:
б) мамлекеттин атынан келген жеке адам катары аткаруучусу. адми-
нистратору, мураскору болгон мурас укугуна:
в) ал келген мамлекетте аткарып жаткан анын консулдук функциялары-
на кирбеген бардык профессионалдык же коммерциялык иштерге:
г) консулдук кызматчы адам же консулдук кызматкер келген мамлекет-
те агент катары милдеттенмелерди өздөрүнө түз же кыйыр албаган келишим-
деринен келип чыгуучу; же
д) келген мамлекетте жол транспорту кемеси же самолету кырсыкка
учурагандагы зыяны үчүн үчүнчү тараптын.
11. Жиберген мамлекет бул статьяда каралган бардык иммунитеттен
баш тарта алат. Мындай баш тартуу келген мамлекетке жазуу жүзүндө бил-
дирилет.
12. Граждандык же административдик ишке карата юрисдикция иммуни-
тетинен баш тартуу соттун чечиминин натыйжасында келип чыккан, аткаруу
аракеттердин иммунитетинен баш тартуу деп эсептелбейт: мындай ишаракет-
терге карата өзүнчө баш тартуу керек.
17-статья.
1. Консулдук мекеменин кызматкерлери сот же административдик иш-
терди жүргүзүүдө күбө катары чакырылышы мүмкүн. Эгерде консулдук кыз-
матчы адам көрсөтмө берүүдөн баш тартса, ага эч кандай мажбурлоо жана
жазалоо чаралары колдонулбайт. Бул статьянын 3-пунктунда айтылган учур-
лардан тышкары, консулдук мекеменин кызматкери көрсөтмө берүүдөн баш
тарта албайт.
2. Консулдук кызматчы адамдарга жана консулдук мекеменин кызмат-
керлерине карата бул статьянын 1-пунктунда жоболору ошондой эле өздөрү
менен чогуу жашап жатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы колдонулууга
тийиш.
3. Консулдук мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн функцияларын атка-
рууга байланышкан маселелер боюнча көрсөтмө берүүгө же өздөрүнүн функ-
цияларына тийиштүү расмий корреспонденцияны жана документтерди
көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Алар ошондой эле жиберген мамлекеттин мый-
замдарын түшүндүрүүчү көрсөтмөлөрдү берүүгө милдетттүү эмес.
4. Консулдук кызматчы адамдын же консулдук мекеменин кызматкеринин
көрсөтмө беришин талап кылган орган бул адамдын өз функцияларын аткары-
шына жолтоо жасабашы керек. Ал мүмкүн болгон учурда бул адамдардын
үйүндө же консулдук мекемеде мындай көрсөтмөлөрдү алышы же андан жазуу
жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү алышы мүмкүн.
18-статья.
Консулдук мекеменин кызматкерлери жана өздөрү менен чогуу жашап
жатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин граждандары же ту-
руктуу жашоочулары болбогон учурда, бардык формадагы милдеттүү социал-
дык камсыздоодон бошотулат.
19-статья.
Консулдук кызматчы адамдар, консулдук кызматкерлер жана өздөрү ме-
нен чогуу жашап жатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин
чет өлкөлүктөрдү каттоо жөнүндө мыйзамдарында жана эрежелеринде карал-
ган бардык милдеттерден жана жашап турууга уруксат алуудан бошотулат.
20-статья.
1. Жиберген мамлекет ээлик кылган же ижарага алган консулдук ту-
рак-жайлар жана консулдук мекеме башчысынын резиденциясы же анын атынан
иштеп жаткан бардык адам тейлөөнүн белгилүү-бир түрлөрү үчүн алынган
жыйымдарды эске албаганда, бардык мамлекеттик, райондук жана муниципал-
дык салыктардан, пошлиналардан жана жыйымдардан бошотулат.
2. Бул статьянын 1-пунктунда тиешелүү салыктардан жана пошлиналар-
дан бошотуу төмөнкүлөргө колдонулууга тийиш эмес:
а) жиберген мамлекет же анын атынан иштеп жаткан адам менен конт-
ракт түзгөн адам төлөөчү салыктардан жана жыйымдардан; жана
б) демейде товарлардын же тейлөөнүн наркына кирүүчү кыйыр салык-
тардан.
3. Бул статьяда чегерилген бошотуулар көрсөтүлгөн кызмттар үчүн
төлөнүүчү төлөмдөргө жана чыгымдарга карата колдонулбайт.
