# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн жарандарын кайра кабыл алуу жөнүндө Макулдашуу ( КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 32 Мыйзамы менен ратификацияланган)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн жарандарын кайра кабыл алуу жөнүндө Макулдашуу ( КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 32 Мыйзамы менен ратификацияланган)
- Актынын түрү: Соглашение
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17404/edition/297443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн жарандарын кайра кабыл алуу жөнүндө Макулдашуу ( КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 32 Мыйзамы менен ратификацияланган) (19.03.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17404

---

КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 32 Мыйзамы

менен ратификацияланган

Анкара ш.

2003-жылдын 6-майы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн

жарандарын кайра кабыл алуу жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,

өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярды-

гын билдиришип,

мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды колдонууга умтулуп,

башка Тараптын өлкөсүндө болууга уруксаты жок өз мамлекетинин жа-

рандарын кайра кабыл алуу тартибин жењилдетүүнү каалап,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

1-статья.

Бул Макулдашууда төмөнкү терминдер колдонулат:

Суроочу Тарап - ал мамлекетте болууга уруксаты жок адамды өткөрүп

берүүчү мамлекет.

Суралуучу Тарап - Суроочу Тараптан адамды кабыл алуучу мамлекет.

Суроо-талап - адамды кайтарып алуу жөнүндө Суроочу Тараптын кат

жүзүндө кайрылуусу.

Реадмиссия - ушул Макулдашууга катышуучу-мамлекеттерде жүрүүгө

уруксаты жок адамдарды жараны болуп эсептелген же мурда туруктуу жаша-

ган өлкөгө кайтаруу.

Чет өлкөлүк - Тараптардын бирөөнүн жараны болбогон адам.

Виза - Тараптардын биринин компетенттүү органдары тарабынан адамга

башка Тараптын аймагына кирүүгө, транзитке, же белгилүү бир мөөнөткө

болууга берилген мыйзамдуу уруксат.

Келүүгө берилген уруксат - Тараптардын биринин компетенттүү органы

берген, адамга башка Тараптын аймагына келүүгө жана кайрадан кирүүгө

укук берүүчү уруксат. Сыйынт берүү үчүн берилген арызды кароо боюнча

сот процессине байланыштуу, депортациянын жол-жоболоруна же келүү үчүн

белгилүү бир башка уруксатка байланыштуу убактылуу келүүгө берилген

уруксат "келүүгө берилген уруксат" катары каралбайт.

2-статья.

1. Суралуучу Тарап Суроочу Тараптын өтүнүчү боюнча, эгер Суроочу

Тараптын аймагына анын улуттук мыйзамдарын бузуу менен кирген жана

жүргөн ар кандай адам Суралуучу Тараптагы мамлекеттин жараны болсо, аны

кайра кабыл алат.

2. Суралуучу Тарап Суроочу Тараптын суроо-талабын алаары менен ре-

адмиссияга тийиштүү болгон адамдарга токтоосуздан жолго керектүү доку-

менттерин берет.

3-статья.

1. Реадмиссияга жаткан адамдын жарандыгы төмөнкү документтерди

көрсөткөндө ырасталат:

а) кандай гана типте болбосун анык паспорту (жалпы жарандык, дип-

ломатиялык, кызматтык),

б) компетенттүү консулдук же башка мамлекеттик орган тарабынан бе-

рилген, паспортту алмаштыруучу, сүрөт чапталган документ,

в) консулдук же башка мамлекеттик органдардын инсандык тастыктама-

сы,

г) жогоруда саналган документтердин биринин ырасталган көчүрмөсү.

2. Тараптар жогоруда айтылган жарандыкты ырастоочу документтерди

жарандыкты андан ары аныктоо жол-жоболорун өткөрбөстөн кабыл алат.

4-статья.

Тараптар өз жарандарын төмөнкүдөй шарттар болсо, кайрадан кабыл

алуусу керек, эгерде:

а) Суроочу Тарап адамдарды өткөрүп берүү үчүн жетиштүү шарттарга

негизденип, ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык Суралуучу Тараптын

компетенттүү органдарына реадмиссияга суроо жөнөтсө,

б) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү чечим болушунча кыска

мөөнөттө, бирок реадмиссияга суроо алынгандан 15 күндөн кечикпей чыга-

рылат. Реадмиссиянын жол-жоболору Суралуучу Тараптын макулдук жообу

алынгандан кийин 10 күндүн ичинде, көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарда, аэ-

ропорттордо жүргүзүлөт жана ушул Макулдашуунун 2-тиркемесине ылайык

расмий отчет менен таризделет.

