Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу Макулдашуу (КР Мыйзамындагы чегинүү менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 27 Мыйзамындагы чегинүү
менен ратификацияланган
Астана ш.
2001-жылдын 15-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда
чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
ак ниет коњшулаштык мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргызстан-Казакс-
тан мамлекеттик чек ара (мындан ары - мамлекеттик чек ара) тартибин
камсыз кылуу боюнча кызматташууну колдоого умтулуп,
көз карандысыз мамлекеттердин өзүнүн мамлекеттик чек арасын коргоо
боюнча чара кабыл алууга ажырагыс укугун таанып,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек ара
өкүлдөрү чек арада инцидент пайда болушунун алдын алууга, ал эми пайда
болгондо ыкчам тез арада териштирип жана жөнгө салууну камсыз кылууга
катышуусунун зарылчылыгын белгилеп,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья.
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек ара
өкүлдөрүн жана чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларын Тараптардын компе-
тенттүү органдары дайындайт. Чек ара өкүлдөрү жана чек ара өкүлдөрүнүн
орун басарларын дайындагандыгы жөнүндө Тараптар алардын аты-жөнүн, кыз-
матын, иш-аракетинин тармактарын жана жөнөтүлгөн жерин көрсөтүү менен
дипломатиялык каналдар аркылуу бири бирине маалымдайт.
Чек ара өкүлдөрүнүн орун басарлары чек ара өкүлдөрүнүн милдетин
аткарууда чек ара өкүлдөрү сыяктуу эле укукка жана милдетке ээ болот.
2-статья.
Чек ара өкүлдөрү бири бири менен кызматташып, Тараптардын мамле-
кеттери катышкан эл аралык келишимдерге жана өз мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына, ушул Макулдашуу аныктаган атайын укуктарга ылайык чек ара
өкүлдөрүнүн иш-аракетинин участкалары тууралуу протокол тарабынан анык-
талган мамлекеттик чек ара участокторунун чегинде өз милдеттерин атка-
рат.
Жазуу жүзүндө атайын укук (үлгүсү - 1-тиркеме) төмөндөгүлөргө ый-
гарылат:
- Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орун ба-
сарларына - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин чек ара маселеле-
рин тейлеген орун басары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук
кызматынын төрагасы тарабынан;
- Казакстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орун
басарларына - Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин
төрагасынын орун басары - чек ара кызматынын директору тарабынан.
3-статья.
Чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракетин камсыз кылуу үчүн жардамчылар,
катчылар, кызмат корреспонденциясын кабыл алуу-өткөрүү боюнча атайын
укуктуу адамдар, дайындалат, ошондой эле эксперттер жана башка адамдар
чегерилет.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жазуу жүзүндөгү атайын укукта-
ры, катчылардын күбөлүктөрү, чек аранын эки тарабына бир ирет өтүү
күбөлүгү (үлгүсү - 2-4-тиркеме) чек ара өкүлдөрү тарабынан берилет.
4-статья.
Чек ара өкүлдөрү өз иш-аракетинин участокторунун чегинде:
чек ара инциденттеринин алдын алуу жана ал пайда болсо жөнгө салуу
боюнча зарыл чараларды көрөт;
Тараптар белгилеген мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелеринин сак-
талышын көзөмөлдөйт жана белгиленген тартипти бузуп, чек арадан өтүүнүн
алдын алуу боюнча чараларды көрөт;
тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте курал, ок-дары, банги
каражаттарын, психотроптук заттарды, баалуу буюмдарды жана валютаны,
ошондой эле радиоактивдүү заттарды контрабандага каршы күрөштө зарыл
болгон чараларды көрөт;
адамдардын өлүктөрүн таанууга катышат, зарыл болгон учурда аларды
өткөрүп берүү боюнча чараларды көрөт;
мамлекеттик башкаруу жана жаратылышты сактоо боюнча ыйгарым укук-
туу органдар менен бирдикте чек ара аймагында чарбалык иштердин
жүргүзүлүшүнө, ошондой эле чек арадагы суу сактагычтарда суунун пайда-
ланылышына тиешелүү көзөмөлдү камсыз кылат;
мамлекеттик чек арага жакын жерде же ал аркылуу өрт, эпидемия,
эпизоотия жана айыл чарба зыянкечтери каптап келе жаткандыгы тууралуу
бири бирин өз учурунда маалымдайт;
мамлекеттик чек ара тартибин камсыз кылууга байланыштуу бөлөк ма-
селелерди чечет.
