Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу(токтому)
Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
2000-жылдын 2-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган, Жарандардын өз
ара жол жүрүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну эске
алып,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы
жакшы коњшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү үчүн
жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жана
башка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү
тартибин өркүндөтүү зарылчылыгын эске алып,
мыйзамсыз миграцияны, куралдын, бањги каражаттарынын, психотроптук,
ууландыруучу заттардын жана прекурсорлордун контрабандасын табуу жана
жоюу максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жана
башка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуү өткөрүү үчүн
Тараптар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган үшул
Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик чегара аркылуу эл
аралык жана эки тараптуу өткөрмө пункттарын, анын ичинде
жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарын (мындан ары - өткермө пункттары деп
аталат) орнотууну чечти.
Эл аралык өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин жана башка
мамлекеттердин адамдарын, жүктөрүн, товарларын, транспорт
каражаттарын; малын жана башка мүлкүн өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Эки тараптуу өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин
адамдарын, жүктөрүн, товарларын, транспорт каражаттарын, малын жана
башка мүлкүњ өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин
адамдарын өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарынын ишинин тартиби Тараптардын
мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун ортосундагы
макулдашуу боюнча белгиленет.
2-статья
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу бараткан адамдарды
өткөрүү ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн өткөрмө
пункттарында анык документтер боюнча 2000-жылдын 2-июлунда Ташкент
шаарында кол коюлган Жарандардын өз ара жол жүрүүлөрү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Макулдашууда жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан
Республикасы катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерде
каралган шарттарда жүзөгө ашырылат.
3-статья
Өткөрмө пункттарынын иши (иштөө режими) ушул Макулдашуунун
Тиркемесине ылайык Тараптардын макулдашууларына жараша жүзөгө
ашырылат.
Иштөө режимине контролдук кылуу, ошондой эле адамдарды, транспорт
каражаттарын, жүктөрдү, товарларды, малды жана башка мүлктү өткөрүү
тартиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун
макулдашуусу боюнча белгиленет.
4-статья
Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жана
башка мүлктү контролдоонун чегаралык, бажылык жана башка түрлөрү
(мындан ары - контроль деп аталат) Тараптардын улуттук мыйзамдарына
жана алар катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге ылайык
өткөрмө пунктарда жүзөгө ашырылат.
Зарылчылык болгон учурда Тараптар биргелешип контролдоо үчүн
шарттарды түзөт. Бигелешкен контролдукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу
тартиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун
ортосундагы өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат.
5-статья
Өткөрмө пункттарынын ойдогудай ишин камсыз кылуу үчүн Тараптардын
ар бири өз мамлекетинин аймагында зарыл инфраструктураны түзөт.
Эгерде өткөрмө пунктта биргелешкен контролдоону жүргүзүү
мүмкүнчүлүгү каралса, өткөрмө пункттарын долбоорлоо жана куруу өз ара
макулдук боюнча жүзөгө ашырылат.
6-статья
Жањы өткөрмө пункттарды ачууну, азыркыларын жабууну (анын ичинде
жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарды ачууну жана жабууну) же алардын
статусун жана иштөө режимин өзгөртүүнү Тараптар дипломатиялык каналдар
боюнча макулдашат жана алар атайын протокол менен таризделет, ал ушул
Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Төмендөгү эки тараптуу кызматташтыктын макулдашуусунун аткарылышы
эки мамлекеттин компетенттүү органдары аркылуу бекитилет:
Кыргыз Республикасы тарабынан - Кыргыз Республикасынын Чегара
кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Кирешелер боюнча комитеттин Бажы департамент кызматы;
Өзбекстан Республикасынан - Өзбекстан Республикасынын Улуттук
коопсуздук кызматынын Чегара коргоо комитети жана Өзбекстан
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.
7-статья
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасынын айрым участкаларында өткөрмө
пункттар аркылуу кыймылды убактылуу чектөө же токтотуу Тараптардын
мамлекеттеринин улуттук коопсуздук таламдарында, ошондой эле жаратылыш
кырсыктарынын айынан, эпидемия жана эпизоотия учурларында санитардык-
карантиндик себептер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай чектөөлөрдү киргизген Тарап чектөө аракеттеринин себептерин
жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аларды киргизүүнүн пландаштырылган
убактысына чейин 5 суткадан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар
боюнча экинчи Тарапка билдирет.
Тараптар өткөрмө пункттардын объекттерин же коммуникациялык
курулуштарды пландуу оњдоого байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттик
чегарасы аркылуу кыймылды чектөө же токтотуу жөнүндө бири-бирине
ушундай иштер башталганга чейин үч айдан кечиктирбестен маалымдайт,
мында алар аяктай турган датаны билдирет.