5-статья.

Ушул Макулдашуунун жана ага тиркемелердин чегинде берилген маалы-

мат аны ишке ашыруу максатында гана пайдаланылышы керек. Маалыматтар

ушул Макулдашууга жана Суроочу Тараптын улуттук мыйзамына ылайык чогул-

тулуп, иштетилиши жана корголуусу керек.

Тараптардын компетенттүү органдары бардык маалыматтарды коргоону

камсыз кылуусу керек, ошондой эле маалыматтарды ар кандай кокустуктар-

дан жоголуп кетүүдөн, санкциясыз билүүдөн, өзгөртүүлөрдөн же ачыкка чы-

гаруудан коргоо боюнча бардык чараларды көрүүлөрү керек.

Суроочу Тарап маалыматтар кандайча пайдаланылуусу керек экендиги

жөнүндө маалымдоого тийиш. Маалыматтарды андан ары башка структураларга

бериш керек болгон учурда, берүүчү Тарап ага кат жүзүндөгү макулдугун

берүүгө тийиш.

Эгерде маалыматтар так эмес, же мыйзамсыз чогултулган жана берил-

ген болсо, Суроочу Тарапка тезинен бул жөнүндө билдирилет. Мындай үчур-

да Суралуучу Тарап маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет же жок

кылат. Берилген жеке маалыматтар ушул Макулдашуунун максаттары аткарыл-

ганга чейин сакталышы мүмкүн, андан кийин алар жок кылынышы керек.

6-статья.

Адамдарды кайра кайтарып алууга, ошондой эле алардын Суралуучу Та-

раптын мамлекеттик чек арасынан өтүүсүнө байланыштуу бүткүл транспорт-

тук чыгымдар Суроочу Тараптан каржыланат.

7-статья.

Суроочу Тарап реадмиссияга туура келген адамга аталган өлкөдө кол-

донулуп жаткан улуттук мыйзамга ылайык мыйзамдуу алынган мүлкүн кетүүчү

өлкөгө алып чыгууга уруксат берүүсү керек.

8-статья.

Тараптардын реадмиссияны ишке ашыра турган ыйгарым укуктуу орган-

дары:

- Кыргыз Республикасында:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Коомдук түзүлүштөр менен байланышуу боюнча башкармалык;

Уруксатсыз мигранттардын тартип бузуулары менен күрөшүү боюнча

бөлүм;

- Түркия Республикасында:

Ички иштер министирлиги;

Коопсуздук Башкы Башкармалыгы;

Чет-өлкөлүктөрдүн, чек арага жакын райондордун тургундарынын, кач-

кындардын иштери боюнча бөлүмү;

Контрабандага жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча

бөлүм.

Тараптар бул органдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү дипломатиялык жол-

дор боюнча бири-бирине маалымдап туруусу керек.

9-статья.

Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу жана чечмелөө

үчүн биргелешкен эксперттик комиссия түзө алышат.

Биргелешкен эксперттик комиссия башка иштер менен бирге:

а) ушул Макулдашууну пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;

б) мүмкүн болгон өркүндөтүүлөргө макулдук берүүүгө;

в) ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу техникалык дагы, жекече

мүнөздөгү дагы проблемаларды чечүү үчүн керектүү бардык шарттарды

түзүүгө жана караштырууга;

г) бул Макулдашууга оњдоолорду жана кошумчаларды киргизүүгө тийиш.

2. Кайсы гана Тарап болбосун, зарыл болгондо кезексиз заседание

уюштуруу боюнча сунуш киргизе алат.

3. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун чегинде

жумушчу тил катарында англис тилин пайдаланышат.

10-статья.

Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын алар катышкан башка эл ара-

лык келишимдер боюнча милдеттенмелерине тиешеси болбойт.

Бул Макулдашуу экстрадицияланчу, транзиттик экстрадицияланчу адам-

дарга карата же Тараптардын ортосундагы же үчүнчү Тарап менен Тараптар-

дын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ылайык соттолгон адамдарды өткөрүп

берүүгө колдонулбоого тийиш.