5-статья.
1. Чек ара өкүлдөрү адатта заседаниелерде жана жолугушууларда бир-
гелешкен иш жүргүзөт. Чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашуунун неги-
зинде алардын орун басарларынын жана жардамчыларынын жолугушуулары
өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниелери же жолугушуулары алардын би-
ринин сунушу боюнча өткөрүлөт. Сунушта заседаниенин же жолугушуунун күн
тартиби, катышуучулардын курамы, заседание же жолугушуу өткөрүүнүн орду
жана убактысы камтылууга тийиш.
Айрым учурларда чек ара өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча за-
седаниелеринде же жолугушууларында мурда талкууга сунушталбаган маселе-
лер каралышы мүмкүн.
Заседание же жолугушуу өткөрүү тууралуу сунушка жоопту чек ара
өкүлү кыска мөөнөттө, кызмат корреспонденциясын кабыл алуу-өткөрүү бо-
юнча ыйгарым укуктуу адамдан алгандан кийин 48 сааттан кечиктирбей
берүүгө тийиш. Ошол эле учурда талкууга кошумча маселелер, заседаниени
же жолугушууну өткөрүүнүн бөлөк убактысы жана орду сунушталышы мүмкүн.
3. Тараптардын биринин чек ара өкүлү сунуш кылган заседаниеге же
жолугушууга экинчи Тараптын мамлекетинин чек ара өкүлү өзү катышууга
тийиш. Эгерде ага мүмкүнчүлүк жок болсо, заседаниени же жолугушууну
өткөрүүнү сунуш кылган Тараптын чек ара өкүлү заседание же жолугушуу
башталаарга 24 саат калганга чейин маалымдалып, заседание же жолугушуу-
га анын орун басары келет.
4. Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниесине же жолугушуусуна орун басар-
лар, жардамчылар, катчылар жана катышуусу зарыл болгон адамдар (экс-
перттер, күбөлөр, жапа чеккендер жана башкалар) катыша алат.
Чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларынын жолугушууларында катчылар,
зарылчылыгы болгондо эксперттер жана башка адамдар катыша алат.
5. Жекече жолугушууну талап кылбаган маселелер кат аркылуу же бай-
ланыштын техникалык каражаттарын пайдалануу жолу менен чечилиши мүмкүн.
6. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашуунун негизинде заседаниеде же
жолугушууда кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча кандай чара көрүлүп
жаткандыгы тууралуу бири бирине маалымдап турат.
6-статья.
Чек ара өкүлдөрүнүн жана алардын орун басарларынын пландаштырылган
заседаниелери же жолугушуулары адатта, Тараптардын мамлекеттеринин тер-
риториясында кезектешип, пландаштырылбагандары - өткөрүүнү сунуш кылган
Тараптын территориясында өткөрүлөт.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары биргелешкен ишти чек ара
өкүлдөрүнүн тапшырмасы боюнча, адатта, жолугушууларда жүргүзөт. Чек ара
өкүлдөрүнүн жардамчылары кабыл алган чечимдер тиешелүү Тараптардын мам-
лекеттеринин чек ара өкүлдөрү тарабынан бекитилген соњ күчүнө кирет.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары макулдашууга жетише албаган маселелер
тиешелүү чек ара өкүлдөрүнүн кароосуна берилет.
7-статья.
Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниелеринин, жолугушууларынын жыйынтыгы
боюнча биргелешкен протокол түзүлүп, анда: заседаниенин же жолугушуунун
күн тартиби, катышуучулардын курамы, заседаниенин же жолугушуунун жалпы
жүрүшү, кабыл алынган чечимдер жана аларды аткаруунун мөөнөтү
көрсөтүлөт.
Заседаниенин же жолугушуунун протоколу эки нускада, ар бири орус
тилинде түзүлөт, чек ара өкүлдөрүнүн же анын милдетин аткарган адамдын
колу коюлуп, герби бар мөөр менен ырасталат.
8-статья.
1. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашып, мамлекеттик чек арада жолу-
гушуу пункттарын, ошондой эле кызматчы корреспонденцияларды алмашуунун,
байланыштын техникалык каражаттарын пайдалануунун пункттарын жана тар-
тибин белгилешет. Кызматчы корреспонденцияны кабыл алуу-өткөрүү боюнча
ыйгарым укуктуу адамдар мамлекеттик чек арада кызматчы корреспонденция-
ны күнү-түнү кабыл алып жана өткөрүп турууга милдеттүү.
2. Чек ара өкүлдөрү кармалган адамдарды, ошондой эле үй жаныбарла-
рын, мүлктү, адамдардын алүктөрүн ар бир Тараптын мамлекеттик улуттук
мыйзамдарына ылайык өткөрүп берет. Мындай ар бир өткөрүп берүүнүн убак-
тысын жана тартибин чек ара өкүлдөрү өзүнчө аныктайт.
3. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашып адамдарды, жаныбарларды,
мүлктү, адам өлүктөрүн, кызматчы корреспонденцияларды кабыл
алуу-өткөрүп берүүдө, ошондой эле ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык
бөлөк аракеттерди жүзөгө ашырганда толтурулчу актылардын, тил каттардын
жана башка документтердин үлгүлөрүн белгилешет.
Адамдарды, жаныбарларды, мүлктү, адам өлүктөрүн өткөрүп берүү чек
ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары жана жардамчылары тарабынан жүзөгө
ашырылат.
9-статья.
1. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары, жардамчылары, катчы-
лары, эксперттер ушул Макулдашууга ылайык өз милдеттерин аткаруу үчүн
мамлекеттик чек арадан аны үчүн атайын белгиленген пунктта же макулда-
шылган жерде өтөт.
2. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары жана жардамчылары мам-
лекеттик чек арадан жазуу жүзүндөгү атайын укуктун негизинде (үлгүсү -
1, 2-тиркеме) өтөт.
3. Катчылар мамлекеттик чек арадан күбөлүктүн негизинде (үлгүсү -
3-тиркеме) өтөт.
4. Эксперттер, биргелешип иштөөгө чегерилген бөлөк адамдар мамле-
кеттик чек арадан эки тарапка бир ирет өтүү үчүн берилүүчү күбөлүктүн
негизинде (үлгүсү - 4-тиркеме) өтөт.
5. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын атайын укуктарына, катчы-
лардын жана тейлөөчү кызматкерлердин күбөлүктөрүнө кол коюу заседание-
лерде чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Эгерде чек арадан өтүүгө укук берген документ жоголсо, ушул Ма-
кулдашуунун жоболоруна ылайык, анын ээси дароо ал тууралуу өз мамлеке-
тинин чек ара өкүлүнө билдирүүгө тийиш, чек ара өкүлү ал окуя тууралуу
коњшу мамлекеттин чек ара өкүлүнө кабарлайт.
10-статья.
1. Ушул Макулдашууга ылайык чек ара өкүлдөрү, алардын орун басар-
лары, жардамчылары, катчылары, эксперттер өз милдеттерин аткарууда
экинчи Тараптын мамлекетинин территориясында керт башына кол тийбести-
ги, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн керектүү бу-
юмдарга жана жанындагы документтерге кол тийбестиги гарантияланат.
Жогоруда аталган кызмат адамдары белгиленген формада кийим кийиши,
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган ченемдерге
ылайык жеке пайдалануудагы товарларды (кийин сатууга уруксат жок) экин-
чи Тараптын мамлекетинин территориясына бажы акысын,салык жана башка
жыйым төлөбөстөн кошо алып өтүшү мүмкүн.
