Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өнүктүрүүгө жардамдарды пайдалануу боюнча өз ара тушүнүшүү жөнүндө Меморандум»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өнүктүрүүгө
жардамдарды пайдалануу боюнча өз ара тушүнүшүү жөнүндө
Меморандум
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү,
Күн календарынын 1381-жылынын 17-эсфандасына туура келүүчү 2003-
жылдын 8-мартында кол коюлган, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз
Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүсүнө макулдук берүү жөнүндө
Меморандумду көњүлгө алышып,
жогоруда аталган Меморандумду ишке ашыруу максатында,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
1-статья
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жөндөмдүү балдар үчүн мектеп
куруу боюнча долбоорго жана экономикалык өнүктүрүү боюнча башка
долбоорлорго маани берип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоорлорду
биринчи кезектеги катары жарыялады, аны Иран тарап жактырды.
2-статья
Тараптар долбоорлорго кеткен чыгымдарды Иран Ислам Республикасы
тарабынан Кыргыз Республикасына берилген гранттын эсебинен жабууну
чечишти.
3-статья
Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул
Меморандумга кол коюлгандан кийин грантты (бир миллион АКШ доллары)
Кыргыз Республикасындагы биргелешкен эсепке депонирлейт.
Төмөнкү статьялар биргелешкен эсептен каражат алууну карайт.
4-статья
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
кызыкдар болгон ирандык компанияларды маалымдоо үчүн Иран Ислам
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кызматташуу аркылуу жана
анын макулдугу менен аталган долбоорлорго тендердик документтерди
берет.
5-статья
Ирандык компаниялар тендерлерге документтерди белгилүү убакыттын
ичинде толтурушат.
6-статья
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ирандык компаниялар тарабынан толтурулган тендердик документтерди Иран
Ислам Республикасынын өкүлүнүн катышуусунда карайт жана андан кийин
жењүүчүлөр жарыяланат.
7-статья
Көрсөтүлгөн ирандык компаниялар Кыргыз Республикасынын Экология
жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен долбоорлорду ишке ашыруу
жөнүндө макулдашууга кол коюшат.
8-статья
Ирандык компаниялардын иш-аракеттеринин мониторингин жүргүзүү менен
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ирандык компаниялардын кызматкерлерин жана жабдууларын Кыргыз
Республикасына алып келүүгө, же андан алып чыгууга, кызматкерлердин
турушуна жана чыгып кетишине зарыл болгон уруксаттарды алууда көмөк
көрсөтөт.
9-статья
Ирандык компаниялар тарабынан Иран Ислам Республикасынан Кыргыз
Республикасына ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында убактылуу алып
келинген бардык жабдуулар жана куралдар Кыргыз Республикасынын
l
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.