# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августандагы № 121 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августандагы № 121 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1719>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1646/edition/284940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1719.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августандагы № 121 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы (05.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1719

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2005-жылдын 5-августу № 121

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1719/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 238-статьяда:

биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 239-статьянын экинчи абзацындагы "бештен жети өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 242-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына" деген сөздөрдөн мурда "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 508-статьяда:

"230" деген сан "230-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "241, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр "241-статьянын биринчи бөлүгүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 510-статьядагы "242-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 511-статьянын жетинчи абзацындагы "241-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр "241-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1719/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

К.Бакиев

2005-жылдын 28-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

ф