21-статья.
1. Консулдук кызматчы адамдар жана консулдук кызматкерлер, ошондой
эле алар менен чогуу жашап жатышкан үй-бүлө мүчөлөрү жиберген мамлекет-
тин граждандары болсо, төмөнкүлөрдөн тышкары бардык жеке жана мүлктүк,
мамлекеттик, райондук жана муниципалдык салыктардан, жыйымдардан жана
пошлиналардан бошотулат:
а) демейде товардын же тейлөөнүн наркына кошула турган кыйыр са-
лыктан;
б) 21-статьянын жоболорунда каралган, келген мамлекеттин аймагында
болгон жеке жана кыймылсыз мүлк жыйымдарынан жана салыктарынан;
в) 23-статьянын жоболорунда каралган, келген мамлекет тарабынан
алынуучу мурас мүлкүнүн салыктарынан же мурас пошлиналарынан же мүлктү
өткөрүп берүү салыктарынан:
г) келген мамлекетте табылган жеке киреше салыктарынан жана жыйым-
дарынан жана башка ушул сыяктуу салыктардан;
д) 21-статьянын жоболорунда каралган, каттоо, сот жана реестрдик
пошлиналардан, ипотекалык жыйымдардан, гербдик жыйымдардан;
е) белгилүү-бир тейлөө үчүн жыйымдардан.
2. Тейлөө кызматкерлери жиберген мамлекеттин граждандары болсо,
өздөрүнүн жумушу үчүн алган айлык акы салыктарынан, жыйымдарынан жана
пошлиналарынан бошотулат.
3. Келген мамлекетте айлык акылары киреше салыктарынан бошотулба-
ган адамдарды жалдаган консулдук кызматчы адамдар жана консулдук меке-
менин кызматкерлери кирешеге салынган салыкты алуу боюнча бул мамлекет-
тин мыйзамдары менен эрежелери, анын ичинде социалдык камсыздоо мыйзам-
дары жана эрежелери тарабынан жалдоочуга берилген милдеттенмелерди ат-
карат.
22-статья.
Консулдук мекеменин кызматкери же анын үй-бүлө мүчөсү каза болгон
учурда, келген мамлекеттин аймагында калган кыймылдуу мүлккө салык са-
лынбайт, ошондой эле менчик боюнча операцияларга байланышкан мурас са-
лыктары же бүтүм жыйымдары келген мамлекет тарабынан бүл мүлккө салын-
байт. Мында кызыкдар адам бул мамлекеттин туруктуу резиденти статусуна
ээ болсо, ошондой эле эгерде каза болгон адам консулдук мекеменин кыз-
маткери же анын үй-бүлө мүчөсү катары жүргөндүгүнө байланыштуу гана
келген мамлекеттин аймагында мүлкү болсо, ал каза болгон мезгилде экс-
порттоого тыюу салынган, келген мамлекеттин аймагында алынган менчиктин
бардык түрү эске алынбайт.
23-статья.
1. Келген мамлекет кабыл алынган мыйзамдарга жана эрежелерге ыла-
йык, ошондой эле тараптардын өз ара иш жүргүзүшүнүн негизинде
төмөнкүлөрдү алып келүүгө жана кампа жыйымдарын, ташуу жана ушул, сыяк-
туу башка кызматтар үчүн жыйымдарды эске албаганда, бажылык пошлиналар-
ды, салыктарды жана ушуга окшош башка жыйымдарды төлөбөөгө уруксат бе-
рет;
а) консулдук мекеменин кызмтта колдонуучу буюмдарын;
б) консулдук кызматчы адамдын, ошондой эле анын үй-бүлө
мүчөлөрүнүн жеке колдонуучу буюмдарын, анын ичинде автотранспорт кара-
жатын. Керектөө буюмдары кызыкдар адамдардын түздөн-түз жекече колдону-
шу үчүн зарыл болгон сандан ашпоого тийиш.
2. Жиберген мамлекеттин граждандары болгон консулдук мекеменин
кызматкерлери ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрү бул статьянын 1 (б)
пунктунда каралган автотранспорт каражатын эске албаганда, келген мам-
лекеттин эрежелеринин колдонулуп жаткан тизмесине ылайык алгач ирет
киргизилген буюмдарга карата бошотууларга жана артыкчылыктарга ээ болу-
шат.
