# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июлундагы, №113 ""Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июлундагы, №113 ""Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1639/edition/284932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июлундагы, №113 ""Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1711

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июлу N 113

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын

алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизүү тууралу

2005-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1711/st-1)

"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 265-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга

мамлекеттик контроль

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү йоддун жетишсиздигинен болуучу оору-

лардын алдын алууга мамлекеттик контроль жагында:

- максаттуу программаларды иштеп чыгат жана аларды каржылайт, йод-

дун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну камсыз кылуу жагын-

да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтөт;

- йоддоштурулган туздун сапатына, йоддун жетишсиздигинен болуучу

оорулардын алдын алууга мамлекеттик жана жарандык контролду жүзөгө ашы-

руу үчүн материалдык-техникалык камсыз кылууну уюштурат;

- йоддоштурулган тузду өндүрүүнү өнүктүрүүгө инвестицияларды тар-

тууну камсыз кылат;

- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эпидемиясын жоюу үчүн

материалдык резервдер түзөт;

- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга катышкан

мамлекеттик органдардын ишине контролдукту жүзөгө ашырат.

Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар менен ооругандыгы-

нын абалына мамлекеттик контроль, ошондой эле йоддоштурулган тузду кол-

донууда калктын ооруп калуу тобокелинин даражасына баа берүү Кыргыз

Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Тамак-аш тузун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө мамле-

кеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашыры-

шат.".

2. 5-статьяда:

статьянын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын;

биринчи бөлүктө:

- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын;

- бөлүктүн бешинчи абзацындагы "ишке ашыруу" деген сөздөрдөн кийин

(;) тыныш белгиси коюлуп, "кирет" деген сөз алып салынсын жана абзац

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

" - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адам-

дарга өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам

көрсөтүүнү камсыз кылуу кирет;";

- алтынчы абзац жетинчи абзац деп эсептелсин;

экинчи бөлүк алып салынсын.

3. 9-статьяда:

статья "кайра йоддоштуруу" деген сөздөрдөн кийин ", сактоо" деген

сөз менен толукталсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен то-

лукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында сатып өткөрүү үчүн арналган ба-

ардык йоддоштурулган туз милдеттүү санитардык-гигиеникалык экспертизага

алынууга тийиш.

Туз продуктусунун сапаты жана сыноолордун протоколу жөнүндө экс-

порттоочу өлкөнүн коштоочу документтерисиз тамак-аш зарылдыгы үчүн туз-

ду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жол берилбейт. Алынып

келинген туздун экспертизасынын натыйжаларын таануунун тартиби Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

4. 10-статья "аныкталышат" деген сөздөн кийин "улуттук стандарт-

тар, технологиялык нускамалар, ыйгарым укук берилген" деген сөздөр ме-

нен толукталсын.

5. 12-статьяда:

биринчи бөлүк "өндүрүш" деген сөздөн кийин "жөнөтүүгө" деген сөз

менен толукталсын;

үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жарандагы ыйгарым укук-

туу мамлекеттик органы белгилеген йоддоштурулган тузду сактоонун

мөөнөтү аяктагандан кийин, жер-жерлерде (базарлардын, соода уюмдарынын,

түйүндөрүнүн, дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери тарабынан) менчигинин түрүнө

карабастан тамак-аш тузун алып келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, сакто-

ону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын

өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен туз өнөржайлык кайра иштетилүүгө жана

йоддоштурулууга тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатуу-

га жол берилбейт. Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун саткан жактар Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.".

6. 16-статья "келбеген" деген сөздөн кийин "улуттук" деген сөз ме-

нен толукталсын.

7. 17-статьянын биринчи бөлүгү "өндүрүүчүлөр" жана "жабыр тарткан-

дарга" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", жөнөтүүчүлөр" жа-

на "адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1711/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
