# 1-статья

- Документ: [Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1702)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-июлундагы 3 104 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 57 "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1702/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1631/edition/347739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1702/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу, 1-статья (20.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1702/st-1

---

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-

ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор кир-

гизилсин:

1. 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:

"берилет" деген сөз "кошо берилет" деген сөз менен алмаштырылсын.

"Юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө" деген сөздөрдөн кийин

", юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө берилген документтердин жа-

на кабыл алуу-өткөрүү документтери сакталган архивдеги орду жөнүндө

мамлекеттик архивдин корутундусу" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 17-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы аб-

зац менен толукталсын:

" - юридикалык жакты жоюу жөнүндөгү документтерди жана кабыл

алуу-өткөрүү документтеринин актылары сакталган архивдеги орду жөнүндө

мамлекеттик архивдин корутундусу.".

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1702/st-2)