3. Консулдук кызматчы адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн
жеке жүгү бажылык текшерүүдөн өтпөйт. Ал бул статьянын 1 (б) пунктунда
көрсөтүлгөн алып таштоолор тиешелүү болгон буюмдардын же келген мамле-
кеттин мыйзамдары жана эрежелери менен алардын алынып келишине же алы-
нып кетишине тыюу салынган буюмдардын бар экендиги жөнүндө олуттуу пи-
кир майда болгон учурда, текшерилиши мүмкүн. Мындай текшерүү консулдук
кызматчы адамдын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн көзүнчө гана жүргүзүлөт.
24-статья.
1. Бул Конвенциянын алкагында артыкчылыктарга жана иммунитеттерге
ээ болгон бардык адамдар бул артыкчылыктар менен иммунитеттерге зыян
келтирбестен, келген мамлекеттин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого
жана аларадын, анын ичинде транспорт кыймылын контролдоого жана автот-
ранспорт каражаттарын камсыздоого байланышкан маселелерди үзүрлүү атка-
рууга көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле жогоруда аталган адамдар бул мамле-
кеттин ички иштерине кийлигишүүгө укуктуу эмес.
2. Консулдук турак-жайлар консулдук функцияларга каршы келген фор-
мада пайдаланылууга тийиш эмес. Консулдук турак-жайлар бардык адамдар-
га, анын ичиеде жиберген мамлекеттин граждандарына баш калка берүү үчүн
пайдаланылбайт.
25-статья.
Консулдук кызматчы адамдар, консулдук мекеменин кызматкерлери жана
тейлөө кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-
лекеттеё профессионалдык же коммерциялык ишмердиктен жеке пайда көрүүгө
укуктуу эмес.
26-статья.
Улуттук коопсуздукту сактоо максатында аймагына келүүгө тыюу салуу
жана анда келишин чектөө жөнүндө келген мамлекетте кабыл алынган мый-
замдарга жана эрежелерге ылайык консулдук кызматчы адам же консулдук
мекеменин кызматкери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-
лекеттин аймагында бир жерден экинчи жерге тоскоолдуксуз барууга укук-
туу. Болгон мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык бул статьянын жоболору
визаларды же башка жолдо жүрүү документтерин алууга тиешелүү бардык
колдонулуп жаткан талаптарга зыян келтирбестен пайдаланылууга тийиш.
4-бөлүм. Консулдук функциялар
27-статья.
1. Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин мыйзамдарына жана
эрежелеринеылайык бул бөлүмдө көрсөтүлгөн консулдук функцияларды атка-
рууга укуктуу. Ал келген мамлекеттеги мыйзамдарга жана эрежелерге каршы
келбеген башка консулдук функцияларды аткара алат.
2. Консулдук чөлкөмдүн алкагында консулдук кызматчы адам келген
мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жиберген мамлекеттин
граждандары болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарын
жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
3. Өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда консулдук кызмтчы
адам төмөнкүлөргө кайрыла алат:
а) келген мамлекеттиеги өзүнүн консулдук чөлкөмүндөгү компетенттүү
бийликтерге;
б) келген мамлекеттин мыйзамдары, эрежелери жана адаттары же ти-
йиштүү эл аралык макулдашуулар тарабынан жол берилген дењгээлде келген
мамлекеттин компетенттүү борбордук органдарына.
4). Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин алдын-ала макулдугу
менен консулдук чөлкөмдөн тышкары консулдук кызматтын милдеттерин атка-
рууга укуктуу.
28-статья.
Консулдук кызматчы адам соода, экономикалык, маданий, илимий-тех-
никалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берүүгө укук-
туу, ошондой эле алардын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө
көмөктөшөт.
29-статья.
Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн чегинде
төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жиберген мамлекеттин граждандарынын эсебин алууга;
б) жиберген мамлекеттин граждандыгынын маселелери боюнча жиберген
мамлекеттин граждандарынын арыздарын кабыл алууга жана бул маселелер
боюнча документтерди берүүгө;
в) эки кызыкдар адам жиберген мамлекеттин мыйзамдарына жана эреже-
лерине ылайык жиберген мамлекеттин граждандары болсо жана бул келген
мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбесе, никелерди кат-
тоого;
г) жиберген мамлекеттин граждандарынын үй-бүлө мамилелерине тие-
шелүү арыздарын бул мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык
кабыл алууга.
