# Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 6-июнундагы ПБ № 28-рп (Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны 300 бирдикке көбөйтүлсүн) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 6-июнундагы ПБ № 28-рп (Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны 300 бирдикке көбөйтүлсүн) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 28-рп
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3200/edition/512972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 6-июнундагы ПБ № 28-рп (Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны 300 бирдикке көбөйтүлсүн) буйругу (12.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 6-июнундагы ПБ № 28-рп Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы № 39 «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө» Декретин жетекчиликке алып:

1.Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны 300 бирдикке көбөйтүлсүн.

2.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн штаттык бирдиктерди Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берсин.

3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны көбөйгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн зарыл ассигнованиени караштырсын.

4.Бул тескеминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
