# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августундагы №120 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августундагы №120 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1645/edition/284939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августундагы №120 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (05.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1718

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 5-августу № 120

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү

киргизүү тууралу

2005-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1718/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.)

төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү,

мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурун-

да юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү жыл

үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик адми-

нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

өкүлдөрү менен Социалдык фонддун органдары тиешелүү түрдө комиссиялап

бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1718/st-2)

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1718/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