11-статья.

Тараптардын өз ара сүйлөшүүсү боюнча бул Макулдашууга өзүнчө про-

токол менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр

же кошумчалар киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 13-статьясына

ылайык күчүнө кирет.

12-статья.

Ар бир Тарап коомдук тартипти же улуттук коопсуздукту камсыз кылу-

уга байланыштуу себептер боюнча бул Макулдашуунун жоболорунун аткарылы-

шын айрым-айрым же толук токтото алат жана ал жөнүндө башка Тарапка 24

сааттын ичинде билдирилет.

13-статья.

Бул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекет ичиндеги

бардык жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын кат жүзүндөгү

акыркы билдирүүсү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ар бир Тарап Макулдашуу-

нун иш-аракетин токтотконго чейин үч ай мурдатан жазуу жүзүндө билдирүү

жолу менен бул Макулдашууну денонсирлей алат.

Ар бир Тарап каалаган убактысында бул Макулдашууга оњдоолорду кир-

гизе алат. Мындай оњдоолор бул Макулдашууда аныкталган жол-жоболор бо-

юнча күчүнө кирүүсү керек.

Анкара шаарында 2003-жылдын 6-майда эки нускада, ар бири кыргыз,

түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей

юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда, англис

тилиндеги текст артыкчылыктуу болот.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн

1-тиркеме

ЖАРАНДАРДЫН КАЙРА КАБЫЛ АЛУУГА СУРОО-ТАЛАПТЫН ФОРМАСЫ

Кимден: (Суроочу Тараптын Компетенттүү органы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кимге: (Суралуучу Тараптын Компетенттүү органына)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

АДАМ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

1. Фамилиясы, аты, атасынын аты \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(эгерде мурда фамилиясы, аты,

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт)

2. Туулган күнү, айы, жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Туулган жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Улуту \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

5. Ким экендигин аныктоочу паспорт же башка документ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(аталышы, сериясы, номери, качан жана ким берген)

6. Кетүүчү өлкөдөгү акыркы дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Кетүүчү өлкөгө кирүүгө уруксат берген документтин аталышы, но-

мери, берген орган, күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(эгерде бул керек болсо, тиркелет же көрсөтүлөт)

8. Суроочу Тараптын аймагына уруксатсыз келүүнүн жагдайы.

Тараптар:

Келген жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Келүү жагдайын толугу менен сыпаттоо

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(эгерде бул керек болсо, тиркелет же көрсөтүлөт)

9. Суроочу Тараптын аймагында болуу:

Болуунун узартылышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жүргөн жери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Уруксатсыз келүүдөн кийинки жүргөн багыты: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Суроочу Тараптын чек арасынан уруксатсыз өттү деп эсептөөнүн се-

бептери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

10. Ал адамга байланыштуу өзгөчө жагдай:

Котормочунун керек болуусу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тили:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жеке буюм-тайымы (документтер, акча жана башкалар)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Адамга, статусуна жана анын мурунку турмушуна тиешелүү маалыматтар

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Адамдын ден-соолугунун абалы, ал медициналык жардамга муктажбы \_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жогорудагы пункттарда айтылган адам менен жашы жете элек

өспүрүмдөрдүн бирге кетүүсү:

Аты: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Фамилиясы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Атасынын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Апасынын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Туулган күнү жана жери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

11. Көчүүнүн сунушталган жери жана убактысы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

12. Кошумча маалыматтар: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мөөр жана колу

Суроочу Тарап жөнүндө маалымат \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2-тиркеме

РЕАДМИССИЯ БОЮНЧА ОТЧЕТ

Реадмиссияны ишке ашыруу жери:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Реадмиссияны ишке ашыруу күнү жана убактысы:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Реадмиссияны ишке ашыруучу орган:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Реадмиссияны ишке ашырууга жоопкерчиликтүү орган:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Суроо-талаптын күнү жана номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жооптун күнү жана номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Төмөндө аталган адамдар жөнөтүлдү:

1) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(инсандын күбөлүгү жана анын жарандуулугу көрсөтүлсүн)

2) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Төмөндөгү документтер жана жеке буюмдары өткөрүп берилди: (толугу

менен аталат)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кошумча маалыматтар: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_