д) жиберген мамлекеттин граждандарынын туулгандагы же каза болгон-
дугу жөнүндө актыларды каттоого.
е) келген мамлекеттин чегинен тышкары пайдалануу үчүн жиберген
мамлекеттин граждандары сураган и укуктук актыларды жана документтерди
түзүүгө, күбөлөндүрүүгө, мыйзамдаштырууга, легализациялоого. Ошондой
эле келген мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбеген
шартта бардык адам жиберген мамлекетте аларды көрсөтүү максатында сура-
шы мүмкүн;
ж) укуктук актыларды жана документтерди которууга, котормолордун
жана башка документтердин жарамдуулугун күбөлөндүрүүгө.
2. Консулдук кызматчы адам бул мамлекеттин мыйзамдарындагы жана
эрежелериндеги тиешелүү талаптарды сактап, бул мамлекеттин мыйзамдары
талап кылса, (в) жана (д) пункттарына ылайык жүргүзүлүүчү укуктук акты-
лар жөнүндө келген мамлекеттин компетенттүү органдарына кабарлайт.
30-статья.
Аткарылган функциялар 31-статьяга ылайык консулдук кызматчы адам
тарабынан берилген, которулган же күбөлөндүрүлгөн документтерди камтыйт
жана келген мамлекеттин компотенттүү бийликтери тарабынан берилген, ко-
торулган жана күбөлөндүрүлгөн документтер менен келген мамлекетте бир-
дей юридикалык күчкө ээ болот.
31-статья.
1. Консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин граждандарына пас-
портторду берүүгө, жолдо жүрүү документтерин берүүгө, аларды узартууга,
калыбына келтирүүгө же жок кылууга жана бул багыттагы бардык башка кыз-
маттарды көрсөтүүгө укуктуу.
2. Ал ошондой эле жиберген мамлекеттин аймагына кетүүнү каалаган
адамдарга визаларды берүүгө укуктуу.
32-статья.
1. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери келген мамлекеттин
аймагында жиберген мамлекеттин гражданы каза болгон учурда, бул жөнүндө
кызыкдар консулдук мекемеге тезинен билдирүүгө тийиш.
2. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери мураскер же мураска
талапкер адам жиберген мамлекеттин гражданы болсо, жиберген мамлекеттин
гражданынын каза болгондугуна байланыштуу мурастын ачылышы жөнүндө
алардын суроо-талабы боюнча же керек болгон учурда консулдук мекемеге
маалымат берүүгө тийиш.
3. Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин туруктуу жашоочусу
деген статуска ээ болбогон жиберген мамлекеттин гражданынын атынан жи-
берген мамлекеттин граждандарына тийиштүү акчаларды же мүлктүн башка
үлүшүн, компенсациялар, пенсиялар, социалдык камсыздандыруу, камсыздан-
дыруу полистери жана төлөнбөгөн айлык акылар боюнча төлөмдөрдү келген
мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык кызыкдар адамдарга
берүү үчүн алууга укуктуу.
4. Мүлктү жок кылууудан алынган жана жиберген мамлекеттин гражда-
нына тийиштүү кыймылдуу мүлк жана акчалар кредиторлордун талаптары то-
лугу менен канааттандырылган, ал эми мүлккө тийиштүү салыктар менен
кармоолор төлөнгөн шартта тийиштүү консулдук кызматчы адамга берилиши
мүмкүн.
5. Кыймылдуу мүлктү келген мамлекеттин аймагынан алып кетүү жана
тийиштүү акчаны жиберүү келген мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелери-
не ылайык консулдук мекеме тарабынан жүргүзүлөт.
33-статья.
1. Келген мамлекеттин аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана
эрежелерге ылайык консулдук кмзматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн
алкагында келген мамлекеттин бийликтеринин алдында жиберген мамлекеттин
граждандары жок болсо же өз укуктары менен кызыкчылыктарын өз убагында
коргоого тоскоол болгон башка олуттуу негиздөөлөр пайда болсо, алардын
атынан чыгууга укуктуу. Өкүл болгон адам өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн
дайындаганга чейин же ал өз укуктары менен кызыкчылыктарын өзү коргоого
жөндөмдүү болгонго чейин Өкүлчүлүк өз ишин өткөрө берет. Бул статьянын
жоболору консулдук кызматчы адамга кызыкдар тараптын ишеним катысыз
өтүнүч кат менен кайрылууга же соттун алдына чыгууга укук бербейт.