8-статья
Өзгөчө учурларда гана (жаратылыш кырсыктары, эпидемия, эпизоотия,
авария, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана башкалар) Тараптардын
мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволору өз ара макулдашуу
боюнча иштеп жаткан өткөрмө пункттардан тышкары жерлерде контролдоонун
белгиленген тартибин сактоо менен мамлекеттик чегара аркылуу
адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жана
башка мүлктү өткөрүүнү жүзөгө ашыра алат.
9-статья
Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык
келишимдер боюнча алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
10-статья
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилкши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс
бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул
Макулдашуунун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет.
11-статья
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагынан
талаштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды
сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечет.
12-статья
Бул Макулдашуу ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички
жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү
билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 жыл бою күчүндө болот жана, эгерде Тараптардын
бири да кезектеги беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин 6 ай мурда анын
колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу
жүзүндө билдирбесе, ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү
узартылып турат.
Макулдашуу Бишкек шаарында 2004-жылдын 24-июлунда эки нускада, ар
бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө үчүн орус тилиндеги текст
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын
Өкметү үчүн Өкмөтү үчүн
@1 Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө
пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Макулдашуунун тиркемеси
_______________________________________________________________________________
| № | Кыргыз | Кыргыз | Өзбекстан | Өзбекстан | Өткөрмө | Иштөө |
| Республикасы | Республика- | Республикасы- | Республика- | пункттары- | режими | |
| нын өткөрмө | сында жайга | нын өткөрмө | сында жайга- | нын статусу | ||
| пункттарынын | шуу орду | пункттарынын | шуу орду | |||
| аталышы | аталышы | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 1. | Кызылкыя- | Баткен | Кувсай-темир- | Фергана | эл аралык | күнү- |
| темиржол | областы, | жол | областы, | түнү | ||
| Кызылкыя ш. | Кувсай району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 2. | Достук- | Ош областы, | Дустлик-авто- | Андижан | эл аралык | күнү- |
| автожол | Карасуу | жол | областы, | түнү | ||
| району | Ходжаабад | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 3. | Карасуу- | Ош областы, | Савай-темир- | Андижан | эл аралык | күнү- |
| темиржол | Карасуу | жол | областы, | түнү | ||
| району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 4. | Бекабад-авто | Жалалабад | Ханабад-авто- | Андижан | эл аралыу | күнү- |
| жол | областы, | жол | областы, | түнү | ||
| Сузак району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 5. | Жалалабад- | Жалалабад | Ханабад- | Андижан | эл аралык | күнү- |
| темиржол | областы, | темиржол | областы, | түнү | ||
| Жалалабад ш. | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 6. | Маданият- | Жалалабад | Маданият-авто | Андижан | эл аралык | күнү- |
| автожол | областы, | жол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Пахтаабад | |||||
| району | району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 7. | Шамалдысай- | Жалалабад | Учкоргон- | Наманган | эл аралык | күнү- |
| темиржол | областы, | темиржол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Учкоргон | |||||
| району | району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 8. | Кызылкыя- | Баткен | Өзбекстан- | Фергана | эки тараптуу | күнү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | түнү | ||
| Кызылкыя ш. | Кувсай району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 9. | Карабагыш- | Ош областы, | Мингтепа- | Андижан | эки тараптуу | күндүзү |
| автожол | Араван | автожол | областы, | |||
| району | Мархамат | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 10. | Баймак- | Жалалабад | Касансай- | Наманган | эки тараптуу | күндүзү |
| автожол | областы, | автожол | областы, | |||
| Алабука | Касансай | |||||
| району | району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 11. | Сейдикум- | Жалалабад | Пушмон- | Андижан | Жөнөкөйлөтү- | күндүзү |
| автожол | областы, | автожол | областы, | лгөн өткөрмө | ||
| Базар-Коргон | Пахтаабад | пункт | ||||
| району | району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 12. | Ынтымак- | Ош областы, | Кесканер- | Андижан | эки тараптуу | күндүзү |
| автожол | Карасуу | автожол | областы | |||
| району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 13. | Сумсар- | Жалалабад | Каракурган- | Наманган | Жөнөкөйлөтү- | күндүзү |
| автожол | областы | автожол | областы, | лгөн өткөрмө | ||
| Алабука | Чуст району | пункт | ||||
| району | ||||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
| 14. | Кенсай- | Жалалабад | Учкоргон- | Наманган | эл аралык | күнү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Учкоргон | |||||
| району | району | |||||
| ___ | ____________ | ____________ | _____________ | _____________ | ____________ | ________ |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Совета Министров Кирг.ССР от 10 мая 1990 года №134 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Киргизской ССР"Постановление · 10.05.1990 · № 134
- Постановление Правительства КР от 5 сентября 2001 года №535 "О признании утратившими силу некоторых решений Совета Министров Киргизской ССР и Центрального комитета…Постановление · 05.09.2001 · № 535