Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 5-августу № 120
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
киргизүү тууралу
2005-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.)
төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү,
мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурун-
да юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү жыл
үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
өкүлдөрү менен Социалдык фонддун органдары тиешелүү түрдө комиссиялап
бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Инструкция о порядке регистрации плательщиков, уплаты и учета страховых взносов по обязательному государственному социальному страхованию" (утверждена постановлением Соцфонда КР…Инструкция · 17.03.2006 · № 35 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8