Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 264
токтому менен бекитилген
Бишкек ш.
2005-жылдын 8-марты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан
Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун
ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин өнүктүрүүгө умтулуп,
жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнүн тартибин өркүндөтүүгө болгон каа-
лоолоруна негизденип,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
1. Жарактуу дипломатиялык же кызматтык паспортторуна ээ болгон Та-
раптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин
аймагына визасыз 30 (отуз) күндүк мөөнөткө чейин кирүүгө, чыгууга, ал
аймак аркылуу транзит менен жүрүүгө жана бул аймакта убактылуу болууга
укуктуу.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген болуу мөөнөтү жарандар
аймагына келген же транзит менен өткөн мамлекеттин мыйзамдарына жана
эрежелерине ылайык узартылышы мүмкүн.
2-статья.
Тараптардын ар бири өз мамлекетинин мыйзамдарына жана эрежелерине
ылайык экинчи Тараптын жаранын өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизбей
коюуга же болбосо анын бул аймакта болуу мөөнөтүн кыскартууга укуктуу.
3-статья.
Жарактуу дипломатиялык паспортторго ээ болгон жана экинчи Тараптын
мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана
консулдук мекемелердин кызматкерлери болуп эсептелген Тараптардын бири-
нин мамлекетинин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү экинчи Тарап-
тын мамлекетинин аймагына бүткүл иш мөөнөтүнүн аралыгында визасыз
кирүүгө, чыгууга жана ал аймакта болууга укуктуу.
4-статья.
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамле-
кетинин аймагына эл аралык каттоолор үчүн ачылган контролдук-өткөрүү
пункттары аркылуу кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө укуктуу.
5-статья.
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамле-
кетинин чек арасын кесип өткөндө жана анын аймаганда болгон учурда бул
мамлекетте чет элдик жарандар үчүн аныкталган мыйзамдарга жана эреже-
лерге баш ийүүгө тийиш.
6-статья.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланышкан бардык
талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу ме-
нен чечилүүгө тийиш.
7-статья.
Тараптар бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-
зиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана
ушул Макулдашуунун 8-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчү ко-
шумча протоколдор менен таризделет.
8-статья.
1. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Анын аракети Тараптардын бири бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга
ниеттенгендиги жөнүндө экинчи Тарапка билдиргенге чейин өз күчүндө кала
берет.
2. Тараптардын ар бири жазуу жүзүндөгү билдирүүнү 90 (токсон) күн
мурун жөнөтүү аркылуу бул Макулдашуунун колдонулушун каалаган убакта
токтото алат. Мындай жагдайларда Тараптардын мамлекеттеринин аймактары-
на мындан мурун кирген же ал аймакта болгон жарандарга карата алардын
иштөө мөөнөттөрү же мамлекеттин аймагында болууга уруксат берилген
мөөнөт аяктаганга чейин ушул Макулдашуунун жоболору колдонулат.
Бишкек шаарында 2005-жылдын 8-мартында эки нускада, ар бири кыр-
гыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда
болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.