# Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык тууралуу Келишим

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык тууралуу Келишим
- Актынын түрү: Договор
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17366/edition/297406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык тууралуу Келишим (23.05.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17366

---

КР 2002-жылдын 23-майындагы № 80 Мыйзамындагы чегинүү

менен ратификацияланган

Кыргыз Республикасы менен

Италия Республикасынын ортосунда

достук жана кызматташтык тууралуу

КЕЛИШИМ

Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы, мындан ары Жогорку

Макулдашып жаткан Тараптар деп аталуучу,

эки өлкө менен эки элди байланыштырып турган достукту бекемдөөнү

жана саясат, экономика жана маданият тармагында кызматташууну

терењдетүүнү каалап,

эркиндиктин, демократиянын, плюрализмдин жана адам укуктарын

урматтоонун жалпыга таанылган байлыктарынын негизинде өз карым-

катнаштарын өнүктүрүүгө умтулуп,

укукка, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө негизделген эл аралык

тартипти бекемдөөгө жардам берүүгө ниеттенип,

Евразия континентинде болуп жаткан терењ саясий жана экономикалык

өзгөрүүлөрдү көњүлгө алып,

Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнөн келип чыгуучу

милдеттенмелерге өздөрүнүн умтулгандыгын ырасташып,

Хельсинкидеги Корутунду Актынын, жањы Европа үчүн Париж

Хартиясынын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюмдун

башка документтеринин принциптүү негизги маанисин таанышып жана ушуга

байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерди ырастап,

жањы Европаны түзүүдө Европалык Союздун, НАТОнун, ЕККУнун жана

башка европалык структуралардын ролун моюнга алып,

1995-жылдын 9-февралында кол коюлган шериктик жана кызматташтык

тууралуу Макулдашууга ылайык Европа Союзу менен Кыргызстандын

тыгызыраак байланыштарын колдоо максатында,

достук, кызматташтык карым-катнаштарын өнүктүрүүгө чечкиндүү

болуп,

төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:

1-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эгемендүүлүк, тењ укуктуулук

жана адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоо принциптерине

ьшайык ишенимдин, кызматташуунун жана өз ара урматтоонун негизинде өз

карым-катнаштарын өнүктүрүшөт.

Ушул максатта Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар керек болгон

учурда ушул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу үчүн макулдашууларды

түзүшөт.

2-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар мамлекеттер аралык жаатта күч

колдонуу жана күч менен коркутууну болтурбоо тынчтык жолу менен

чечилүүгө тийиш болгон эл аралык чатактарды чечүү ыкмасы экендигин

ырасташат.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун ролун

чыњдоо, БУУнун Уставынын жоболорунун күчүн ар тараптуу сактоону жана

колдонууну камсыз кылуу, жамааттык коопсуздукка жана ар бир БУУнун

мүчө-мамлекетинин коопсуздугуна кепилдик берүү максатында биргелешип

иштешет.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар пикир келишпестиктерди тынчтык

жолу менен чечүү жана чатактарды болтурбоо үчүн Европалык структуралар

тарабынан каралган механизмдерди түзүүгө жана натыйжалуу иштетүүгө

жардамдашууга милдеттенишет.

3-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жалпы кызыкчылыкка ээ болгон

кош тараптуу жана көп тараптуу маселелер боюнча консультацияларды

өткөрүп турушат.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын Тышкы иштер министрликтери

үзгүлтүксүз карым-катнаштарды колдошот.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өздөрү мүчолөрү болгон же боло

турган эл аралык уюмдардын алкагында кызматташышат.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин

ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.