2. Консулдук чөлкөмдүн чегинде консулдук кызматчы адам жиберген
мамлекеттин граждандары менен карым-катнаштарды орнотууга жана колдоо-
го, ага адвокат, башка керектүү жардамды берүүгө, ошондой эле ага юри-
дикалык көмөк көрсөтүүгө укуктуу. Келген мамлекет жиберген мамлекеттин
гражданынын консулдук мекеме менен байланышуусуна жана ага барышына эч
кандай тоскоол боло албайт.
34-статья.
1. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери жиберген мамлекеттин
гражданы арестке алынган, кармалган, камакка алынган учурда кызыкдар
болгон консулдук мекемеге тезинен кабарлоого тийиш.
2. Кызыкдар консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин граждан-
дары арестке алынганда, кармалганда, камакка алынганда аларга барууга
жана алар менен байланышып турууга укуктуу. Келген мамлекеттин компе-
тенттүү бийликтери жиберген мамлекеттин гражданы арестке алынганда,
кармалганда, камакка алынганда андан алынган бардык жазуу жүзүндөгү
корреспонденцияны кызыкдар консулдук мекемеге тезинен жиберүүгө тийиш.
3. Кызыкдар консулдук кызматчы адам алдын-ала суроо-талап жасаган-
да, жиберген мамлекеттин гражданы анын негизинде арестке алынган, кар-
малган же камакка алынган келген мамлекетте колдонулуп жаткан мыйзам
жана негиздөө жөнүндө маалыматалышы мүмкүн.
4. Кызыкдар консулдук кызматчы адамдардын укуктары бул статьянын
2- жана 3-пункттарын эске алганда, келген мамлекеттин мыйзамдарына жана
эрежелерине ылайык пайдаланылышы мүмкүн, мында бул мыйзамдар менен зре-
желер мындай укуктарга каршы келбеген шарт эске алынат.
35-статья.
1. Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн чегинде жи-
берген мамлекеттин кемелерине, бул кемелердин экипажына жана
жүргүнчүлөрүнө алар келген мамлекттин аймактык жана ички сууларында
болгон учурда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө укуктуу.
2. Консулдук кызматчы адам кеме бортунда тийиштүү уруксатты алган-
дан кийин консулдук кызматчы адам менен байланыштарды жањылап түзө
алат.
3. Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн алкагында
төмөнкүлөргө укуктуу:
а) келген мамлекеттин бийликтеринин укуктарына зыян келтирбестен,
келген мамлекеттин кеме бортунда болгон бардык инцидентти териштирүүгө,
экипаж мүчөсүн суракка алууга, кеме документтерин текшерүүгө, кемеге
тийиштүү көрсөтмөлөрдү, анын жолдорун кабыл алууга, ошондой эле кеменин
портко киришине, андан чыгышына жана анда болушуна көмөктөшүүгө;
б) келген мамлекеттин бийликтеринин укуктарынын сакталышына зыян
келтирбестен, ээси менен экипаждын ортосундагы чатактарды, анын ичинде
жиберген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каралган дењгээлдеги айлык
акынын өлчөмү эмгек келишиминин шарттары жөнүндө чатактарды чечүүгө;
в) кеме экипажынын бардык мүчөсүн же бардык жүргүнчүсүнө медицина-
лык көмөк көрсөтүү жана репатриациялоо үчүн бардык керектүү чараларды
колдонууга;
г) кемелер жөнүндө жиберген мамлекеттин мыйзамдарында айтылган
бардык арыздарын же башка документтерди кабыл алууга, түзүүгө же
күбөлөндүрүүгө.
36-статья.
1. Келген мамлекеттин соттору же башка компетенттүү бийликтери жи-
берген мамлекеттин кемесинин бортунда кандайдыр-бир милдеттүү чараларды
колдонууга ниеттенген же кандайдыр-бир расмий тергөөлөрдү баштоого ни-
еттенген учурда, компетенттүү бийликтер мындай ниеттенүүлөр жөнүндө
консулдук мекемеге кабарлоого тийиш. Мындай маалымат консулдук кызматчы
адамдын же анын өкүлүнүн жогоруда аталган иштерди аткарууда катышышына
мүмкүндүк берүү үчүн мындай иштерди аткарып баштаганга чейин күн мурун
жөнөтүлүүгө тийиш. Эгенрде консудук кызматчы адам же анын өкүлү жок
болсо, келген мамлекеттин бийликтери консулдук мекеменин суроо-талабы
боюнча боло турган иш-чаралар жөнүндө бардык керектүү маалыматты
берүүгө тийиш.
