Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу Макулдашуу (КР Мыйзамындагы чегинүү менен ратификацияланган)
КР 2008-жылдын 25-июлундагы №166 Мыйзамынын редакциясы
менен ратификацияланган
Бишкек ш.
2002-жылдын 4-апрели
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда
аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Армения Республикасынын Өкмөтү,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында кабыл алынган
эл аралык укуктук актыларды жетекчиликке алып,
аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттар-
ды камсыз кылууга умтулуп,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
1-статья.
Мына ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча атайын укук
төмөндөгүлөргө ыйгарылат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине,
Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине;
Армян Тараптан - Армения Республикасынын Коргоо министрлигине, Со-
ода жана экономикалык өнүгүү министрлигине.
2-статья.
Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу аскердик-техникалык кызмат-
ташууну төмөндөгү жолдор менен жүзөгө ашыруу үчүн чара көрөт:
макулдашылган аскердик-техникалык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу;
курал жабдуу, аскердик жана атайын техника, мүлк, продукция, экс-
плуатациялык-техникалык документация, комплектөөчү элементтер, запастык
тетиктер жана шаймандар, бөлөк материалдык каражаттар чыгаруу, жана
берүү жана заказдардын жана берүүлөрдүн макулдашылган планы боюнча ишке
ашырылчуу аскердик техниканы ремонттоо, жараксыз деп табуу жана жок кы-
луу, гарантиялуу көзөмөлдөө, рекламациялар, ийине жеткире иштөө,
илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер жана башка камсыз кылуу
түрлөрү боюнча мурда калыптанган байланыштарды өнүктүрүп, жањыларын
түзүү;
жењилдетилген материалдык-техникалык камсыздоо;
аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү;
жењилдетилген салык салуу;
жењилдетилген кредит берүү;
келечектүү иштерге ассигнование (10-15 жылга) бөлүү;
подрядчик-уюмдарды кызыктыруу механизмдерин өркүндөтүү;
өнөр жайына курал жабдуу чыгаруу боюнча заказды жайгаштырууда кон-
курстарды өткөрүү;
курал жабдуу жана аскер техникасы боюнча биргелешкен программалар-
ды иштеп чыгуу;
мына ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин ку-
ралдуу күчтөрүнүн инфрастуктураларынын элементтерин биргелешип пайдала-
нуу үчүн шарт түзүү;
жогорку квалификациялуу аскердик-техникалык кадрларды жана адис-
терди даярдоо.
Тараптардын ыйгарым укуктуу чарба субъектилери аракеттеги улуттук
мыйзамдарга жана Тараптардын мамлекеттеринин эч аралык милдеттенмелери-
не ылайык аскердик-техникалык кызматташуунун көрсөтүлгөн багыттары бо-
юнча тышкы соода контракттарын түзүшөт.
3-статья.
Биргелешкен иштеп чыгуулар жана өндүрүш, ошондой эле курал жабдуу,
ок-дары, аскер техниканы берүү, аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү мам-
лекеттик башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлгөн
макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Кооперация боюнча поставка жасалган запастык тетиктерди, комп-
лектөөчү буюмдарды, курал жабдуу жана аскердик техниканы өндүрүү үчүн
керектүү сырье менен материалдарды, оорук продукциясын жана техниканы,
ошондой эле машыгуучу жана көмөкчү мүлктү өз ара поставка жасоо Тарап-
тардын чарба субъектилери тарабынан түзүлгөн котракттардын негизинде
жүзөгө ашырылат.
Аскердик багыттагы продукция жана кызмат көрсөтүү боюнча өз ара
берүүлөрүнүн номенклатурасы менен көлөмү, бул берүүлөрдүн шарттары жана
эсептешүү формалары Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ма-
кулдашылып, мына ушул Макулдашуунун негизинде түзүлгөн келишим доку-
менттери менен аныкталат.
4-статья.
Мына ушул Макулдашуунун милдети болгон курал жабдуу, аскердик тех-
ника жана башка материалдык каражаттарды берүү Тараптардын ыйгарым
укуктуу органдарынын өз ара макулдашылган өз ара берүү тизмеси боюнча
бажы акысыз жана жыйымысыз жүзөгө ашырылат, квоталанбайт жана лицензия-
ланбайт.
5-статья.
Тараптар берилген иштеп чыгуулардын жана өндүрүштүн жыйынтыктарын,
аскердик продукцияны жана алар боюнча маалыматтарды берген Тараптын ал-
дын ала кат жүзүндө берилген макулдугу жок үчүнчү Тарапка, анын ичинде
жеке адамдарга же юридикалык тарапка, же эл аралык уюмдарга сатпайт жа-
на бербейт.
6-статья.
Тараптар аскердик багыттагы продукция берүү тармагында аракеттеги
улуттук мыйзамга ылайык үчүнчү өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга аскер-
дик багыттагы продукция берүү менен кызмат көрсөтүүнү берүү тармагында
аскердик багыттагы өз ара маркетинг кызматын көрсөтүү жолу менен коор-
динацияны жана өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат.
7-статья.
Мына ушул Макулдашууну ишке ашыруу жана аскердик-техникалык кыз-
матташууну координациялоо максатында Тараптар өкмөттөр аралык аскер-
дик-техникалык комиссияны түзөт.
8-статья.
Мына ушул Макулдашууну жана аскердик-техникалык кызматташуу тарма-
гында бөлөк кийинки макулдашууларды аткарууда Тараптар ортосунда келип
чыкчу бардык талаш маселелер өз ара сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынат.
Мына ушул Макулдашууга өз ара макулдашылып, өзгөртүүлөр жана ко-
шумчалар киргизилиши мүмкүн, алар мунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган
өз алдынча протокол катары түзүлөт. Протоколдор мына ушул Макулдашуунун
9-статьяда алдын ала каралган тартипте күчүнө киришет.
9-статья.
Мына ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички процедураларды Тараптар аткаргандыгы тууралуу акыркы кат жүзүндөгү
билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мына ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптар-
дын бири тиешелүү мөөнөт бүтөөрүндөн алты ай мурда экинчи Тарапты мына
ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу кат жүзүндө билдирбесе
Макулдашуунун аракети өзүнөн өзү улам бир жылдык мөөнөткө узартыла бе-
рет.
4-апрелде 2002-жылы Бишкек шаарында кол коюлду, эки нускада, ар
бири кыргыз, армян жана орус тилдеринде, болгондо да ар бири бирдей
күчкө ээ. Мына ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер
келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Армян Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.