# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы №109 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзам

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы №109 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1636/edition/284929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы №109 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзам (18.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1707

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2005-жылдын 18-июлу № 109

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1707/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 514-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директору;

- областтык бириккен ооруканалардын директорлору, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоо департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы директору;

- областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери;

- шаарлардын жана областтардын карамагындагы райондордун башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1707/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

К.Бакиев

2005-жылдын 30-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