2. Кеминин капитаны же экипаж мүчөсү портто компетенттүү бийликтер
тарабынан текшерилген учурда, бул статьянын пунктунун жоболору пайдала-
нылууга тийиш.
3. Бул статьянын жоболору бажылык паспорттук жана санитардык конт-
ролдоого жана инспектирлөөгө же кеменин капитанынын өтүнүчү же макулду-
гу менен жасалган иштерге тиешеси жок.
37-статья.
1. Эгерде жиберген мамлекеттин кемеси келген мамлекеттин аймактык
жана ички сууларында кыйроого учураса, тайыз жерге кабылса, жээкке
сүрүлүп ташталса же кандайдыр-бир башка кыйроого учураса, анда бул мам-
лекеттин компетенттүү бийликтери тийиштүү консулдук мекемелерге бул
жөнүндө жана кемени, жүргүнчүлөрдү, экипажды,ошондой эле алардын
мүлктөрүн жана жүктөрүн сактоо жана коргоо боюнча жасалган иш-чаралар
жөнүндө тезинен кабралашат.
2. Консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин кемесине,
жүргүнчүлөрүнө жана экипаж мүчөлөрүнө бардык жардамды көрсөтө алат. Бул
максатта ал жардам алуу үчүн келген мамлекеттин компетенттүү бийликте-
рине кайрыла алат. Ошондой эле ал кемени калыбына келтирүү боюнча ушул
статьянын 1-пунктунда эскерилген чараларды колдонушу же келген мамле-
кеттин компетенттүү бийликтеринин мындай чараларды колдонушун же колдо-
нууну уланта беришин сурай алат.
3. Кеменин жабдууларды, жүгү жана тамак-аш азыктары келген мамле-
кетте пайдаланылбаган же керектелбеген шартта келген мамлекетте бажылык
пошлиналардын жана жыйымдардан бошотулат.
4. Эгерде 1-пунктта эскерилген кеменин кожоюуну, ээси же камсыз-
дандыруучу же кеменин кызыкчылыктарын көрсөткөн башка адам өзүнүн аты-
нан тийиштүү иш-чараларды колдонууга жөндөмдүү болбосо, консулдук кыз-
матчы адам бузулган же кыйроого учураган кемени жиберген мамлекеттин
граждандарына тиешелүү жүктөр же башка мүлктөр боюнча иш-чараларды
ушундай шарттарда жүргүзө алат. Мында кеме келген мамлекеттин туусун
тагып жүргөн учур эске алынбайт.
5) Бул статьянын 4-пунктунда айтылган консулдук кызматчы адам кол-
донгон иш-аракеттер боюнча өзү гана ар кандай чатактарды чечүү үчүн ко-
жоюну, ээси же камсыздандыруучусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.
Келген мамлекет консулдук кыматчы адамдын иш-аракеттери же кетирген ка-
талыктары үчүн жооп бербейт.
38-статья.
Кемеде болгон проблемалар боюнча 36-, 37- жана 38-статьялар аба
кемелерине карата дагы колонулат.
39-статья.
Консулдук мекеме жиберген мамлекеттин мыйзамдарында жана эрежеле-
ринде айтылган консулдук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн келген мамле-
кеттен жыйымдарды алууга укуктуу.
5-бөлүм. Корутунду жоболор
40-статья.
Бул Конвенция ратификацияланууга жана өз ара шарттарда түзүлүүчү
ратификациялык грамоталар менен алмашкандан кийин 30 күн өткөндө күчүнө
кирет. Бул Конвенциянын Макулдашып жаткан Тараптардын бири бул Конвен-
циянын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндө
экинчи Макулдашып жаткан тарапка 6 ай мурда бидирмейинче белгисиз
мөөнөткө күчүндө кала берет.
Муну күбөлөндүрүш үчүн, Ыйгарым укуктуу өкүлдөр бул Конвенцияга
кол коюшту жана аны мөөрү менен бекитишти.
Бишкек шаарында 2003-жылдын 30-мартында эки түп нускада, ар бири
кыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текс-
ттер бирдей болуп эсептелет.
Бул Конвенциянын жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пайда
болгон учурда Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчи-
ликке алышат.
Кыргыз Республикасы Индия Республикасы
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.