4-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Евразия континентинде

кызматташууга жана туруктуулукту жана жетиштүү коргонууну камсыз кылуу

үчүн керектүү болгон эњ төмөнкү дењгээлдеги куралданууга негизделген

коопсуздуктун жањы сапаттагы негиздерин түзүү максатында күч-

аракеттерин бириктиришет.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Европадагы жана дүйнө

жүзүндөгү коопсуздук үчүн куралсыздандыруу боюнча макулдашуулардын

маанилүү экендигин моюнга алып, куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөргө

жигердүү көмөк көрсөтүшөт. Алар Европада жана Евразия континентинде

куралсыздандыруу жана ишеним менен коопсуздукту чыњдоо боюнча жањы

макулдашууларды түзүүнү колдошот.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар тагыраак айтканда ядролук

куралдарды жайылтпоо тартибин бекемдөө жолу менен массалык жок кылуу

куралдарын жайылтууну болтурбоо максатында тийиштүү эл аралык

форумдарда макулдашып иштешет жана кадимки куралданууну өткөрүп берүү

тармагында көбүрөөк транспаренттүүлүккө жана тешперүүгө көмөк

көрсетүшөт.

5-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар региондук жана БУУнун

Уставында жана конвенцияларында каралган механизмдерди колдонуп,

укуктук мамлекет, демократия, саясий плюрализм, ошондой эле адам

укуктарын коргоо принциптерин бекемдөөгө ар тараптуу жардам беришет.

Ушул максаттарда Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Хельсинкидеги

Корутунду Актынын, жањы Европа үчүн Париж Хартиясынын жана ЕККУнун

башка документтеринин жоболорун толук урматтоонун негизинде

демократияны, коопсуздукту жана укуктук мамлекет.

6-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эки мамлекеттин жана эл аралык

шериктештиктин кызыкчылыктарын көздөп, экономика, өнөр жай, айыл

чарбасы, илим, техника жана экология тармагында кызматташууну мындан

ары өнүктүрүү максатында иштешет.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Кыргызстандагы экономикалык

реформаларды ишке ашыруу үчүн, ошондой эле кызматташуунун бар болгон

мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде региондук кызматташууну ар тараптуу

өнүктүрүү үчүн мындай кызматташуу негизги мааниге ээ экендигин моюнга

алышат.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өздөрү мүчөлөрү болгон көп

тараптуу экономикалык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүшөт.

7-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар кош тараптуу кызматташуунун

бардык чөйрөлөрүн шайкеш келтирүү жана демилгелөө, мындай

кызматташуунун жүрүшүндө келип чыгуучу олуттуу маселелерди чечүү үчүн

экономикалык жана жалпы маселелер боюнча Жумушчу Тобун жана

экономикалык жана өнөр жайлык кызматташуу жана алмашуу боюнча Жумушчу

Тобун түзүшөт.

Кыргыз жана италия тарабынан Жогорку Макулдашып жаткан

Тараптардын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү башкарган

экономикалык жана жалпы маселелер боюнча Жумушчу тобу анда талкууланып

жаткан маселелерде компетенттүү болгон Жогорку Макулдашып жаткан

Тараптардын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турат.

Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташуу жана алмашуу боюнча

Жумушчу тобун кыргыз тарабынан- Тышкы соода жана өнөр жай

министрлигинин өкүлдөрү жана италия тарабынан- Тышкы соода

министрлигинин өкүлдөрү жетектейт жана ишканалардын жана менчиктин ар

кайсы түрлөрүндөгү өнөр жай ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн турат.

8-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар экономика ишмердүүлүгүндө

колдонулуучу экономика жана укук чөйрөсүндөгү, ошондой эле айыл

чарбасы, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, изилдөөлөр жана

технологиялар тармагында кызматташуунун түрлөрүн өнүктүрүшөт. Алар

кесиптик даярдоо тармагында кызматташышат, кичи жана орто ишканаларга

көњүл бөлүп, ишкердүүлүк жана кредиттик иш-аракеттерди уюштуруу жана

башкаруу боюнча консультацияларда катышышат.

9-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар энергетика, транспорт жана

телекоммуникацмя тармагында кызматташууга артыкчылык маани беришет.

Алар гидроэнергетикага, инфраструктураларды жана тийиштүү байланыш

каражаттарын азыркы мезгилдин талаптарына ылайыкташтырууга өзгөчө

көњүл бөлүп, жогоруда аталган тармактардагы техникалык аспектилерди

чечүүдө бири-бирине жардам беришет.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар экономикалык кызматташууну

өнүктүрүү жана ири инвесторлорду тартуу үчүн электр энергиясын,

нефтини, жаратылыш газын алып келүүнүн коопсуздугунун жана

туруктуулугунун маанилүү зкендигин моюнга алып, Европалык Энергетика

Хартиясынын Келишиминин нормалары менен принциптерин эске алып,

углеводороддорду, газды жана электр энергиясын изилдөө, колдонуу жана

ташуу маселелерине өзгөчө көњүл бөлүшөт.