2. Тараптар ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу өз территория-
сындагы чыгымдарды өздөрү көтөрөт, болгондо да заседаниелер же жолугу-
шуулар кайсы территорияда өткөрүлсө, чыгымды ошол Тарап көтөрөт.
11-статья.
Чек ара өкүлдөрү төмөндөгү маалыматтар менен алмашат:
мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн фактылар тууралуу;
мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды мыйзамсыз алып өтүү, курал,
ок-дары, бањги каражаттарын, психотроптук заттарды, баалуу буюмдарды,
валютаны, ошондой эле радиоактивдүү заттарды контрабанда жасаган адам-
дардын иш-аракети тууралуу;
Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин коопсуздугуна жана кызыкчы-
лыгына зыян тийгизиши мүмкүн болгон аракеттер, ошондой эле чек арада
инциденттердин алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу;
мамлекеттик чек ара тартибин камсыз кылууга таасир тийгизүүчү
бөлөк маселелер боюнча.
12-статья.
Чек ара өкүлдөрү чек ара инциденттеринин алдын алуу боюнча кызмат-
ташууну жүзөгө ашырат, чек ара инциденттерин териштирет жана чечет,
анын ичинде:
мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана территорияны аткылоо,
анын ичинде адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, мүлктүн талкаланы-
шына жана башка оор запкыга алып келгендерди;
мамлекеттик чек араны адамдар, транспорт каражаттарынын мыйзамсыз
өтүшүн;
мамлекеттик чек араны сууда сүзүү каражаттары жана учуу аппаратта-
рынын бузушу;
мамлекеттик чек ара аркылуу контрабанданын өтүшүн;
кызмат милдетин аткарууда Тараптардын мамлекеттеринин чек ара кыз-
матынын жооптуу кызматкерлеринин мамлекеттик чек арадан байкабастан
өтүп кетишин;
табигат кырсыгынан же башка жагдайлардан улам бир мамлекеттин
мүлкүн экинчи Тараптын территориясынан таап алууну;
өз бет алдынча же байкоосуздан өтүп кетүү, чек ара белгилерин жана
башка чек ара курулуштарын бузуп же талкалап алууну;
мамлекеттик чек ара аркылуу үй жаныбарларынын өтүп кетишин;
мамлекеттик чек ара аркылуу өрт капташын;
Тараптардын мамлекеттеринин кызыкчылыгына тиешелүү, бирок диплома-
тиялык каналдар аркылуу чечүүнү талап кылбаган мамлекеттик чек ара тар-
тибин бузуулардын башка түрлөрүн.
13-статья.
1. Ушул Макулдашуунун 12-статьясында көрсөтүлгөн чек ара инцидент-
теринин жагдайын териштирүү чек ара өкүлдөрү тарабынан макулдашылган
тартипте жүргүзүлөт. Чек ара инциденттерин биргелешип териштерүү чек
ара инциденти кайсы территорияда болсо, ошол чек ара өкүлүнүн жетекчи-
лиги алдында жүзөгө ашырылат.
2. Чек ара инцидентин биргелешип иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу акт
түзүлөт, зарылчылык чыкса, заседаниенин протоколуна тиркеме катары тир-
келген бөлөк документтер дагы түзүлөт.
3. Чек ара өкүлдөрү ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн тартуулаган ата-
йын укуктун алкагында бөлөк Тараптын территориясына өтүп кеткен үй жа-
ныбарларын, буюмдарды кайтарып берүү маселелерин чечишет.
4. Чек ара инцидентин биргелешип териштирүү укук коргоо органдары-
нын компетенциясына кирген иш-аракеттер менен алмаштырылбайт.
5. Жөнгө салууда чек ара өкүлдөрү макулдаша албаган чек ара инци-
денттери дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
14-статья.
