# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-августундагы №123 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-августундагы №123 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1648/edition/284942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-августундагы №123 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (06.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1721

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-августу № 123

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1721/st-1)

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме, № 1, август, 1992-ж.)

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүтүндөй тексти боюнча "Кыргызстан Республикасы" жана

"Кыргызстан Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамкомитети" де-

ген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республи-

касы" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 12-статьяда:

жетинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасы-

нын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасыыын Өкмөтү бе-

киткен тизмеге ылайык климаттык шарттары оор жерлерге аскердик кызмат

өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген офицердик

курамдын адамдары, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат

өтөгөн аскер кызматчылары жана аскер кызматындагы аялдар үчүн алар ээ-

леген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обо-

чолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тыш-

кары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот".;

онунчу жана он биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак

үй (квартира) курган (сатып алган) жана башка турак үйү "Турак жай-ку-

рулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира)

курган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кыз-

матчылары жењилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу.

Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы

төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алуу-

га финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын

төлөөдө он беш календардык жыл аралыгында кынтыксыз жана үзгүлтүксүз

аскер кызматын өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, жыйырма календардык

жыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө бекер финансылык

жардам көрсөтүлөт.".

3. 13-статьянын жетинчи бөлүгү "үй-бүлөлүк абалы" деген сөздөрдөн

кийин, "өз каалоосу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жакшы окуган офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге, мич-

мандарга, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана жа-

рандык окуу жайында алган адистиктерине, кесиптик профилине (аскердик

кесибине) ылайык келген учурларда мамлекет аскердик кызматын

өтөгөндөргө окуганы үчүн акы төлөө боюнча үзгүлтүксүз беш календардык

жылдын аралыгында - 25 пайыз, он жыл жана андан ашуун болсо - 50 пайыз

өлчөмүндө компенсациялоону камсыз кылат.".

5. 15-статьянын экинчи бөлүгү "өз өтүнүчү боюнча," деген сөздөрдөн

кийин "кызматка дал келбегендиги боюнча" деген сөздөр менен толуктал-

сын.

6. 21-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толуктал-

сын:

"Аскер кызматчысын кызмат боюнча башка регионго которгондо жерги-

ликтүү бийлик органдары аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча анын

үй-бүлө мүчөлөрүнө адистиги боюнча ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1721/st-2)

Ушул Мыйзам 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик

укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев

2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган
