1-статья
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 265-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга
мамлекеттик контроль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү йоддун жетишсиздигинен болуучу оору-
лардын алдын алууга мамлекеттик контроль жагында:
- максаттуу программаларды иштеп чыгат жана аларды каржылайт, йод-
дун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну камсыз кылуу жагын-
да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтөт;
- йоддоштурулган туздун сапатына, йоддун жетишсиздигинен болуучу
оорулардын алдын алууга мамлекеттик жана жарандык контролду жүзөгө ашы-
руу үчүн материалдык-техникалык камсыз кылууну уюштурат;
- йоддоштурулган тузду өндүрүүнү өнүктүрүүгө инвестицияларды тар-
тууну камсыз кылат;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эпидемиясын жоюу үчүн
материалдык резервдер түзөт;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга катышкан
мамлекеттик органдардын ишине контролдукту жүзөгө ашырат.
Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар менен ооругандыгы-
нын абалына мамлекеттик контроль, ошондой эле йоддоштурулган тузду кол-
донууда калктын ооруп калуу тобокелинин даражасына баа берүү Кыргыз
Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Тамак-аш тузун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө мамле-
кеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашыры-
шат.".
2. 5-статьяда:
статьянын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын;
биринчи бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын;
- бөлүктүн бешинчи абзацындагы "ишке ашыруу" деген сөздөрдөн кийин
(;) тыныш белгиси коюлуп, "кирет" деген сөз алып салынсын жана абзац
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
" - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адам-
дарга өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнү камсыз кылуу кирет;";
- алтынчы абзац жетинчи абзац деп эсептелсин;
экинчи бөлүк алып салынсын.
3. 9-статьяда:
статья "кайра йоддоштуруу" деген сөздөрдөн кийин ", сактоо" деген
сөз менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен то-
лукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында сатып өткөрүү үчүн арналган ба-
ардык йоддоштурулган туз милдеттүү санитардык-гигиеникалык экспертизага
алынууга тийиш.
Туз продуктусунун сапаты жана сыноолордун протоколу жөнүндө экс-
порттоочу өлкөнүн коштоочу документтерисиз тамак-аш зарылдыгы үчүн туз-
ду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жол берилбейт. Алынып
келинген туздун экспертизасынын натыйжаларын таануунун тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4. 10-статья "аныкталышат" деген сөздөн кийин "улуттук стандарт-
тар, технологиялык нускамалар, ыйгарым укук берилген" деген сөздөр ме-
нен толукталсын.
5. 12-статьяда:
биринчи бөлүк "өндүрүш" деген сөздөн кийин "жөнөтүүгө" деген сөз
менен толукталсын;
үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жарандагы ыйгарым укук-
туу мамлекеттик органы белгилеген йоддоштурулган тузду сактоонун
мөөнөтү аяктагандан кийин, жер-жерлерде (базарлардын, соода уюмдарынын,
түйүндөрүнүн, дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери тарабынан) менчигинин түрүнө
карабастан тамак-аш тузун алып келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, сакто-
ону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын
өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен туз өнөржайлык кайра иштетилүүгө жана
йоддоштурулууга тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатуу-
га жол берилбейт. Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун саткан жактар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.".
6. 16-статья "келбеген" деген сөздөн кийин "улуттук" деген сөз ме-
нен толукталсын.
7. 17-статьянын биринчи бөлүгү "өндүрүүчүлөр" жана "жабыр тарткан-
дарга" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", жөнөтүүчүлөр" жа-
на "адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1711/st-1" title="1-статья - "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>