1-4-тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп сана-
лат. Тараптар көрсөтүлгөн тиркемелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчы-
лыгы тууралуу ушул Макулдашуунун 17-статьясына ылайык бири бирин дипло-
матиялык каналдар аркылуу маалымдайт.
15-статья.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык бөлөк
келишимдерден улам келип чыккан укуктарына жана милдеттерине тиешеси
жок.
16-статья.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү
талаш жана түрдүү пикирлер Тараптар ортосунда консультациялар жана
сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
17-статья.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча, ушул Макул-
дашуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган өзүнчө протокол катары
түзүлүп, өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилиши мүмкүн.
18-статья.
Ушул Макулдашуу күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички
процедураларды Тараптар аткаргандыгы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы бил-
дирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири
экинчи Тарапты мына ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу ние-
тинин кат жүзүндөгү билдирүүсүн алган датадан кийин алты айга чейин
күчүн сактайт.
2001-жылы "__" ____________ Астана шаарында кол коюлду, эки түп
нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде, болгондо да барды-
гы тењ бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө түрдүү пикирлер келип чык-
са, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
1-Тиркеме
ЧЕК АРА ӨКҮЛДӨРҮНҮН ЖАНА АЛАРДЫН
ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН АТАЙЫН УКУКТАРЫ
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР
2-бет -
3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу
4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-
сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу
2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде.
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, кызматы)
Кыргызстан-Казакстан чек арасынын
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү)
________________________ ______________________________________ боюнча
чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары) болуп дайындалды.
Жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүн
атайын укукка ээ, ошого байланыштуу Кыргызстан-Казакстан чек арасынан
өтүүгө жана чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу
_______________________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(атайын укук ыйгарууга укугу бар аламдын кызматы)
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
_______ "__" _________ жыл.
5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде
6-бет -
7-бет -
8-бет -
2-Тиркеме
ЧЕК АРА ӨКҮЛҮНҮН ЖАРДАМЧЫСЫНЫН
АТАЙЫН УКУКТАРЫ
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР
2-бет -
3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу
4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-
сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу
2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде.
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, кызматы)
Кыргызстан-Казакстан чек арасынын
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү)
__________________________ ____________________________________ боюнча
чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары) болуп дайындалды.
Жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүн
атайын укукка ээ, ошого байланыштуу Кыргызстан-Казакстан чек арасынан
өтүүгө жана
___________________________
(мамлекеттин аталышы)
чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу
ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ
_______________________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
_______ "__" _________ жыл.
5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде
6-бет -
7-бет -
8-бет -
3-Тиркеме
КАТЧЫНЫН КҮБӨЛҮГҮ
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР
2-бет -
3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу
4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-
сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу
2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде.
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү)
Кыргызстан-Казакстан чек арасынын
_______________________________________________________________________
__________________________ ____________________________________ боюнча
(участоктун аталышы)
чек ара өкүлүнүн ___________________________________ болуп саналат жана
(мамлекеттин аталышы)
Кыргызстан-Казакстан чек арасынан өтүүгө жана _________________________
(мамлекеттин аталышы)
чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу
ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ
_______________________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
_______ "__" _________ жыл.
5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде
6-бет -
7-бет -
8-бет -
4-Тиркеме
ЧЕК АРАНЫН ЭКИ ТАРАБЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮГӨ
КҮБӨЛҮК
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - Кыргызстан-Казакстан чек арасынан өтүүгө бир жолку КҮБӨЛҮК
2-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-
сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу
2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде.
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, кызматы)
Кыргызстан-Казакстан чек арасынын эки тарабына өтүүгө жана
_________________________ чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу.
(мамлекеттин аталышы)
Ким экендигин ырастаган документ көрсөткөндө жарактуу.
200_-жылдын "__" ____________
200_-жылдын "__" ____________ чейин жарактуу.
ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ
_______________________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
_______________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
_______ "__" _________ жыл.
3-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде
4-бет -
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын…Распоряжение · 12.01.2010 · № 3-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 590-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими…Распоряжение · 22.12.2017 · № 590-р