# КР Президентинин 2010-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 101 (Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 101 (Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3169/edition/512906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 101 (Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо) буйругу (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17184

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 2-апрели ПБ № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 9-апрелине дайындалсын.

2. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын инспектору Салиев Нурлан Абдылдаевич дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кызыл-Кыя шаардык кеңеши менен бирдикте Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