10-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар илим жана алдыњкы

технологиялар тармагында кызматташууга, анын ичинде техникалык, илимий

жана технологиялык кызматташуунун Европалык программаларынын алкагында

эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын кызматташуусун, өзгөчө Мурдагы

Союздун Жањы Көз каранды эмес Мамлекеттеринин (ИНТАС) окумуштууларынын

ортосундагы кызматташууга жардам берүү боюнча Эл аралык ассоциациянын

ишин жакшыртуу аркъшуу көмөк көрсөтүшөт. Италия, мүмкүн болушунча, бул

программаларда Кыргызстандын катышуусун колдойт.

11-статья

Айлана-чөйрөнү коргоонун олуттуу маселелеринин глобалдуу мүнөзүн

моюнга алып, Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар тоо системаларын, анын

ичинде Эл аралык тоо жылынын алкагында жана Жер Ортолук дењизди

экологиялык коргоого өзгөчө көњүл бөлүп, ушул тармакта кызматташууну

өнүктүрүшөт.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар аба ырайын билдирүү жана

жаратылыш же адамдын колунан жасалган кырсыктарды болтурбоо

тармагында, ошнондой эле алардын натыйжаларын жењилдетүү же жоюу

чөйрөсүндө кызматташууну күчөтүшөт.

12-статъя

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар европалык өлкөлөрдүн

ортосундагы кызматташуунун өнүгүШү башка континенттердин өлкөлөрү

менен тилектештик мамилелеринин бекемделиши менен коштолооруна

ишенишет.

13-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өз аймактарынын ичинде билим

берүү жана экинчи Өлкөнүн адабиятын, илимин, искусствосун, маданиятын

жана үрп-адаттарын жайылтуу аркылуу, ошондой эле жаштар менен алмашуу

боюнча программаларды ишке ашыруу жолу менен эки Өлкөнүн ортосундагы

маданий алмашууларга жардам берүүнү макулдашышты.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар биргелешкен изилдөөлөрдү,

эксперттер, техникалык миссиялар жана илимий документациялар менен

алмашууларды, семинарларды жана илимий кењешмелерди өткөрүү, ошондой

эле билим берүүчү курстарды уюштуруу жолу менен илимий жана техникалык

кызматташууну өнүктүрүү жана илимий тармактар боюнча тажрыйба

жогорулатуу, маданий мурасты коргоо, сактоо жана калыбына келтирүү

үчүн чараларды өткөрүү боюнча өз ара кызыгууларын таанышат.

Жогоруда аталган тармактарда кош тараптуу кызматташууну

жењилдетүү үчүн Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жакын арада

маданий, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча рамкалык

макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат.

14-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар илимий-техникалык кызматташуу

тармагыкда биргелешкен иш-аракетти өнүктүрүүгө бири-биринин кызыгуусун

таанышат жана ушул максаттарда алар өнүктүрүү жана билим берүү,

эксперттер жана техникалык миссиялар, маалыматтар, документтер жана

аларды жайылтуунун тийиштүү каражаттары менен алмашуу боюнча

программаларды, биргелешкен изилдөөлөрдү ишке ашырууга көмөк

көрсөтүшөт.

15-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар укуктук маселелер боюнча жана

консулдук мамилелер тармагында, ошондой эле мезгилдик

консультацияларды өткөрүү жолу менен кызматташууну өнүктүрүшөт. Апар

өз ара негизде, мүмкүн болушунча, расмий, ишкер, маданий, туристтик

жана өз алдынча баруулар үчүн экинчи Тараптын граждандарына кирүү

визаларын беруүгө ниеттенишет.

16-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар уюштурулган кылмыштуулуктун,

бањгилик заттарды мыйзамсыз айлантуунун жана бардык түрдөгү

контрабанданын алдын алууда жана алар менен күрөшүүдө кызматташышат.

