# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын18-июлундагы №107 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кдексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын18-июлундагы №107 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кдексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1705>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1634/edition/284927/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1705.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын18-июлундагы №107 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кдексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (18.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1705

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2005-жылдын 18-июлу № 107

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1705/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 22-статьянын биринчи бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 371-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы жана аталышы "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 506-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) Мамлекеттик өрткө каршы кызматы.".

4. 539-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы инспектору жана анын орун басарлары;

- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын, областтардын, шаарлардын жана райондордун мамлекеттик улук инспекторлору;

- өрт көзөмөлү боюнча шаарлардын, райондордун жана объекттердин мамлекеттик инспекторлору.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1705/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1705/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

К.Бакиев

2005-жылдын 31-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