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жогоруда аталган тармактарда атайын

макулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышат.

17-статья

Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын ушул Келишимдин чегинде

кабыл алган келишкендиктери Европалык Союздун жана анын

институттарынын алкагында ар бир Тараптын өзүнө алган милдеттенмелерин

эске алат.

Ушул Келишимдин жоболору Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын

мурда түзгөн кош тараптуу жана көп тараптуу келишимдеринен жана

макулдашууларынан келип чыгуучу милдеттерди эч качан козгобойт.

Ушул Келишим кандайдыр-бир үчүнчү өлкөгө зыян келтирүүгө

ниеттелбейт.

18-статья

Ушул Келишим ар бир Жогорку Макулдашып жаткан Тараптын

конституциялык процедураларына ылайык ратификацияланат жана

ратификациялоо грамоталары менен алмашкан мөөнөттөн тартып күчүнө

кирет.

Ушул Келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясына

ылайык БУУнун Генералдык Катчьшыгында катталууга тийиш.

19-статья

Ушул Келишим он беш жылдык мөөнөткө түзүлдү.

Эгерде Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын бири дагы тийиштүү

мөөнөт бүткөнгө чейин бир жьшдан кеч эмес Келишимди денонсирлөө

тууралуу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү

жолу менен кабарлабаса, анын аракети өзүнөн-өзү кийинки беш жьшдык

мөөнөттөргө узартылат.

Рим шаарында 1999-жылдын 3-мартында эки нускада, ар бири кыргыз

жана италия тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тењ бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасы Италия Республикасы

үчүн үчүн

ПРОТОКОЛ

2004-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында Кыргьв Республикасынын

Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республпкасынын Тышкы иштер министри

Аскар Чынгызович Айтматов мьгрза менен Италия Республикасынын Кыргыз

Республикасындагы Элчпси Дмего Лоренцо Лонго мырза Рим шаарында 1999-

жылдын 3-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия

Республикасынын ортосунда достук жана кьоматгаштык жөнүндө Келишммди

Ратификациялоо жөнүндө грамоталар менен -алардын толук тартипте жана

тийиштүү формада түзүлгондүгүн аныкташып- алмашууну жүргүзүштү.

18-статьяга ьшайык Келишим Ратификациялоо жөнүндө грамоталар

менен алмашкан күнү, башкача айтканда 2004-жылдын 8-июнунда күчүнө

кирет.

Муну күболондүрүш үчүн ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз,

мталия жана орус тилдеринде түзүлдү, аларга Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министри жана Италия Республикасынын Кыргыз

Республикасындагы Элчиси кол коюшту.

Кыргыз Республикасы үчүн Италия Республикасы үчүн

Кыргыз Республикасынын Италия Республикасынын

Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасындагы

Аскар Чынгызович Айтматов Элчиси Диего Лоренцо Лонго

ПРОТОКОЛ

В день 8 июня 2004 г., в г. Бишкек. в Министерстве Иностранных

Дел Кыргызской Республики, г-н Айтматов Аскар Чингизович, Министр

Иностранных Дел Кыргызской Республики, и г-н Диего Лоренцо Лонго,

Посол Итальянской Республики в Кыргызской Республике, произвели обмен

Грамотами о ратификации - установив, что они составлены в полном

порядке и должной форме - Договора о дружбе и сотрудничестве между

Кыргызской Республикой и Итальянской Республикой, подписанного в Риме

3 марта 1999 года.

В соответствии со статьей 18. Договор вступил в силу в день

обмена Грамотами о ратификации, то есть 8 июня 2004 года.

В удостоверении чего составлен настоящий Протокол в двух

оригиналах. каждый на кыргызском, итальянском и русском языках,

подписанных Министром Иностранных Дел Кыргызской Республики и Послом

Итальянской Республики в Кыргызской Республике.

За Кыргызскую Республику За Итальянскую Республику

Айтматов Аскар Чингизович Диего Лоренцо Лонго

Министр Иностранных Дел Посол Итальянской Республики

Кыргызской Республики в Кыргызской Республике
